Каректе катылган элес
06.05.2019Апалар жөнүндө көп жаздым. Депутатпы, министрби же жөнөкөй катардагы жаранбы, кимиси болсо да, апасы жөнүндө айтуудан тажашчу эмес. Бул маектешим башкалардан өзгөчөлөнүп, апасы жөнүндө айтуудан баш тартты.
— “Апаңыз жөнүндө маек бере аласызбы?”
— “Жок кызым.”
— “Аа… Эмне үчүн?”
— “Апам мен беш жашка чыкканда каза болгон.” Ортону жымжырттык ээледи. Айлам кеткенде: “Апа дегенде кандай элес көз алдыңызга тартылат?”-дедим.
— “Апамды эстегенде ак көйнөк кийген, үстүндө жарашыктуу чыптамасы бар чачын экиге өрүп артынан таштап койгон, жаш сулуу келинчек көз алдыма тартылат. Ошол элес гана өмүр бою көз алдымдан кетпей, карегимде муз болуп катып калган өңдөнөт.” (көзүнө келген жашын мага көрсөтпөөгө тырышып тескери бурулду) Андан ары аңгемесин акырын улады.
-“Негизи өлгөндүн артынан өлмөк жок. Топурак суутат деп коёт элибизде. Апам эң улуу агамдын бей ажал өлүмүнөн кийин, күйүттөн күйүп кетти. Күнү-түнү ыйы басылбай, колу бошой калса эле тун уулунун мүрзөсүнө карай бет алып, топурагы али муздай элек мүрзөнү кучактап ыйлаганын көргөндөр айтып келишчү. Атам эчен ирет барып жетелеп келди. Апам байкуш күйүттүн сазынан чыга албай жүрүп, бизди да унуткандай. Андан кийинки төртөөбүздүн бар экенибизди элес албагандай күн кечирип жүрүп, акыры агамдын артынан, жалган дүйнө менен коштошуп, чын дүйнөгө аттанып кете берди.
Жерден боорун көтөрө элек энесиз төрт жетим менен атам жесир калды. Чырпык кезинде кыйылган агам болгону он төрт жашта, ал эми апам болсо, отуздун ашын али ичелек гүл бурак кезинде кете берди. Баарыбыз жашпыз. Атамдын колун жолун карайбыз. Мен болсо беш жаштамын. Али мектеп босогосун аттай элек кезим. Эч нерсе менен ишим жок ойнок куракта болгонум менен апамдын өлүмүнөн кийин бат эле токтолуп калгандаймын. Көп нерсени түшүнө баштадым. Энеден эч кимди эрте айрыбасын экен. Төрт чиедей жаш бала менен атам өтө кыйналды. Ошол учурда атам эми гана отуздан ашыптыр. Жигит эле курагы экен да. Эми акыл токтотуп. Эр ортону элүүдөн ашкан чагымда ой жүгүртүп карап олтурсам, атам үчүн ошол кезде апамды жоготуу чоң трагедия болгон экен.
Эшикке чыгып эркек үйгө келип, аялдык милдетти аткарыштын өзү эле канча күч канча эмгекти талап кылат. Бара-бара кыстаган турмуш өзү көндүрөт дегендей үй ичиндеги жумуштарын жасоодо атама кол кабыш кыла баштадык. Биз үчүн нан жапкан күн апам бар кезде майрам болор эле. Апам ар бирибизге арнап кичинекей нан “күлчөтай” жаап берчү. Ал “күлчөтайлардын” даамдуулугун айт али күнчө даамы оозумдан кетпейт. Апамдын көзү өткөн соң, нанды ар кайсы кошуна келип жаап берип жүрдү. Бара-бара алардында турмуш-тирикчиликтен колу бошобой, нанды өзүбүздүн жакын жеңелерибиз жаап бере баштады. Башында жеңемдер үйгө келип нан жаап беришсе, кийинчерээк камырды үйгө алып барып бергиле, үйдөн жабабыз дегенге өтүштү. Эмне кылабыз айла жок. Атам байкуш камыр жууруйт. Даяр болгондо бизден көтөртүп жиберет. Үчөөбүз бир чара камырды колдошуп көтөрүп барабыз. Ошондо атам эле алып барбайбы, чоң киши болсо деген ой келчү мага. Көрсө атам байкуш апамдын өтүп кеткенине күнөөкөр сезип, камыр көтөрүп баргандан жазганчу тура.
Бизге эки жеңем кол кабыш кылчу деп башында айтпадымбы, бирөөсү
жоош момун, орундуу эле. Экинчиси албуут, оозуна келгенди оттой берген, кыялы
начарыраак болучу. Бир күнү нан жаап берүү бактысы албуут жеңеме туш келиптир.
Биз чараны көтөрүп. Даяр камырды алып, дарбазадан кирип
барсак жеңем кир жууп жатыптыр, бизди көрүп эле кабагы кирдей түштү да кыйкырды. Ии кыйраткансып, мобул үч жетим жетип келишти. Жаштайында энесин жеп коюшуп, эми мени нан жаап бер дешет. Пейли жамандар энесин жутпаганда, энеси нан жаап берет эле буларга деди. Жүрөгүм зырп этти. Эч нерсени биле элек бала болсом да, жеңемдин сөзү жүрөгүмдү миң жеринен тилди. Берки экөөнү билбейм мен кирерге тешик таппай айласы куругандай тайсалдадым. Наныбыз жабылып бүткөнчө кулагыма эч нерсе кирбеди.
Андан кийин нан жабуу кезеги албуут жеңеме келгенине карабай, көп ирет жоош жеңеме баралы деп ыйлап алып барганым эсимде. Жоош жеңем демекчи, ал жеңем чынында алтын эле. Дээринен жакшы кишиби же жетимдер деп бизди аячу беле, кыскасы жасап жаткан жумушун токтотуп, бизге нан жаап берип узатчу.
Мен мектепте окуп калган кезимде атам үйлөндү. Силерге апа ордуна апа болот дешти. Башында кубандык. Бирок апамдын ордун ким баса алмак эле… Сыздаган жүрөктүн күйүтүн ким басмак. Өгөйдүкү өөнчүл болот дегендей көп нерселери өөн учурачу. Мен экинчи апамды анча жактырбай калдым. Себеби ошол апам биздин үйгө келгенден баштап эле, төрдө илинип турчу, өз апамдын сүрөтү алынып салынды. Дайыма мен сабактан келсем. “Келдиңби уулум”- деген өңдүү, күлмүңдөгөн апамдын сүрөтү чынын айтсам мага дем күч берип тургандай эле. Дал ошол сүрөттү алып салуу менен экинчи апам мага жакпай калды. Балалык жан дүйнөмө бүлүк түшүп, жек көрүп калдым. Менде бир сезим апамдын сүрөтү ордунда туруш керек дей берчү. Күнүгө сабактан келсем, апамдын сүрөтүн алып коёт. Сабактан келип эринбестен ордуна илем. Бир күнү сүрөттү адаттагыдай илип жатсам атам келип калып, илбе деди.
— “Илем. Апамдын сүрөтү туруш керек”- дедим.
“Турбайт эми апаң жок. Ал өлгөн!” Кыйкырды. Болбой эле сүрөттү илип салдым. Атам колумдан жетелеп тамдын артына алып барып мени өлө сабады да эми илсең өлөсүн деди. Болгон стол, стулдарды сарайга чыгарып, сүрөт илчү мыктарды сууруп салды. Мен тамдын артында көпкө ыйлап олтурдум. Апамдын сүрөтүн неге алып салышат деген ой мээмди эзе берди. Бары бир илем. Апамдын сүрөтү туруш керек дедим да карындашымды ээрчитип, үйгө кирип жер төшөктөрдү чогултуп, жаңы мык менен апамдын сүрөтүн ордуна кадап койдум. Кайра сабактан келсем алынып калат, кайра кагам. Бул окуя көп жолу кайталанды. Мени менен эрегишкенден тажадыбы атам мени райондун борборундагы жатак мектепке берип салды. Мектепти жатак мектептен аяктадым.
Бара-бара эр жетип, турмушка көз карашым өзгөрүп, жаш кезимдеги кылыктарым унутулду. Кийинки апам да төрт бала төрөп, бир туугандар жакшы мамиледе болуп кеттик. Мектепти аяктап. Жогорку окуу жайга тапшырдым. Ал жакты ийгиликтүү бүтүрдүм. Жакшы кесибим бар. Үйлөндүм, көңүлүм сүйгөн жубайым балдарым бар бактылуумун. Кел-келим келип, ташым өйдө кулап, жакшы жумушта иштеп калдым. Көп кишилерге сөзүм өтүп аброй күттүм. Жайкы каникулга эс алуу үчүн, кичи мекениме бардым. Айылдаштарым, туугандарым жакшы тосуп алышты. Баягы жетим бала деп мурдун чүйрүгөндөр, тууган болуп бут кийимимди түздөөгө даяр. Тобоо, ичимден таң калып олтурдум. Астыга тамак тартылып, жакшы каалоо тилектер айтыла баштаганда менин бала кездеги чорт кыял жеңем сөз алды. Мени өлө мактады. Апамды ал гана эмес атамды да мактап, жада калса бизге кол кабыш кылып нан жаап берип жүргөнүн кыстара кетти. Ошол нан жаап берген жерин айтканда, жүрөгүм бала кезимдегидей зырп этти. Бир заматта бала чагым көз алдымдан өтө түштү.
Жумуш өргөөм аяктап шаарга кетүүгө кам уруп жатсак, урушчаак жеңем бизди конокко чакырды барбай коюну эп көрбөдүм. Бала- чака келинчегимди алып бардым. Тасмалды жакшы салып, аябай коноктоду. Бул коноктун сый урматтын артында бир нерсе жатканын жаздемдебей сезип турдум. Коштошордо жеңем колумду бек кысып: — “Урматбекти(баласы) карап жүр. Жумуштан чыгып калыптыр. Силер бир тукумсуңар” -деди. Макул жеңе баары ойдогудай болот деп коштоштум шаарга келип, Урматбекти жакшы жумушка орноштуруп, жеңемден өч алмак болдум. “Таш менен урганды, аш менен ур дегендей” же болбосо “Жетим жетилет” дегендей колумдан иш келгенде тескери караган ага тууганга көрүнүп койдум. Урматбек жакшы жерде иштейт. Менин артым менен.
Эми сөз соңунда айтарым өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет экен го чиркин. Мени өкүндүрүп өксүткөнү эле апам гүл бурак кезинде кеткени. Азырга чейин жашап, биздин жакшылыкты көрсө болмок деген жүрөктө айыккыс арманым бар деп сөзүн аяктады.
Маектешим менен коштошуп сыртка чыктым, тыйылбаган жашымды улам аарчып кетип баратам.