Кара чачтуу айымга кандай түс жарашат?
16.10.2019Түстү туура тандоо аркылуу сымбаттуу болуп жаш көрүнүүгө жетишүү толук мүмкүн. Андай болсо мода дүйнөсүндөгүлөр кара чачтуу айымга кандай түс көрк берерин жарыя кылышты.
Горчицанын өңүндөй
Жашыллл түстүн тобуна кирүүчү бул оттенок адамга энергия берет, сергек кылат жана кийип жүргөн адамдын, айланасындагылардын да маанайын жакшыртат. Кара тору же күнгө тотуккандай кара терилүү айымдар ыңгайсызданбастан горчица өңдөгү пальто, пиджак, чыптама кийсе жарашат, ал эми бети тунук болгондор юбка же шымды ушул тондо тандаганы жакшы. Жашыл, каймак өң же боз менен айкалыштырса уят болушпайт.
Миндалдын өңүндөй
Бул түстү тандаганда башка оттеноктор менен айкалышын кошо туура тандоо кажет. Мисалы, миндалдын өңү бирюза, ак жана кызгылт-көгүш (лиловый) менен жакшы тандем боло алат. Мындай өңдө кийинүүнүн артыкчылыгы адамды тынчтандырат жана элеганттуу көрсөтөт.
Коралл
Адатта коралл менен карамель жана каймактай оттенок, ак айкалышканда кыялкеч жана сезимтал адамдын образын жаратат.
Каныккан ачык көк
Мүнөздөмө боюнча, бул түстү көбүнчө амбициясы күчтүү, чечкиндүү жана ишенимдүү адамдар тандашат. Мындай түстө кийинген айым күчтүү жана жаш көрүнөт. Каныккан ачык көк түс ак, кызыл, сары менен айкалышат.
Сания Уланбекова
Булак: Bulut.kg