Карантин май айынын ортосуна чейин узарабы?..
20.04.2020Бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
– Карантинди майдын ортосуна чейин узартуу зарылчылыгы жаралган жокпу?
– Бул тууралуу айтуу али эрте. Мунун баары бүгүнкү күндө биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан эпидемиологиялык процесстен көз каранды. Кандай болбосун, алдын-ала божомолдонгон оорунун чокусу пайда болгондо, биз бул жөнүндө айта алабыз.
Булак: KyrgyzToday.kg