Карамушкина эмнеге нааразы?

Карамушкина эмнеге нааразы?

20.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

«Жогорку сотко, судьяларга эмне болду? Алар эмнеге кайра даттанууга жатпай турган чечимге даттанып жатат?» — деп Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында собол салды.

Карамушкина кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүм прокурордун сунуштамасы менен артка кайтарылганына нааразы болду.

«Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Урматтуу төрага, мындай башаламандыкты токтотуңуз. Эмнеге бир жылдан кийин Жогорку сот өзүнүн өкүмүн четке кагат. Экс-президент Атамбаевден коркуп жатасыздарбы? Эгер Жогорку сот мыйзамдуу чечим деп эсептесе, эмнеге сот ачык өткөн жок. Эмне үчүн жабык эшик артында чечим кабыл алышты?» — деди Карамушкина.

Айта кетсек, Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү былтыр 30-ноябрда жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөткөн болчу. Ага дейре Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Кызыгы 12-ноябрда Жогорку сот Атамбаевди эркинен ажыратуу боюнча мурдагы чечимин кайра калыбына келтирип койгон.