Кан басымы жогору болгондор кандай тамактанышы керек?

Кан басымы жогору болгондор кандай тамактанышы керек?

09.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кан басымы жогору болгондор эң алгач эле туура тамактанууга көңүл бурушу керек. Ага утурлай кан басымды жогорулатуучу азыктарды колдонуудан оолак болуп, кыймыл-аракетте болуп, көнүгүү жасап, суу көп ичүүлөрү керек.

Кан басымды түшүрүүгө пияз менен сарымсактын пайдасы зор. Ал эми кан басымды көтөрүүгө түрткү кылган майлуу тамак-аштар, майга кызартылып куурулган тамактар, камырдан жасалган таттуулар жана эт азыктары болуп саналат.

Өзгөчө шоколад, газдалган суусундуктар, маргарин жана ашыкча чай колдонуу дагы кан басымды көтөрүп жиберет.

Адистердин айтымында, кызыл эттин ордуна балык азыктарын колдонуу алда канча пайдалуу жана жеңил келе тургандыгын эскертет.

Булак:zaman.kg