Канадада ок атуудан кеминде 17 киши өлдү

Канадада ок атуудан кеминде 17 киши өлдү

20.04.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Канаданын Жаңы Шотландия провинциясында полиция формасын кийген адамдын ок атуусунан кеминде 17 киши каза болду. Өлгөндөрдүн арасында полиция кызматкери да бар.

Кол салууга 51 жаштагы Гэбриел Уортман шектелүүдө. Канада полициясынын башчысы Бренда Луцки азырынча окуя теракт катары каралбаганын, укук коргоо органдары трагедиянын себебин иликтеп жатышканын билдирди.

Алгачкы кол салуу ишемби күнү Портапик атту анча чоң эмес шаарда болгон. Ал жактагы үйлөрдүн биринин жанынан жана ичинен бир нече адамдын сөөгү табылган. Мындан тышкары шаардагы бир катар үйлөр өрттөлгөн.

Полиция кол салган адамды 12 саат бою аңдып жүрүп, акыры атып өлтүрдү.

Бул Канаданын тарыхындагы эң көп кишинин өмүрүн алган кол салуу болуп калды.

Буга чейинки чуулгандуу кол салуу 1989-жылы Квебек аймагында болгон. Монреаль университетинин имаратына кирип барган адам 14 аялды атып өлтүргөн.