Камчыбек Ташиев: ”Ээнбаштык” беренеси менен соттолгон эмесмин!

Камчыбек Ташиев: ”Ээнбаштык” беренеси менен соттолгон эмесмин!

15.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

“Республика-Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Динара Турдугулова тууралуу өзүнүн постун бөлүштү.

“Бул Динара деген карындашым түшүнбөйт окшойт, кайта-кайта эле «ээнбаштык» беренеси менен 1,6 жылга соттолгон деп туура эмес маалыматты таратып жүрөсүң, ай карындашым юридикалык терминди, статьяларды түшүнбөсөң эмне кыласын өзүңдү-өзүң кыйнап заказдуу статьяларды окшоштуруп жазууга аракет кылып, дагын бир жолу сен үчүн айтайын, биз сен айткан «ээнбаштык» статьясы менен соттолгон эмеспиз, бизди 295-статьянын негизинде «мамлекетти күч менен басып алууга жасалган аракет» эң азы 10 жылдан жогору мөөнөт болгон, бирок болгону 1 жыл 5 ай гана берилген, себеби эч кандай далилдер болгон эмес, ал эми акталуу боюнча, буюруса ал күн да келип калаар,эч кыжаалат боло көрбө карындашым, чындык бирөө гана, экөө болбойт!”,-деп жазды саясатчы.

Булак:barometr.kg