Калдарбек Бахтахунов, уролог-хирург: «Сүйүү бар үчүн жашоо уланат»
11.05.2019— Агай, адегенде кол жеткис балалыкка кайрылуу менен маекти баштасак?..
— Жакшы болот. Балалык, кайталангыс, кайрып алгыс күндөрүм боз чаңгыл топуракка аралашып, Сузак районунун, Беш-Бала деген айылында өттү. Айылымдагы турмуш-тирикчиликке жуурулушуп чоңойдум. Жети бир туугандын ортончусумун. Атам кышкысын «Дружба» совхозунда токарь болуп эмгектенчү. Ал эми аптаптуу жай келип, талааларда эгин бышкандан баштап, комбайын айдап, кырманга кызылды толтуруп, эмгектин артында болор эле. Жетинчи классымдан баштап атама жардам берип комбайнердин жардамчысы болуп иштедим. Атам экөөбүздүн сүрөтүбүз алдынкы комбайнерлер деген ат менен «пропогандист и агитатор»деген журналдын биринчи бетине чыкканбыз. Журналга чыгуу мен үчүн жакшы эмгектенүүгө шык бергени эсимде. Апам болсо, совхоздо иштебей, бизди тарбиялады. Мектептен колубуз бошогондо тамеки тизип, пахта терип, эмгектен бошой алчу эмеспиз.
— Анда бала күндө оюн-күлкүдөн алыс болсоңуз керек?
— Бала кезде, оюн күлкүдөн алыс болдум деп айткандан алысмын. Ойноп оюнга тойбогон учур ата- энем, айрыкча атам, бизди эмгекке бышырып тарбиялады. Ар нерсенин өз орду, өз жолу болушун талап кылаар эле.
— Адам өмүрүнүн сакчысында алгачкы арзуу, болгонбу?
— Алгачкы арзуу ар бир эле адамзатка берилсе керек деп ойлойм. Менин башыма деле башка жаштардай мектеп курагымда келген. Негизи мен мектепте жакшы окудум, мектепти аяктаганча эле класском болчумун. Өзүм менен бир класста окуган кызды аябай жакшы көрүп калдым. Бирок ал кездеги советтик идеологияга сугарылган биз үчүн, кызга ачык сөз айтып, сүйүүңдү билдирүү уят көрүнүш болчу. Сыртымдан сыр берип, айта албаганым менен ал кызды көргөндө жүзүм албырып, көңүлүм көтөрүлүп, кыялдарым алда кайда алып учар эле. Жаштыктын демиби, же алгачкы арзуу дейбизби, сезимим сыртка чыкпай, дос балдарым гана ал кызды жактыраарымды билген бойдон калды.
— Ал кыз сезбедиби?
— Сезсе сезгендир, мага айтмак беле. Ошентип, алгачкы сезимиме от жагып, жүрөгүмө кол салган классташ кызым азыр очор-бачар үй-бүлөлүү.
— Негизи сүйүү чынында эле барбы, же адамдар кыял менен жасап алган жомокпу?
— Сүйүү сезими бар. Бирок, аны ар бир пенде эле терең түшүнө албайт өңдөнөт. Сүйүү бар үчүн, жакшынакай ырлар жазылып, дастандар айтылып, келе жатканын кантип жашыра алабыз. Сүйүү бар үчүн жашоо уланат да.
— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Үй-бүлөм бар. Жети уул, бир кыздын бактылуу атасымын, беш неберенин сүймөнчүктүү чоң атасы болдум. Жашоо эл катары өтүп жатат. Өмүр дөңгөлөгү бир ордунда турбай чимириле берет тура. Мына билинбей эле эл ортону элүү жашты артка таштадык.
— Мекенди коргоп, жигиттик милдетиңизди өтөдүңүз беле?
— Биздин доордун жаштары, мекенди коргобогон эркекти эркек деп эсептебеген, учур эле. Мен да башка замандаштарымдан кем калбай, студент экениме карабай армияга аттангам. Коңшулаш казак республикасындагы Сары-Өзөн деген жеринде жайгашкан танктык, батальондо кызмат өтөдүм. Мектепти аяктаган соң ФМУда билим алып жатып, армияга аттанган үчүн жоокерлердин фельдшери болуп эмгектендим.
— Кокустан кечиккен махабатка кабылсаңыз кандай жол тутмаксыз?
— Эми эр ортону элүүдөн ашып, «Уулум урумга, кызым кырымга жетип калган кезде кечиккен махабатка кабылдым эле» деп желбектеп, жүгүрүү акылга сыйбаган иш.
— Негизи эр ортону элүү жаш эркек үчүн, толуп турган кез деп коюшат тура?..
— Толуп турат десе эле, сүйүүдөн күчүн чыгарыш же кечиккен махабатка жооп айтыш керек деп түшүнгөн туура эмес. Эркек элүү жаштан ашканда каны коюлуп, ар нерсеге акыл токтотуп, үй-бүлө шаарын бекемдөөгө тырышып калган кез болот экен.
— Кызганычка көз карашыңыз?
— Кызганыч эми бул табийгый нерсе да. Эч нерсени түшүнбөгөн макулук деле кызганат го. Ага караганда биз сезим жөндөмүбүз бар адамбыз. Сезим бар жерде кызганыч сөзсүз болот.
— Кокус сизди жаш кыз сүйүп калып, сүйүүсүн, билдирсе кантип жооп айтмаксыз?
— Жаш кыз мени жөн эле билбей туруп сүйүп калышы бул опурталдуу көрүнүш. Сыртыман сүйүп калгандай мен же солкулдаган жигит болбосом дегендей. Эми чындап сүйүүсүн билдирсе анда түшүндүрүп айтмакмын. Келчекте сөзсүз чоң сүйүүгө кабыларын түшүндүрмөкмүн.
— Азыркы учурда көпчүлүк кыз-келиндер, жолдошу жок төрөп алышты «модага» айлантып алышкан, сизден деле төрөп алайын деп кайрылгандар болгонбу?
— Эми турмуш болгон соң өйдө- ылдыйы менен кызык тура. Кээ бир кыздар жашында “карьера” деп жүрө берип, билинбей күлгүн курагын өткөрүп жибергенин сезбей калышат да, анан өзү үчүн эле бала төрөп алгылары келет. Ал эми кээ бир келин-кесектер болсо турмуштан жолу болбой, күйөөдөн көңүлү көк таштай калып, анан “жашым өтүп баратат” деп атасыз деле төрөп алууга бел байлашат. Чынын айтыш керек андай сунуштар мага деле айтылат.
— Сиз каршы болосузбу?
— Ии, анан төрөйм дегендин баарына эле макул болсом, азыркынын Чыңгызханы болуп кетпейминби (каткырды). Эми баланы төрөткөндөн кийин анын жүгүн моюнга артып, ата катары жок дегенде он сегиз жашка чейин тарбия бериш керек да. Андан соң деле кеп-кеңеш тарбияга бала баары бир муктаж болот. Ар бир нерсенин аягын ойлонуп жасаган эле туура болор дейм.
— Жеңе деле кызганабы?
— Кызганат, анда деле мээ иштейт, жүрөк согот дегендей. Сезим бар да.
— Идиш-аяк кагышкан учурлар кездешеби?
— Кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Кагышканда кагышат бирок калдырап, эч кимге угузбай токтотобуз дегендей, үй-бүлө болгондон кийин талаш-тартыш сөзсүз болот.
— Ата-энеңизди эстегенде кайсыл сапатына токтолосуз?
— Апам эске келгенде, мээримдүү көз карашы, жаңы тандырга жапкан жыты буркураган наны, атамдын дайыма эмгекке бышкан колдору элестейт. Атамдын жаны тынбаган эмгекчилдиги мага өтүп калса керек. Жалкоолукту жактырбайм.
— Эркек киши апасына окшош аял издейт дешет ушул сөздүн чындыгы барбы?
— Бул эми закон ченемдүү көрүнүш да. Апаңа окшогон мээримдүү, жароокер болсо жаманбы? Эч ким апасын жаман дебесе керек.
— Жеңенин кайсыл сапаты сизди багынткан?
— Токтоолугу, адамгерчиликтүүлүгү.
— Сулуулукка кандай карайсыз?
— «Сулуулук дүйнөнү сактап турат» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Сулуулукка, суктанбаган ага арбалбаган жан жоктур.