Калдарбек Абдраманов,  “Негедир ошол көз ирмем өмүр бою карегимде калды”

Калдарбек Абдраманов, “Негедир ошол көз ирмем өмүр бою карегимде калды”

19.01.2022 Выкл. Автор bulut.kg

Дил маек

Калдарбек Абдраманов,  профессор, медицина илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун башчысы:            “Негедир ошол көз ирмем өмүр бою карегимде калды”

Кыргыздын маңдайына бүткөн алтын колдуу дарыгерлерибиз саналуу эле. Саналуулардын катарында Калдарбек Алишеровичтин ысмы сөзсүз айтылат. Такыр жумуштан колу бошобогон, мээнеткеч дарыгер менен түштүккө барган сапарымда түшкү тыныгуу учурунда кезигип чын дилден маектештим эле. Бирок маекти Калдарбек агайдын деңгээлинде ачып бере аламбы деп көп түйшөлдүм. Анда маекке назар салыңыздар.

  • Сиз дарыгерсиз кайсыл бир учурда оорулуунун көңүлүн оорутуп алдым деп кыжалат болуп калган учуруңуз болду беле деген суроону узатуу менен маекти баштагым келип турат.
  • Канчанчы жылдар экени так эсимде жок. Жаш кез… Жаңы иштеп жүргөн чагым болсо керек эле. Мен дарылаган таластык немец аял бар эле. Кыргызчаны так сүйлөчү. Ошол апа ооруканадан чыгар күнү мени көпкө күтүптүр. Мага жолугуп эле кат-кат рахматын айтып, батасын берип, алаканыма акча кармата калды. Мен так секирип кеттим. Коюңуз болбойт деп  кетип калдым акчасын албай. Мен кеткенден кийин да көпкө олтуруптур,  ыйлап да алган имиш. «Эмнеге албайт мен ыраазычылык катары бергим келген, же аз деп албай койдубу» деп. Кийин угуп өкүнүп калдым. Андан бери канча жылдар өтсө да, эстеп калганда карыган кишини капа кылбай эле койсом болмок деген ой дилиме келе берет.
  • Ийгиликтүү эркектин артында сөзсүз күчтүү айым турат дешет. Сиз ошол сөзгө макулсузбу…
  • Мен ал сөзгө толук кошулам. Менин келечек карьерам үчүн жубайым өзүнүн карьерасын экинчи орунга койгон. Чындыгын айтуу керек, азыркы жеткен ийгилигимде жубайымдын эмгеги зор. Жубайың туш тараптан колдоп турса, көп тоскоолдукту жеңүүгө болот.
  • Бул дүйнөдө азабыңыз менен арзууңузду кабыл алган апаңыз жөнүндө эмне айта аласыз…
  • Эне бул теңдеши жок аалам тура. Эне гана баланы тогуз ай курсагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүрө алат. Менин апам Жибек мундуз уруусунун кызы. Өтө мээнеткеч жан эле. Узун көйнөктөн этегин шалбарына кыпчытып койчу эле да. Жүзүмдүн жанында очок бар эле. Көз алдыма ошол элес тартылат, «казанды карап тургула» дечү, биз очокко от жагып берер элек, апам тамак бышырчу. Апам бир баласын бешиги менен көтөрүп, калгандарын жетелеп алып пахта тергени талаага барар эле. Пахта талаасынын четиндеги борпоң топуракты кечип, тызылдап чуркаган күндөрүм али эсимде. Апам жөнүндө канча айтсам да аз болсо керек. Ар бир инсандын апасы өзү үчүн бүтүндөй бир аалам, жазылып бүткүс дастан, көзү өтөп кетсе жүрөк сыздаткан арман болот деп түшүнөм.
  • Кайрып алгыс балалыктын бүктөмүндө калган, али күнчө көз алдыңыздан кетпеген көз ирмем барбы…
  • Ар бир адамдын өмүрүндө кызыктуу учурлар көп катталат. Чыгармачылыкка үндөгөн жакшы темалар чыгышы мүмкүн. Чамамда, агам экөөбүз 10-12 жаштарда болсок керек эле. Жайкы каникул учуру. Лагерь деген түшүнүк деле жок эле. Күн куйкалаган ысыкта уйларды көлөкөгө  айдап келип, салкын түшкөндө айдап барчубуз. Топурак кечип, түштө уй айдап баратсак коңшунун үйүнөн мурунду жарган даамдуу тамактын жыты бур-р деди. Кошуналар балдары менен сыртта тамактанып жатышкан экен. Агамды карап тоок шорпо экен ээ дедим. Ал кезге чейин түшкү тамак эмне экенин билбептирмин. Же бала болуп маани бербесем керек го. Чоң энем тирүү кезинде бизге эки маалдап тамак жасап берчү эле. Ал кишинин көзү өткөн соң түштө тамак жасалбай, мыкчымай, анан курут эзип иччүбүз. Кечинде апам келгенде кошуналар балдары менен шорпо ичип жатышыптыр. Шорпо качан жасайсыз дедим. «Тамак жасап берем ээ силерге» дегени менен көзүнөн жаш агып кеткен. Жаш болсом да ошону байкагам. Негедир ошол көз ирмем өмүр бою карегимде калды. Кийин бой жеткенде апамдан сурасам, эсимде жок деп койгон.
  • Машиненин маркасы мырзалардын статусун билдиреби…
  • Мен окуп иштеп жүрүп, машинеге кызыкканга деле убактым болгон жок да. Калп айтпасам кырк жашка чыккандабы же андан өткөндөбү жубайым машине сатып берген. Ошондон кийин гана үйрөнүп айдап калгам. Мен машинени жактырып, жубайымдан үстүн деле койбойм. Оңду солду айдаганга убактым деле жок да. Мени бардык жерге бат жеткирчү көлүк катары эле көрөм.
  • Беш кол тең эмес сыяктуу дарыгерлер арасында акча сурагандары да бар…
  • Сурооңуздун төркүнү түшүнүктүү. Менде ставка деген жок. Өзүмө баа койгон да эмесмин. Өкмөттөн айлык алам, пенсиям бар, ошол жетет. Мен бирөөгө мынча акча бер деп өмүрү айткан эмесмин. Оюма да келбейт андай нерсе. Эми биздин колдон сакайган замандаштар ыраазычылык деп көтөрүп келишет. Албай койсоң калтырып кетишет. Ар ким колунан келгенин, жүрөгүнөн чыккан нерсесин бергиси келет. Алмадан баштап көп нерсе берип жиберишет. Биздин элдин пейли кенен да. Ыраазычылык бербей, жакшы сөз айтып алкап кетсе деле көңүлүм көтөрүлүп калат. Сөзсүз бир нерсе берсе деген үмүт менде жок. Элим оорубаса, заманыбыз тынч болсо деп тилек кылам.

Булак: BULUT.KG