Кайсы жумушта иштеген адамдар көп чарчайт? Билип алыңыз
30.05.2019— Кардарлар менен иш алып баргандар (сурап-билүү агенттиктеринин кызматкерлери, жарнама менен иштешкендер, соодагерлер, официанттар жана башкалар);
— Жумуштан улам үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлгөндөр (жетекчилер, менеджерлер, командировкага көп чыккандар);
— Чыгармачыл чөйрө. Маал-маалы менен эс алып турбаса, аларда идея түгөнүп, потенциалдары төмөндөп кетет. Ушул убакта көбүнчө чарчоо, тажоо сезимдери капташы мүмкүн.
— Үй кожойкелери. Билинбегени менен алар абдан көп энергия сарпташат. Анткен менен башкалар тарабынан көрүнүктүү иш бүтүрбөгөндөй кабыл алынышат. Мындан улам стресс, депрессияга да чалдыгып калуу коркунучу бар.
Булак:barometr.kg