Кайрат Примбердиевдин жубайы кырсыкка кабылып, бет сөөгү талкаланды

Кайрат Примбердиевдин жубайы кырсыкка кабылып, бет сөөгү талкаланды

21.11.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Эльвира Примбердиеваны унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ырчы мырзанын жубайы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди:

“Эртеби-кечпи муну баары билмек, андыктан бул тууралуу өзүм биринчи жазууну туура көрдүм. Кечээ, мени унаа сүзүп кетти.

Күнөө экөөбүздөн тең кетти. Айдоочу мен күтпөгөн жерден эки тилкени кесип өткөнү үчүн. Мен болсо, туура эмес жерден өткөнүм үчүн.

Кудай сактады. Азыр ооруканадамын. Шейшембиде операция жасалат. Бет сөөгүм талкаланып кетиптир.

Өзүңүзгө сак болуңуз. Кырсык күтүлбөгөн жерден келет турбайбы”,- дейт ал өз сөзүндө.