Кайрат Кыргыз: Мен депутатыкка келсем, саясат популярдуу болот

Белгилүү эстрада ырчысы  Кайрат Кыргыз  кирпик коштуруп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Андан кийин ал партиялардан сунуш түшүп жатканын айтып,  депутаттыкка аттанаарын маалымдаган. Бул тууралуу ырчынын өзү менен маек курдук.

— Саламатсызбы, алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Саламатсыздарбы, чыгармачылыгым өз учуру менен жылып жатат.  Мурун кандай иштесем, азыр деле ошондой эле.  Жакшы көргөн ырларды жаздырып иштеп жаткан мезгилим.  Жылдан жылга иш чаралар көбөйүп, мына ошондон улам убактымды чектөөгө туура келип жатат.

— Акыркы учурларда чыгармачылыгыңызда жаңылык болбогону байкалууда, буга эмне себеп болду?

— Жаңылык болбой жатат деп айтууга болбойт.  Анткени, ар бир күн өзүнчө жаңылык. Өзүңдүн жеке чыгармачылыктан тышкары сабак берүү, окуучуларымдын эл аралык конкурстарга барып жеңип келүүсү бул менин эмгегим. Жакынкы эле учурда Аяна деген окуучум канча айдан берки даярдыктардан кийин эл аралык конкурста 2-орунду ээледи.  Арген деген окуучум Гран-прини алды. Бул оңой иш эмес да.

— Маалымат каражаттарына  партиялардан сунуш түшүп жатат, депутаттыкка аттанам дедиңиз эле, даярдыктар кандай?

— Партиядан сунуш түшүп жатат. Эгерде биздин программабыз, идеябыз туура келишсе, албетте, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок мен башында эле айткандай маданиятты өнүктүрүү боюнча программа менен кетем.

— Кайсы партияга кирээриңиз аныктала элекпи?

— Жок!  Кайсы партияга кирээримди   карап көрөм, программасы жакшы болсо кирем.

— Депутат болом деген ой кайдан келди, же башынан саясатка кызыкчу белеңиз?

— Негизи эле редакцияда, ар түрдүү жерде жетекчи болуп иштегенмин. Эгер  депутаттыкка  барсам көрүнүп эле турат эң популярдуу саясат болоору.

— Жогоруда маданиятты өнүктүрүү боюнча кетем дедиңиз, маданиятты өнүктүрүүгө кандай долбоорлорду  иштеп чыгуу планыңызда бар?

— Аны айтпайм азыр, иш жүзүндө  көрөсүздөр.

Булак: NazarNews.kg