Кайгуул милициясы Бишкектеги мектептин жанынан карышкыр кармады

Кайгуул милициянын кызматкерлери Борбор калаадагы №41 мектептин жанында жүргөн карышкырды кармады. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда, саат 12:10дор чамасында шаардын Республика көчөсүндө карышкыр жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Кайгуул милициянын кызматкерлери барганда чынында эле карышкыр жүргөнү аныкталган. Милиционерлер жырткычты кармап, Экотехинспекциянын кызматкерлерине өткөрүп берди.