Казакстандык «саясий туткун» Искандер Еримбетов үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти
06.07.2020«Назарбаев режиминин саясий туткуну болгон Искандер Еримбетов эркиндикте, Швейцарияга учуп келди», — деп жазды Open Dialogue Foundation укук коргоо уюмунун жетекчиси Людмила Козловская «Фейсбук» баракчасына.
Ал 4-июлда жарыялаган билдирүүсүнө Еримбетовду Женева аэропортунан туугандары жана жактоочулары тосуп алып жатканы тартылган видеону да тиркеди.
Еримбетовдун туугандарынын бири Асат Жаксыбаев ал дарыланууга кеткенин, эмдөө 6-июлда башталарын билдирди. Адвокат Жанара Балгабаева анын ден соолугу абдан начарлаганын, тергөө маалында кыйноого кабылып, башынан жаракат алганын айтты. Буга чейин Еримбетов өзү да абакта кыйноого кабылганын билдирген.
Алматынын соту 2018-жылдын 22-октябрында Искандер Еримбетовду «ири суммадагы алдамчылык үчүн күнөөлүү» деп таап, жети жылга соттолгон.
2019-жылдын акырында Еримбетов ден соолугуна байланыштуу абактан бошогон. Бирок анын чет өлкөгө чыгууга укугу болгон-болбогону белгисиз.
Еримбетов жактоочулары ага козголгон кылмыш ишин атайылап жасалган деп санашат. Ал эми Казакстандын укук коргоо органдары Искандер Еримбетовдун ишинде саясий өңүт бар деген айыптоону четке кагып келишет.
Казакстанда укук коргоочулар Искандер Еримбетовду саясий туткундардын тизмесине киргизген.