«Казакстанда шайлоонун шаңы бар, жаны жок»

«Казакстанда шайлоонун шаңы бар, жаны жок»

10.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

2019-жылдын 9-майында коңшу Казакстанда президенттик шайлоо отту.  Добуш берүүнүнжүрүшүнө ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты РыскелдиМомбеков да көз салып келген. Р.Момбеков «Азаттыкка» маек куруп, шайлоо боюнча өз пикирин билдирген.

Р.Момбеков: – Жалпысынан алганда, мен шайлоонун шаңын көрүп атам, бирок шайлоонун жанын көрө албай жатам. Шаңы дегеним, шайлоого бекер концерт коюшуп, бекер автобус уюштуруп ар бир шайлоо участогунда майрамдык маанай уюштурганга аракет кылышыптыр. Бирок жаны жок дегеним, айыгышкан кармашууну, байкоочулардын кызуу катышуусун көрө алган жокмун. Эл аралык байкоочулар миссиясынын курамында кыдырып жүргөнүмдө шайлоо участокторунда байкоочулардын аздыгы көзгө урунду. Эки-үч гана талапкердин ишенимдүү адамдары, байкоочулары катышып жатат. Маселен, Амиржан Косановдун, Дания Эспаеванын, анан негизги талапкер деген Касым-Жомарт Токаевдин байкоочулары бар экен. Ушул эки-үч талапкер жөнүндө эле сөз болбосо, калгандары жөнүндө шайлоочулардын деле кабары жок экенин байкадым.

Бирок булардын шайлоо мыйзамдары биздикине караганда катаалыраак экен. Биздикиндей үйүнөн салып келип, ташып келип добуш берүү жок экен. Мен азыр 10дон ашык участокто болдум. Нур-Султандын четине да чыгып, шайлоочулар, байкоочулар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен баарлашып жатам. Көпчүлүк чочуп жооп бербей жатса, айрымдар «сиз кайдан келдиңиз, эмне кыласыз» деп корккон сезими бар, дагы бир бөлүгү «шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүгө чейин эле чечилип калды» деп кайдыгер мамиле кылып жатканы байкалды. Бирок активдүүлүк жогору эле. Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 35-40 пайызы катышканын билдирип жатышат.

«Азаттык»: – Ошол эле учурда шайлоо күнү НурСултанАлматы жана башка шаарларда адамдаркармалып жатканы кабарландыБул жөнүндө байкоочулар арасында маалымат барбы?

Р.Момбеков: – Биз да ошондой маалымат угуп, ал жерлерге барып, эмне себептен бойкот жасап жатканын билели десем, «Алматы шаарында болуп жатат» деп айтышты. Нур-Султанда 10 участокту көрдүм, ал жактан андай нерсени байкай албадым.

«Азаттык»: – Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү Казакстанды 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаганында болуп турат. Ошондуктан айрым эксперттер «кандай болгон күндө даөзгөрүүлөр болот» деп жатышатЭмне өзгөрүүлөр болушу мүмкүнкалктын маанайынан эмненибайкадыңыз?

Момбеков: – Саясатчы катары мен эки жигит менен сүйлөшсөм «шайлоонун негизги маселелери шайлоо күнү эмес, анын жыйынтыгы жарыяланган соң чыгат» деп айтып жатышат. Добуштар саналган соң анын жыйынтыгы кандай болот? Ошого жараша мамиле аныкталашы мүмкүн. «Шайлоодо тандачу киши жок» деген таарынычтарды байкадым. Ошондуктан анын жыйынтыгы кандай болор экен деп чочулаган пикирлер айтылууда. Бирок одоно мыйзам бузууну өзүм анча байкаган жокмун.

Булак: Азаттык