Ит ээсин бир жумадан бери суу жээгинде күтүп жатат
31.10.2019Муңдуу ит Таиланддын Чаупхрая дарыясына күндө келерин жергиликтүү тургундар айтып чыгышты. Ал күн сайын суу жээгинде ары-бери басып, келген кайыктарды «тосуп алат».
Иттин суунун ортосунда сүзүп жүргөнүн өткөн шаршемби күнү жергиликтүү тургундар байкап калышкан. Кийинчерээк анын кожоюну кайык оодарылып чөгүп кетип, табылбай жатканы маалым болду. Ал күчүк да кожоюнунун жанында кайыкта болчу.
Күчүк суудан сүзүп чыгууга болгон аракетин жасаганын ошол жерде жашаган аял көрүп калган. Эл итке жардам берип чыгарып алган. Ушул тапта күчүктү биринчи болуп көргөн аял багып, ага Лаки деген ысым ыйгарган. Айтымында, Лаки тамактан баш тартууда.