Исхак Масалиев “Атамбаев камалса эмнеге болмок эле?Алмазбек Атамбаев ким? Азыр жөнөкөй эле жаран”

Исхак Масалиев “Атамбаев камалса эмнеге болмок эле?Алмазбек Атамбаев ким? Азыр жөнөкөй эле жаран”

29.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

– Исхак Абсаматович, Алмаз Атамбаевдин экс-президент макамын алуу боюнча пикириңизди айтсаңыз?

– Ошол мыйзамга түпкү тамыры менен каршы болгом. Демилгечи өзүм болгонум менен мазмунун такыр башка кылып койгон, экс-президенттин укугун иштеп жаткан президенттин укугу менен  тең кылганына мен каршы чыкканмын. Мына бүгүн ошого байланыштуу кыйынчылык болуп жатат. Жогорку Кеңештин колу менен экс-президентти жоопко тартканга аракеттер көрүлүдү.

– Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушуна көз карашыңыз кандай?

– Алмазбек Шаршеновичтин кол тийбестиги алынгандан кийин тергөө органдары эгерде күнөөсү болсо, кылмыш аракеттери байкалса, анда кылмыш иши козголуп тергөө жүргүзүлөт. Көпчүлүк маалымат каражаттары маалыматты түшүнбөй туруп, Атамбаевди эртең камашат деп жатышат. Жок биздин кагаздын негизинде камабайт, биз болгону мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

– 2006-жылы Конституция өзгөргөндө экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө каралганбы?

– 2006-жылы Конституцияны өзгөрткөндө экс-президенттин макамы, кол тийбестигин жок кылганбыз. Депутат кесиптештериме түшүндүрүп көрдүм, негедир колдобой коюшту. Эгерде мен айткан жол менен барсак,  экс-президент абайлап сүйлөйт эле да. Конституциялык палата чечмелеп, чайнап туруп оозубузга салып берди, мындай болуш керек деп. Мага баары бир, кечээ эле Атамбаевди “Журт атасы” деп жүргөн кесиптештерим кантип добуш бергени кызык болуп атат.

– Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда мышык болуп олтурчу көп кесиптештериңиз, бүгүн арстанга айланып кеткенине таң калып жатам. Сиздин оюңуз кандай?

– Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев бийликтен кеткенде деле ушундай баатырлар чыккан. Баары кеткенде ушундай баатырлар пайда болот. Бир жолу Наполеонду жеңиш менен кайтып келгенде эл гүл, уралаган кыйкырыктар менен тосуп алыптыр.  Элдин жасаган мамилесин көрүп, жанындагы жардамчысы улуу урматтуум, көрдүңүзбү эл сизди жакшы көрөт десе, Наполеон айткан экен “Азыр мени кол чаап тосуп алып жатышат, эртең менин башымды алса да ушундай кол чабышат” деп. Адам баласы ушундай экен. Эч качан падыша “мени бардыгы тең сүйөт” деп ойлобош  жана ишенбеш керек. Бир гана түз аракет менен жашашы шарт. Бирөөгө жагынам деген жолго түшүп алса, анда өзүн-өзү алдайт. Андан кийин чыккынчы деген сөздөр чыгат. Эч ким “Атамбаевге өмүрүмдү берем” деп ант бербейт. Менин эсимде калганы, Токон Шайлиева Аскар Акаев үчүн өлөм деген. Кийин андан сурашса “тамашалап койгом” деп жооп берген. Сталин үчүн өлгөн ал башка.

– Эмне үчүн ушул маселени “Ата-Мекен” партиясы көтөрүп чыкканда эч ким пикирин билдирген эмес? “Ата-Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев залда айтканда, азыр баатыр болуп жаткан депуттар эмне үчүн колдошподу?

– Ошол учурда көп депутаттар Өмүрбек Чиркешовичтин оозун жаап коюшкан, бакылдабай олтур деп. Текебаев Дача-СУ боюнча алган маалыматтарды чыгарып, аны текшериш керек. Бир эле Текебаев же  Атамбаев айтканды чындык деп айтпаш керек. Текебаевдин айтканына кандайдыр реакция болуш керек эле. Бирок, иштеп жаткан президентке каршы пикир айтыш чынында кыйын. Көпчүлүгүнө коркунучтуу болот. Ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн. Убакыт келгенде  бардыгы ордуна келет . Чыккынчы, кошоматчы өз жазаларын алат.

– Кошоматчылык көпкө жашайт деген чынбы?

– Кошоматчыны колдонот, эч ким ага ишенбейт. Эгемендүү мамлекет болгондон берки падышаларыбыздын эң чоң оорусу  тез эле ишенчээк болуп калышат. Себеби, аларга жакшы сөз айтса ишенгиси келет. “Бул жер кыйшык болуп жатат” десе “койчу, башты оорутпай!” дешет. Ө,Текебаев менен А. Атамбаевдин  абалы башкачараак. Алар 2010-жылы чогуу бийлик алмаштырышкан адамдар. Ошондуктан, жоопкерчиликти да тең алышат деген ойдомун. Парламенттик башкаруу болот деп элди алдашкан эле.  Ошол эле мезгилде президентке тышкы иштерди, коопсуздук кызматтарын берүүгө макулдук берген. Кандайдыр бир себептер болушу мүмкүн. Азыр кол чапкандар 2023-жылы билинет. Эми тарых кайталанбасын, уят болобуз го. Азыркы президентибиз үчүн болуп жаткан окуялар сабак болуш керек.

– Атамбаев камалса, өлкөбүздө саясий кризис болбойбу?

– Атамбаев камалса эмнеге болмок эле?Алмазбек Атамбаев ким? Азыр жөнөкөй эле жаран…

– А.Атамбаев күзүндө төңкөрүш жасап, ошону менен кошо парламент тарайт деген сөздөр эл арасында байма-бай айтылып жатат. Канчалык чындыгы бар деп эсептейсиз? Дагы төңкөрүш жасаганга А. Атамбаевдин дымагы жетеби?

– Менин коркконум башка маселе. Шайлоо кодекстерин тездетип жатышат, каникулга чейин кабыл алып бергиле деп. Кокустан күздө Алмазбек Шаршенович өзүнүн жан жөөкөрлөрүн, айылдаштарын алып келип, бул жерде тирешүү болуп турса, анда бизди курмандыкка чалат окшойт деген пикир пайда болду. Шайлоо жарыяланганда баарыбыз чуркап кетебиз . Эч качан Жогорку Кеңеш өзүн-өзү коргогон эмес. Бул фактыны эч ким жок кыла албайт.

Маектешкен Альбина Калыкова

Булак: ring.kg