Иран АКШнын аскерий алсыздыгын ачыктады

Сулейманинин өлүмүнөн кийин Иран АКШнын Ирактагы аскердик базасына сокку урду. Вашингтон баары күткөндөй кескин чараларга барбастан, элдешүүгө кадам таштагандай. Ак үйдүн чечимине эмне таасир этиши мүмкүн экенин Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы божомолдоду.

2020-жылдын башында чегине жеткен Америка-Иран тирешүүсү АКШ жана НАТОнун жогорку технологияга ээлик кылган атаандаш менен каршылашууга даяр эместигин көрсөттү. 3-январга караган түнү Иракта генерал Сулейманинин өлтүрүлүшү америкалыктардын аймакка тийгизген аскердик-саясий таасири үчүн кесепеттүү болуп калды. Тегерандын жообу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы каршылаштарынын башын бириктирип, НАТО боюнча союздаштарынын колу-бутун байлап койду.

Ирандын ракеталык соккусу жөн гана коргонуу же өч алуу болгон жок. Ислам революциясынын колдоочулар корпусу (ИРКК) кесипкөйлүгүн жана курал-жарагынын кубатын көрсөттү. Американын ракеталык чабуулга каршы коргонуу каражаттары, биринчи кезекте Patriot зениттик-ракеталык комплекси Ирандын чыгарган ракеталарына каршылык көрсөтө албай калды. Менимче, бул Тегерандын жооп берерин билип, ракеталарынын кое берилишине көз салып туруп, каяша айта албай калган Пентагон үчүн чоң ачылыш болду.

Тараптар жана эксперттер ИРККнын ракеталык чабуулунун жыйынтыгын ар кандай баалашууда. Тегеран бир нече аскердик учактын жана АКШнын 80 аскер адамынын жок болгонун жар салды. Президент Дональд Трамп Twitter баракчасына: «Баары жайында!.. Мыкты жабдылган куралдуу күчтөр бизде», — деп жазды. Ал эми спутниктен тартылган сүрөттөн Ирандын ракеталары АКШнын Ирактагы Айн аль-Асад аскерий базасынын сегиз объектисин жок кылганын көрүүгө болот. Башкача айтканда, 300 чакырым алыстыкта туруп кое берилген ракеталардын бутага таамай тийиши тууралуу сөз болууда.

Куралдын кубаты

ИРКК АКШнын эки базасына 35 сокку жасалганын билдирип, «АКШнын базалары жайгашкан мамлекеттер Иранга каршы чыга турган болсо чабуулга тушугарын» эскертти.

Ирандын Tasnim маалымат агенттиги чабуулга Fateh — Fateh-313 баллистикалык ракеталары жана радарларга тоскоолдук жаратуучу система менен жабдылып, атылганда бир нече бутага тийчү Qiam ракеталары колдонулганын айтты.

Ирак армиясынын маалымат кызматы өлкө аймагына 22 ракета атылганын билдирди. Анын 17си Айн аль-Асад базасына (экөө жарылган эмес), беш ракета Эрбил аймагына түшкөн. Бардык ракеталар коалициянын объектилерине тийгени такталды, мында Ирак аскерлери жабыркаган эмес.

Ал эми Батыштын адистери менен Вашингтондогу расмий маалымат булактар Qiam-1 жана Zulfiqar баллистикалык ракетадан 15и түшүп, анын ону Айн аль-Асад базасындагы, бирөө Эрбилдеги объектиге тийгенин айтышууда (төртөө максатына жеткен эмес дешти). Балким, так маалымат ушул эки сандын ортосундадыр.

Qiam-1 — советтик Р-17 баллистикалык ракетасынын жакшыртылып, Ирандын мээлөө системасы менен жабдылган курал. Анын бутага тийчү башкы бөлүгүнүн салмагы 750 килограммды түзүп, 800 чакырымга чейин жетет. Ал эми Zulfiqar ирандык адистердин колунан чыккан. 2016-жылдан тарта пайдаланылып келет. Анын бутага тийчү башкы бөлүгүнүн салмагы — 500 килограмм, 700 чакырымга чейин учат. Эгер Иран чындап эле ушул куралдарды колдонгон болсо (ПВО үчүн анча татаал эмес), Американын Patriot комплекси кайда жүргөн? Эмнеге базаларга жакындаганда ракеталарды токтотуп калган эмес? Туруштук бере албайт беле?

АКШнын NPR басылмасы спутниктен тартылган сүрөттөрдү карап чыгып, жыйынтык чыгарды.

«Чабуулга тушуккан объектилердин абалы сокку бутага таамай тийгендей болуп турат. Ирандын ракеталык чабуулу Ирактагы Айн аль-Асад базасына бир топ зыян келтирди», — деп жазылат малыматта.

Мындай таамай сокку Иран баллистикалык эле эмес, канаттуу ракеталарды да колдонгонун божомолдоого жол берет.

«Мен эмес!…»

Пентагондун стратегдери аскердик күч боюнча түзүлгөн Global Firepower рейтингинде Иран 14-орунду ээлеп, Пакистан, Израиль, Түндүк Корея, Австралия, Испания жана Канададан жогору турарын билет болуш керек. Өлкө калкынын саны 83 миллион киши. Салыштыруу үчүн коңшу Иракта 38 миллион адам жашай турганын айта кетели.

Америкалыктардын Жакынкы Чыгыштагы нефть казган өлкөлөрүн багынтып алуу ниети түшүнүктүү, бирок реалдуулук менен да эсептешүү керек. Ирандын Куралдуу күчтөрү жарым миллион кишиден туруп, ИРКК жана светтик күчтөр деп бөлүнөт. Иранда өндүрүлгөн ракеталык түзүлүштөр Американыкына караганда көп (1900). 1600 танк, 3000ге чукул артиллериялык түзүлүш, 170тен ашуун сокку уруучу аппарат, өнүккөн ПВО системасын да эстен чыгарбаш керек. Батыш аналитиктеринин маалыматы боюнча, Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүндөгү кемелеринин саны (398 бирдик) боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлеп турат. АКШдан бир сап гана ылдый жайгашкан. Ош

Пентагон генерал Касем Сулейманиге жасалган чабуулга АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан «АКШнын чет жактагы кызматкерлерин коргоо үчүн» уруксат берилгенин айтты. Ирандын саясий иерархиясындагы үчүнчү адамды жок кылууну буйруп жатып америкалык генералдар менен президент кандай жыйынтык күткөнүн боолголоо кыйын. Тегеран АКШ армиясын террордук топ деп расмий жарыялап жиберет деп ойлобосо керек.

Анан калса, куралдуу тирешүү чыңалып турган маалда АКШнын союздаштары да таң калтырды. НАТО Сулейманинин өлтүрүлүшүн АКШнын жеке кабыл алган чечими экенин айтууга шашты. Сокку урулаар алдында Испания, Канада жана Хорватиянын аскердик бөлүктөрү Ирактан Кувейтке өтүп кетишти. Бир нече саат мурун литвалык аскерлер чыгып кетти. Ал эми Латвия эгер өкмөт парламенттин НАТО аскерлерин чыгаруу боюнча резолюциясын колдоп берсе, Ирактан таптакыр чыгып кетүүгө даяр экенин билдирди. Ага чейин Иран президенти Хасан Роухани Ирак парламенти АКШны өлкөдөн жана жалпы региондон чыгаруунун жолун тапканын жар салган.

Иран АКШнын Ирактагы базасына жасаган соккусун «эсине келтирүү» деп атады. Түзүлгөн кырдаалдан алып караганда, мындай аныктама өтө эле жумшактай сезилет. Ирандыктардын көбү үчүн улуттук баатыр болгон генералдын өлүмүнө кандай гана себеп, жүйө айтылбасын, АКШ өзү үчүн кесепеттүү жыйынтыкка ээ болду.

Булак: Спутник Кыргызстан