Индиялыктын бут кийиминен бери тоноп кетишкен

Индиялыктын бут кийиминен бери тоноп кетишкен

28.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Индия жаранынын бут кийиминен бери тоноп кетишкендигин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, жабырлануучу жаран 19-октябрда милицияга арыз жазып кайрылган. Анын айтымында кечинде бир нече адам бычак такап коркутуп,  3 миң доллар акчасын, төрт уюлдук телефон: 70 миң сомдук iPhone 10X, 25 миң сомдук Redmi Note 8, 30 миң сомдук Redmi Note 9 жана 40 миң сомдук дагы бир смартфонун алып коюшкан.

Мындан сырткары стол үстүндө турган 68 миң сомдук “Асус” үлгүсүндөгү ноутбугу, 40 миң сомдук iPad 7, наушник, күрмө, 20 миң сомдук үч кол саат, 4,5 миң сомдук футболка жана 9 миң сомдук эки түгөй өтүктү кошо алышкан. Кетерде жабырлануучунунун колу бутун байлап коюшкан. Алар жаранга заманбап калыңды алганы келишкенин айтышкан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тартип сакчылары төрт шектүүнү кармашты. Ленин райондук соту үч адамды Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камады. Бир, 17 жаштагы Н.О., ата-энесинин көзөмөлүнө кое берилди.