Индира Кабылбаева: Таятам Салибай Шатмановду көзү тирүүсүндө баалабаганыма өкүнөм
19.02.2020“Милиция болом” деген тилегим ишке ашпай калды
— Балалыгым Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Жыгач айылында өттү. Өмүрдүн багытын артка кайрып эске салсам, балачак абдан кызыктуу күндөр менен коштолуптур. Атам Кабылбаев Уланбек, апам Салибаева Замира экөө тең кесиби боюнча мугалим. 40 жылдан бери кесиби менен иштеп келишет. 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси, мен үчүнчүсүмүн. Азыр ар бирибиз өзүбүзчө түтүн булатып, өз жолубуз менен кеткенбиз.
Атам абдан талантуу, өнөрлүү адам. Музыкалык билими жок болсо да комуз күүлөп, черткенди биле турган. Комузду алгач атам нотасы жок эле “муну бас, кызым, анан муну бас” деп бир сабын үйрөткөн. Андан кийинки саптарын өзүм таап отуруп, жыйынтыгында тез эле үйрөнүп кеттим.
Аккан арыктан суу агат деген кеп бар го элибизде, анын сыңарындай канымда да чыгармачылыкка шыктуу адамдар бар. Чоң атам да комузда кол ойнотуп, төкмөлүк жайы бар адам болгон. Таятам чыгармачыл адам эле. Чыгармачылыкка болгон шыгым тайларымдан өтсө керек. Бала кезим ырдап-бийлеп, адырдан гүл терип, үйдөн комуздун мукам үнүн угуп жүрүп өттү.
1995-жылы орто мектепти аяктап, борбор калаага жаштардын агымы менен жогорку билим алууга келдим. Бала кезимен “милиция болом” деген максат койгон элем. Бирок, жашым жетпей калып ал жылы тапшыра албай калдым. “Бир жылдан соң келгиле» деп койду. Ошентип, апам экөөбүз музыкалык окуу жайдын алдынан өтүп калдык. “Апа, бул окуу жайга кирип көрбөйлүбү?”-десем, апам макул болду. Тагдыр буюрдубу, музыкалык окуу жайда окуп калдым. Студент кезимде көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелерге ээ болуп жүрдүм. Ошону менен баягы “милиция болом” деген кыялым кыял бойдон кала берди. Музыкалык колледжди 1998-жылы аяктап, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетине тапшырдым.

Чыгармачылыкты эмес, үй-бүлөнү биринчи орунга койдум
-Музыкалык окуу жайды бүтүп жаткан чагымда Советбек аттуу жигит менен 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүндө Ала-Тоо аянтынан курбуларым аркылуу таанышып калдым. “Ушул жигит менен кыз-жигит катарында мамиле курам, болочок жарым болот” деп ойлогон эмес элем. Ал жактырып калганбы, айтор, артымдан чуркап жүрүп, ошол жылы айылга жайкы эс алууга да жибербей алып калып, колумду сурап баш кошуп калдык. Азыр ойлосом, жолдошум экөөбүз “турмуш курат деген ушул экен” деп эле жаштык кылып турмуш куруп алган экенбиз. Жолдошум “ырдабай эле кой, балдарды багыш керек” дегенинен, көп жылдар бою үйдө отурдум. Буга чыгармачылыкты эмес үй-бүлөнү биринчи орунга койгондугум себеп болду. Анткен менен көөдөнүмдү бир нерсе ээлеп, жан дүйнөмө бир нерсе жетишпей тынчым кетип жатты. Баламды уктатып коюп башка бөлмөгө кирип, комузумду чертип, берилүү менен ырдап жүрдүм. Кийин “үйдө бекер отура бербейин” деп К.Баялинов атындагы китепканага ишке орноштум. Андан бери бул жакта иштеп жатканыма он жылдын жүзү болду. Акыры жолдошумду көндүрүп, балдарым чоңоюп, эми чыгармачылыкка катуу киришкен чагым. Азыр өзү той-топурга, концерттерге чакыруулар болгондо алып келип, алып кетип коштоп жүрөт. Менин чыгармачылыгымды түшүнүү менен кабыл алып, колдоп жатканына ыраазымын. Атам-энем да чыгармачылыгымды колдоп, көбүнчө кийимдеримди тиктирип беришти.
Учурда эки уулдун энесимин. Тун балам Артур 21 жашта. Азыркы учурда борбор шаарыбыздагы окуу жайлардын биринде студент. Ал эми кенжем Айдар 15 жашта, орто мектепте окуп жатат. Балдарым чыгармачылыкка анча деле кызыга беришпейт. Кичүү уулум сүрөтчү, чиймелеп жатып сүрөттү тез эле тартып коёт.
Таятамдын урматына клип тарттым
-Азыркы учурда репертуарымда жыйырмадан ашуун ырым, беш клибим бар. Өзгөчөсү сөзү таятам Салибай Шатмановдун калемине таандык «Дил билет» аттуу чыгармага клип тарттыргам. Таятамдын элеси түшүрүлгөн тасмаларды архивди казып жатып араң таптык. Анын урматына эстелик болуп калсын деп, ушул ырыма клип тарттырдым. Көзү тирүүсүндө аны барктап, баалай албай калганыма абдан өкүнөм. “Ай кызым, биякка бас, тиякка жүрү, бул ырчыга алып барайын, бул ырымды ырда” деп жүрсө, жаштыгым менен эч нерсени кенебей жүрө берипмин.
Азыркы кезде эки ырыма клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатам. Сөзү Кыялбек Урманбетовго таандык “Кандай жакшы” деген жана элдин кичине болсо да жүрөгүнөн түнөк таап калган ырыма, күйөрмандардын суроо-талаптары менен Гүлгакы Сагындыкова эжекебиздин калемине таандык “Сен менин түгөйүмсүң” деген чыгармасына клип тартууну туура көрдүм. Бир гана комуз менен эмес, эстрадалык багыттагы ырларым да бар. Анткен менен комуздун коштоосундагы чыгармаларга басым жасайм. Ошондой эле той-топурдан элдин суранычы менен өзбек, казак, орус тилиндеги чыгармаларды аткарып жүрөм. Ар бир чыгарманы аткарып жатканда жан дүйнөң менен берилип, ар бир сөзүнө сүңгүп кирип ырдамайын элдин жүрөгүнө жете бербейт экен. Ошондуктан ар бир ырдын маани-маңызына карап, жогорку деңгээлде аткарууга тырышам.
Балдарыма жакшы эне, жолдошума идеалдуу жармын
-Мактангандай болбоюн, балдарыма жакшы эне, жолдошума идеалдуу жармын.
Тамакты өзгөчө даам берип жасоону жакшы көрөм. Колуман даам таткан адамдар аны жакшы билет.
Белек алуу боюнча айтсам, аялзаты катары гүл алганды, жан эргиткен жагымдуу сөздөрдү укканды жакшы көрөм.
Учурдан пайдаланып, мени колдоп жүргөн жакындарыма, инсандарга, күйөрмандарга терең ыраазычылыгымды билдирип өткүм келет.
Маектешкен Айбек Нур