Ийгиликке жеткирүүчү жети “К”
08.06.2019Брайан ТРЕЙСИ – америкалык мультимиллионер, эң белгилүү жана популярдуу бизнес тренер, анын берген насааттары миңдеген адамдардын турмушун тезинен оңдоого жардам берген. Анын сунуштарын жарыялоо менен редакция кыргыз жаштарынан дагы ошондой ийгиликке жеткен адамдарды тарбиялоо максатын көздөйт жана акча мыйзамы боюнча маанилүү маселелерди мындан ары үзгүлтүксүз чыгарып турат.
Азгана адамдар артына жаркын из калтыра алышат. Сиздин милдетиңиз – жалпы массадан жулунуп чыгуу жана өз муунуңуздун эң ийгиликтүү адамдарынан болуу. Бардык чыныгы көрүнүктүү адамдарды ой жүгүртүүнүн өзгөчө стили, активдүү аракеттерге ыктоочулук жана жыйынтыкка карата көшөрө кадалуу айырмалап турат.
Ар бир адам ошондой боло алат. Акылдуу китептерди көп окугула, башкалардын тажрыйбасын үйрөнгүлө, ийгиликтин сырларын ачкыла”
Брайан ТРЕЙСИ
Биринчи сунуш
Өз алдыңарга конкреттүү максат койгула
Ийгиликтин бир нече түзүүчүсү болот. Мен сиздердин капиталыңыздарды жана бош убактыңыздарды көп эсе жогорулатууга мүмкүндүк бере турган 7 сапатты бөлүп алдым. Бул формула “7 К” деп аталат, анткени ар бир сапаттын аты ушул “К” тамгасынан башталат (Англис, орус тилдеринде — ред).
Мен ийгилик жолундагы эң маанилүү кадам деп эсептеген биринчи “К”, бул – конкреттүүлүк. Ийгиликтин 90%ы, балким, андан да көбү, сиз кимсиз жана эмнени каалайсыз, ошону конкреттүү түрдө аныктап алгандан кийин келет. Ал эми иштин ордунан чыкпай калышы көп учурда сиздин аныктала албаганыңыздан улам болот. Эгер сиз кайсы бир себеп менен – ишке, үй-бүлөгө, бүтүндөй турмушка нааразы болуп жаткан адамды көрсөңүз, анын кандай максаты бар экенин сураңыз. Ошондо сиз ар нерсеге нааразы боло бере турган көпчүлүк адамдардын кандайдыр бир максаты да жок экенин түшүнөсүз, анткени максаты бар адамдар ага жетүү үчүн ушунчалык аракет кылып жаткандыктан, анын кайсы бир нерсеге нааразы болуп олтурганга убактысы болбойт.
Бул иштеги сапарга аттана турган чекит болуп, өзүңүздүн чыныгы баалуулуктарыңызды б. а. сиз үчүн турмушта чындап эмне маанилүү экенин аныктап алуу эсептелет. Түшүмдүү иш аракет үчүн мотив керек болору белгилүү, сиз үчүн чындап маанилүү жана өзгөчө түрдөгү баалуулуктар ошондой мотив болуп берет. Бул сүйүү, чыгармачылык, акча, же болбосо, жөн эле эркиндик болушу мүмкүн. Сиздин өмүрүңүз ошондой баалуулуктарыңыз менен гармониялуу өтүшү керек, ошондо сиз мотивировкаланган болосуз. Ошондуктан максат койгон кезде ар качан өзүңүздөн: “Мен өзү деги эмнени чындап каалайм?”,- деп сурашыңыз керек. Бул каалоо сиз менде ушундай болушу керек деп ойлогон, же башкалар сизде болушун каалаган нерсе эмес, сиз өзүңүз иш жүзүндө чындап каалаган нерсе болушу керек жана ал өзүңүздүн баалуулуктарыңызга ар дайым дал келиши керек.
Cиздин баалуулуктарыңыздан улам өзүңүздү бир канча жылдардан кийин “көрүү мүмкүнчүлүгү” пайда болот. Эми өзүңүзгө: “Эгер бир канча жылдардан кийин менин өмүрүм идеалдуу боло турган болсо, ал кандай болушу керек?”,- деген суроону коесуз. Ошентип сиз бардык лидерлерге тиешелүү сапат – өз турмушунун болочок картинасын даана көрө алуу мүмкүнчүлүгү экендигин түшүнөсүз. Ал эми коллективдин катардагы мүчөлөрү башкалардын пландарын гана толуктап турушат. Качан гана өзүңүздү бир канча жылдардан кийинки көрүүңүздү өркүндөткөн кезде гана, сиз чыныгы лидер болуп калыптанасыз. Эгер сиздин бизнесиңиз бар болсо, же эми гана аны жаңыдан баштап жатсаңыз, анда сиз болочокто өзүңүздү кандай бийиктен көрө алсаңыз, жыйынтыктарыңыз да ошондой бийиктикте болот.
Эми сизде даана максат пайда болгондон кийин, сиз өзүңүздөн суроого тийишсиз: “Менин жашоодогу милдетим деги эмнеде?”. Бул жерде кайрадан конкреттүүлүк керек, анткени бул учурда сиз өзүңүзгө: “Мен турмушта эмнеге жетүүнү каалайм” деген суроону берип жаткан болосуз. Сиз жашоонун бардык чөйрөсүндө алдыда болууну каалайсызбы? Миллион доллар иштеп тапкыңыз келеби? Же эң жогорку сапаттагы буюм чыгаргыңыз келеби? Балким эң мыкты тейлөө кызматын көрсөткүңүз келер? Мүмкүн сатуу жагындагы эң мыкты менеджер болгуңуз келер? Сизди мына ушундайлардын бирине карата багытталуу болушу керек, сиз бардык активдүүлүгүңүздү ошого карата тушташыңыз керек.
Сиздин максатыңыз ченеле турган болушу керек, анткени ченеле турган нерсе, ишке ашырыла турган да нерсе болот. Эгер сиз кайсы бир нерсени ченей албасаңыз, анда аны башкара да албайсыз. Сиз биринчи кезекте эмнени кылышым керек? Эрте менен эмне кылам деп турасыз, Ишке эмне максат менен барасыз – ошонун баарын ачык жана даана билишиңиз керек. Атактуу Ницшенин: “Эгер адамда “Эмне үчүн?” деген суроо жетишерлик көп болсо, анда ал ар кандай “Эмне?” деген суроону чече алат”,- деп айтканы бар.
Ошентип биз конкреттүү максатты аныктоонун негизги суроолоруна келдик:
Сиздин баалуулуктарыңыз кандай?
Сиздин өзүңүздү көрө билүүңүз кандай?
Сиздин жашоодогу негизги милдетиңиз эмне?
Сиздин болочокко карата ниетиңиз кандай?
Мына эми максат кое берсеңиз болот. Ал максат турмуштун төрт чөйрөсүнөн болуп, өзүңүздүн баалуулуктарыңызга жана аткарам деген милдет-ниеттериңизге дал келүүгө тийиш.
Биринчи чөйрө – сиздин карьералык умтулууларыңыз. Бул сиз ишиңизде жетемин деген максаттар.
Экинчи чөйрө — жеке турмушуңуз жана жакын адамдарыңыз менен алакаңыз. Бул сиз үй-бүлөңүз үчүн жасаймын деген максаттар.
Үчүнчү чөйрө – каржы (финансы). Канча каражат иштеп табууну каалайсыз? Анын канчасын үнөмдөгүңүз келет. Белгилүү бир убакытка чейин канча каражат топтогуңуз келет?
Төртүнчү чөйрө — сиздин ден соолугуңуз жана дени сактыгыңыз. Адамдардын баары эле 100гө чыгууну каалашат, бирок алардын кылган иштери ошол ниетине туура келеби? Маселе ушунда.
Көп адамдар: “Менин максатым бар: мен бай болгум келет”,- дешет.
— Ал үчүн сага канча акча керек?
— Билбейм, бирок көп керек.
— А канча каражат иштеп тапкың келет?
— Азыркыга караганда кыйла көп.
— Сенин канча жашагың келет ?
— Көпкө.
Булар максат эмес, булар ар бир эле адамда боло турган кыялдар. Ошон үчүн сиз үйрөнө турган эң башкы көндүмдөрдүн бири – бул конкреттүү максат коюу, же башка бир сөз менен айтсак, ар бир максатка чен-өлчөм берүү.
А бирок максат кантип өлчөнөт, эми ошого жооп табууга аракет кылып көрөлү. Биринчи чөйрө боюнча, чен өлчөм катары саатына канча акча табарыңызды алсак болот. Айлыгыңызды жумага бөлүңүз, жуманыкын ошол жума ичиндеги сааттарга бөлүңүз, ошондо бир жуманын ичиндеги бир саатта канча акча табарыңыз аныкталат. Анан дал ошол саатына табылуучу кирешени арбытууга жан үрөңүз: ошондо ишиңиз да илгерилейт, кирешеңиз да көбөйө баштайт.
Экинчи чөйрө боюнча: Отпускаңызды кайда өткөрөрүңүздү ар бир күнү, саатына чейин пландап чыгыңыз, ошондо кандай эс алганыңыз даана билинип, эмне үчүн отпуска тез эле өтүп кетти деп, бушайманга түшпөйсүз.
Үчүнчү чөйрө боюнча – үнөмдөгөн каражатыңызга иштен бошоп, ооруп, карып калганда канча күнгө чейин беймарал жашай аласыз, же болбосо канча убакытка чейин эң сонун жашай аласыз – ошону эсептеп, кыйналып калбай тургандай шартка жетүүнү максат кыласыз.
Акыркы чөйрө – ден соолук, жамбаштын көлөмү, ал сиздин ден соолугуңуздун эң мыкты көрсөткүчү болот. Ошол жер идеалдуу ченге канчалык жакын болсо, сиздин ден соолугуңуз ошончолук чың болот. Же болбосо жумасына спорт менен 200-300 мүнөт машыгып турсаңыз, дайыма эң жакшы дене бой жагынан формада болосуз.
Төмөндө максат коюунун жети кадамын келтиребиз:
1-кадам.
Эмнени кааларыңызды так чечиңиз. Турмуштун бардык чөйрөсүндө эң мыкты ийгиликтерге жетишкен 10% адамдарга кошулуңуз.
Ошондо сиз эмнени каалабай турганыңызды да так түшүнөсүз, ошондо эмнеге умтулуп, эмнеден качуу керек экенин да так билесиз.
2-кадам.
Эмнени кааларыңызды так чечип алар замат, ошону майда-чүйдөсүнө чейин жазып чыгыңыз. Адамдардын 3 гана пайызы, өз максаттарын кагазга түшүрөт. Сиз максаттарыңызды жазып чыксаңыз, ошол 3% адамдардын катарында болосуз.
3-кадам.
Өз максатыңызга жетүүнүн мөөнөтүн коюңуз. Сиздин акыл парасатыңыз өтө күчтүү, ал конкреттүү мөөнөттөрдү өтө сүйөт. Эгер максат узак мөөнөттүү болсо, ага жеткире турган бир канча майда максаттарды мөөнөтү менен коюңуз: эгер максат беш жылдык болсо, адегенде бир жылдык, алты айлык, үч айлык, бир айлык максаттарды коюп, ошого жараша аракеттениңиз. Көпчүлүк менеджерлер бир күндө кимге чаларын, канча нерсе сатарын, ошол күндүн ар бир саатында канча каражат табарына чейин күн сайын пландаштырат, ошолор күндү эч нерсени ойлобой баштагандарга караганда алда канча жакшы каражат табышат.
4-кадам.
Максатыңызга жетүү үчүн эмне кылышыңыз керек, ошонун тизмесин түзүңүз, бул эми там салуу үчүн, таш алам, цемент алам, жыгач алам деген сыяктуу эле кеп. Ар жолу жаңы пайда болгон идеяны кошо бересиз, акырындап олтуруп толук иштелип чыккан долбоор пайда болот.
5-кадам.
Түзүлгөн тизмеңизди планга айландырыңыз. Ар бир ишти зарылдыгына жана ырааттуулугуна жараша жайгаштырыңыз. Биринчи кезекте аткарыла турган иштер пландын зарылдары, ал эми кайсыл ишти кандай кезек менен аткара турганыңыз ырааттуулугу болот.
6-кадам.
Максатыңыз жана планыңыз даяр болору менен өз максатыңызга карай токтоосуз жыла баштаңыз. Аны дароо баштаңыз, убакытты кетирбеңиз.
7-кадам.
Өзүңүздүн башкы максатыңызга жетүү үчүн ар күнү бир нерсе жасаңыз. Бул ийгиликтүү адамдардын ишинин эң маанилүү пункттарынын бири. Алар башкы максатына жетүү үчүн бир жылда 365 жолу бир нерсе жасашат, ар бир күндү, ар бир учурду жөн кое беришпейт.
Тээ, 1895-жылы “Ийгилик” аттуу журналды негиздеген Орисон Суэтт Марден аттуу жазуучунун айтканы бар: “Ийгиликке жетүү үчүн эки нерсе маанилүү – баштоо жана максатка карай тынымсыз умтулуу”.
Мен сиздерге төмөнкүдөй иштерди аткарууну сунуш кыламын: таза баракты алыңыздар, анын башына “Максаттар” деп тема жазып, ошол жазылган күндүн датасын коюңуздар.
Андан кийин өзүңүз бир жылдын ичинде жетүүнү каалаган кеминде 10 максатты жазып чыгыңыз. Максатты учур чак менен, кудум бир жыл өтүп, максаттар орундалган сыяктуу кылып, б. а. “Мен мынча аламын дебестен”, “Мен мынча алып жатамын”, “Мен спорт менен машыгып жатамын”, “Менде … бар”, “Мен … жетиштим”, “Мен … сатып алдым” деген сыяктуу кылып жазуу керек.
Ошол 10 максатты жазгандан кийин, дагы кошсоңуздар деле болот, бирок ал ондон кем болбошу керек. Андан кийин ошол тизмени карап чыгып, өзүңүздөргө: “Эгерде мен ушул максаттардын бирөөнө дароо азыр жетип, калгандарына кийин жете турган болсом, анда ушулардын кайсынысы менин турмушума көбүрөөк оң таасирин тийгизер эле?”,- деген суроону коюңуздар. Андан кийин так ошол максатты белгилеп алып, башка таза баракка көчүрүп, мөөнөт коюп, ага жетүү үчүн кандай аракеттерди жасашыңыз керектигин тизмелеп чыгыңыз да, ошол тизмени планга айландырып, анан ар күнү ошол план боюнча иштей баштаңыз. Ошондо эң эле таң каларлыгы – бир жылдан кийин 10 максат жазылган тизмеңизди карасаңыз, сиз анын 8ине жеткен болосуз, анткени ошол 10 максатты жазуу менен сиз аларды өз аң-сезимиңизге программалагансыз!
Сиз өз турмушуңузга олуттуу таасир бере турган бир гана негизги максатка жетүү үчүн канчалык көп аракеттенсеңиз, башка максаттарга жетүү боюнча дагы ошончолук илгерилей бересиз. Бул таң каларлык! Мага келишип, ушинтип 10 максатты жазып чыккандан кийин, бир жылда күткөнүнөн алда канча көп нерсени аткарууга үлгүрүшкөнүн айтып беришкен кишилер бар. Мен ушул ыкманын жардамы менен 3-4 жылдын аралыгында байлыкка жетишкен иммигранттарды да билемин, ал үчүн: 10 максатты жазуу, анын ичинен эң маанилүүсүн тандап алуу жана ошону аткаруунун үстүндө ар бир күнү иштөө керек.
Мен өзүм күн сайын ошондой кыламын. Мындан көп жылдар мурун мен чөнтөк дептерчеме өз максаттарымды күн сайын жазып, (негизги максатка жетүү үчүн жасалган күнүмдүк аракетимди кошо) жанымда ала жүрүүгө үйрөнгөнмүн, ошондо максатың күн өткөн сайын ачык жана даана боло берет. Мен негизги маселелерге гана кунт коемун. Бул жөпжөнөкөй көнүгүү, бирок ал ушунчалык жөнөкөй нерсе болгондуктан, адамдар “Муну жасабай деле койсо болчудай” деп ойлоп калышын мен каалабаймын. Ишенип коюңуздар: бул көнүгүү сиздин жүрүм-турумуңузга өтө чоң таасир берет. Мен бардыгыңыздарды чөнтөк дептер сатып алып, аны ар качан жаныңыздарда ала жүрүүнү, ар бир таңда өзүңүздүн 10 максатты учур чак менен көчүрүп жазып турууңуздарды көшөрүү менен сунуш кыламын. Анткени ар бир жолу ошону жазып жатканыңызда алар сиздин аң-сезимиңиздерде калат, анан турмушуңуздарда ошол максаттарга жетүүгө жардам бере турган адамдар, мүмкүнчүлүктөр жана идеялар пайда болот. Өзүңүздөрдү текшерип көрүңүздөр: өзүңүздүн 10 максатыңызды күн сайын көчүрүп жазып тура аласызбы? Бул – өтө пайдалуу эксперимент.
Булак:www.dilbarai.kg