ИИМ: Милиция ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт

ИИМ: Милиция ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт

11.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу бүгүн “ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу” деп аталган басма сөз жыйынынын катышуучулары кабарлашты.  

Азыркы учурда иш-чараны өткөрүүдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо планы иштелип чыгып, күчтөр менен каражаттардын саны бекитилди.

Саммит учурунда укуктук тартипти камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин, Чүй ОИИББдин  кызматкерлери тартылды. Ички иштер органдарынын кызматтары маршруттук колонналарды, иш-чараны өткөрүү жайларын жана делегациянын жашаган жерин коргоого алышат. 

ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүүгө байланыштуу,  Бишкекте жана “Бишкек–“Манас”  аэропорту” автожолунда расмий делегациясынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн автотранспорттордун кыймылына чектөөлөр коюлат.  Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы  такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат.

 Бул  күндөрү Бишкек гарнизонунун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Милиция коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын камсыздайт. ШКУ саммити учурунда  милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып баруунун максаты Кыргыз Республикасында ШКУнун катардагы саммитин даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды жаратпоо жана ыкчам кырдаалдын туруктуулугун колдоо  болуп саналат.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө  байланыштуу,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат. Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар жана кароосуз калтырбаңыздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн  жарандар, жолдордогу тыгындарда калып,  рейстерге кечигип калууларын алдын алуу үчүн  өз каттамдарын өз убагында пландап алып, “Манас” аэропортуна, Бишкек шаарындагы темир жол бекетине жана батыш автобекетине эртерээк келүүлөрүн суранат.

Андан сырткары, ИИМ жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууларына ишеним артат.

Эске салабыз, Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин катардагы саммити өткөнү жатат. Анда ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө тиешелүү маселелер талкууланат. ШКУнун башкы тапшырмалары болуп, катышуучу-мамлекеттерди бириктирген кеңири мейкиндикте туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгитрафиги менен күрөшүү, экономикалык кызматташуу, энергетикалык өнөктөштүк, илимий жана маданий жактан байланышуу  эсептелинет.

Булак: barometr.kg