ИИМ: Ички иштер органдарынын кызматкерлери саптык кароодон өттү
27.08.2019Бүгүн, 27-августта Бишкектин эски аянттындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык тескеме өтүлдү.
Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети текшерилди.
«30-августан баштап Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт. Иш-чараларды өткөрүүдө ал жайларга жакын жерлерде ички иштер органдарынын атайын кызматтары ыкчам иш-чараларды жүргүзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, майрамдык иш-чараларды өткөрүү маалында Бишкек жана Ош шаарларында жана бардык аймактарында коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы жана элдик кошундар да тартылат.
БУЛАК: zaman.kg