Зулпукаров: Өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керек
06.09.2019Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мобилдик мектеп боюнча маселе көтөрдү.
Депутат Зулпукаров өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керектигин эскертти.
“Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп боюнча социалдык түйүндөрдө өтө катуу талкуу жүрүп жатат. Өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керек. 2016-жылы 30 мектеп салуу үчүн деп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 30 миллион доллар бөлүнгөн. Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда макулдашуудан өткөн. Акча каражаты бүгүнкү күндө турат. Бирок эмне үчүн үч жылдан бери мектеп курулбай жатат? Буга ким күнөөлүү? Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиненен сурасак, Билим берүү жана илим министрлигине түртө салат, министрликке кайрылсаң, курулуш агенттигине түртө салат. Мындай болбойт да».
Депутат мөөнөтү менен караганда 30дан ашык мектептин курулушу бүткөрүлүп, 1-сентябрь күнү колдонууга бериши керек экендигин белгилеп өттү.
Социалдык тармактын колдонуучулары мобилдик мектеп делген контейнерлерди кызуу талкууга алып жатышат.
Булак:zaman.kg