Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жети уул, бир кыздын атасы болсом да апама эркелеп турам”
25.04.2019Кышында бүрлөп гүлдөгөн апам,
Кыйшайсам оңдоп түздөгөн апам,
Кайда мен тентип барбайын алыс,
Жүрөгүм дайым сиз менен апа…
– деп кайсы бир акын кагаз бетине чиймелегендей эне деген жандуу зат үчүн эң ыйык жан. Эне… ушул үч тамгадан турган сөздүн өзү кандай керемет, кандай бакыт. Ал бул ааламдагы асыл таштан, алтындан, миллиондогон акча, кен байлыктан баалу, бийик, табылбас зат. Ал дүйнөгө бир гана жолу келет. Кетсе кайра эч качан кайтып келбейт. Ошол үчүн аны көзү тирүүсүндө сыйлап, барктап, баалап алалы. Зиядин Жамалдинов менен дал ушул темада баарлаштык.— Энеңиз жөнүндө айтсаңыз?
-Апам Кошокова Шекеркан 1936- жылы 2-июлда төрөлгөн. Төрт баланы жарыкка алып келди. Алардын экөө кыз, экөө уул..
Эне деген ыйык болот. Бейиш эненин таманында деп бекеринен айтылбаган. Мен жана менин бир туугандарым апабызды урматтап, сыйлайбыз. Биздей мыкты инсандарды тарбиялап чыкканына сыймыктанабыз.
— Ал инсан кандай мүнөзгө ээ болду экен?
— Оо, айтасыз да. Апамдын ар бир кадамына, кыймылына суктанам. Аны менен мактанам, сыймыктанам. Ал ушундай керемет жан. Ууртунан күлкүсү кетпесе, кабагым- кашым дебесе экен деп, көзүнүн кареги менен “чарк” айланып, аны сыйлап, урматтап, айтканын эки кылбай аткарып турабыз. Энемдин мүнөзү ачык айрым, өтө жөнөкөй. Ким болбосун тилин таап, өзү сөз баштап, тааныш кишидей сүйлөшүп кете алат. Эс алуу жайларына барып калганда да ал жактагы адамдар менен таанышып, дос күтүп кетет. Муну менен дипломатиялык артыкчылыгы бар деп айткым келип жатат. Чынында минтип көп киши тааныбаган адамдар менен сүйлөшүп кете бербейт. Буга да болсо талант керек го дейм.
— Талант деп калдыңыз, апаңыз кайсы кесиптин ээси?
— Апам Шекеркан мугалим, дарыгер. Мугалим болуп иштеп жүргөн чагында медициналык окуу жайда билим алды. Ошол кезде айылда дарыгер жетишпей, апам бул тармакта да иштеп калган.
— Алгачкы жолу берген белегиңиз?..
— Ата-энеге баланын ар бир жылмайып күлгөнү белек. Муну балалуу болгондон кийин түшүндүм. Эсимде, ал мезгилде Фрунзе (Ред.: азыркы Бишкек) калаасында студент элем. Политехникалык институтта окуп жүрүп, жайкы эс алууга чыккан чагымда практига жиберип калышты. Мен Кайыңдыдагы эт комбинатына барып практика өтөп, иштеп калдым. Ал жактан чыккан маянамды алып, айылга барып, апам үчүн деп чоң жакшы жоолук алып, берген элем.
— Апаңыздын кайсы тамагын сүйүп жейсиз?
— Баардык тамактарын тамшануу, ырахаттануу менен сүйүп жейм, баардык тамактары аябай жагат. Ооба, тамакты абдан жакшы жасайт. Кээде апам өзү тамак жасап берип, эркелетип турат.
— Эркелетип дейсизби?!!
— Ооба, жети уул, бир кыздын атасы болсом да апама эркелеп турам. Анын мээримине жылынып, андан кубат алам. Өзүм ата болсом да, апама дагы деле баламын.
— Эркек уул апасына окшош кыз издейт дейт. Жубайыңыздын апаңызга окшош жактары барбы?
— Кайнененин камырынан дегендей жубайым апамдын айрым мүнөзүн күткөн. Балдарыма жакшы эне, мага жакшы жубай, апама жакшы келин! Жубайым апамды, апам жубайымды абдан жакшы көрөт.
— Депутаттын балалык чагы кайда өттү?
— Ноокат районунун Жал айыл өкмөтүндө (азыркы Кулатов айыл өкмөтү) жарыкка келип, балалык чагым ошол жакта өттү. Ал учурду эстеп, сагынып калам. Туура, ар бир адам өткөн убактысындагы жакшы күндөрдү эстеп, андан күч алып, кубанып турат.
Ырас, бирөөнү алдаба, урушпа, улууну урматта, кичүүнү сыйла, түз жүр, мыкты оку, жакшы адам бол деп ар бир эле адам уул-кызына тарбия берет. Алардын катарында апам да татыктуу тарбия берди. Баардыгыбыз жогорку билимдүү болуп, жашообузда ордубузду таптык.
— А сиз балдарыңызга кандай тарбия бересиз?
— Замандын өнүгүшүнө жараша биздин учурдагы тарбия менен азыркы кездин тарбиясын салыштырып болбойт. Балдарды катуу кармаганга аракет жасайм. Билимге сугарып, татыктуу тарбия берүүгө бар күчүмдү жумшап келем.