Замира Төлөева, Талас районундагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы: “Иштерман айымдар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда”
14.08.2023“Ийгилик сыры-тынымсыз эмгекте”-демекчи, биздин бүгүнкү каарманыбыз эл үчүн кылган эмгеги менен эл оозуна алынган иштерман айымдардын бири-тажрыйбалуу жетекчи Замира Төлөева болмокчу.
— Замира айым, айтсаңыз, жыл жыйынтыгында жергиликтүү бюджет канчалык деңгээлде аткарылды?
-2022-жылга карата жергиликтүү бюджет 9931800 акча каражаты болуп бекитилген. Жыл жыйынтыгында бюджет толугу менен аткарылды. Кыскача айтканда, салыктын бардык түрүнөн берилген пландан ашыгы менен аткарылып, жалпы суммасы 110 пайызды түздү. Ал эми былтыркы жылы болсо биздин айыл өкмөттө эң жакшы иштер аткарылды. Биз көбүнчө донорлор менен иштедик. Ал жерде эң биринчи эле АРИС долбоору менен Атай Огонбаев айылына 50 орундуу бала бакча курулуп ишке берилди. Өздүк салымдан 1 млн. сом, ал эми АРИСтен 17 млн. сом акча каражаты каралды. Талас райондук өнүктүрүү фондуна ички ирригацияларды жакшыртуу максатында долбоор жазганбыз. Мына ошол долбоордун жалпы суммасы 10 млн. сомду түздү. Бул жерде Чолок каналы бар. Бир километр, эки жүз метр жерге 5 641 646 сом акча каражаты бөлүнүп, азыркы кезде 900 метр аралыгынын карчовкасы жасалып, жаз алды менен буюрса монолит канал курулат. Ал эми калган суммасы болсо бизде дагы көйгөйлүү маселени жараткан дагы бир каналыбыз бар. Коо каналы бул жерде 860 метрине 3394369 сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө лотокторунун баары коюлуп бүттү. Ал эми башына 60 метр монолит куюлмак. Күн жылыса эле курулуп баштайт. А.Огонбаев айылында Күрөш залы бар. Ошол залга инвентрларды алуу боюнча райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, 701 миң сом азыркы күндө ошол биз жазган сметанын негизинде инвентарлар келди. Канча жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөгөн, ал жерде эч кандай иш-чара болбогон маданият үйүбүз бар болчу. Сейдалиев атындагы маданият үйүн ремонттон өткөрүү үчүн райондун өнүгүү фондуна долбоор жазганбыз. 2 398799 сомго бул капиталдык ремонт толугу менен бүткөрүлдү. 2022-жылы жазында ошол эле фонддон 125 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ага айыл өкмөттүн эсебинен 100 миң сом акча каражатын карап, 225 миң сомго ички арыктарды тазалап 10 шульюст орноттук. Айыл өкмөттүн өздүк бюджетинен 4млн. 73 миң сом акча каражаты каралып, көптөгөн жакшы жумуштарды аткардык. Балбал айылына таза суунун башына хларатыр орнотуу үчүн 780 миң сом бөлүп бергенбиз. Бул дагы ишке берилди. Маданият үйүнүн ичин жасалгалоого 170 миң сом, биздин айылыбыздагы 3 жылдан бери жарыктандыруучу мамылардын лампочкалары көптөн бери күйбөй калгандыктан 150 миң бөлүндү. Бул сумманын ичинде Беш-Таш айылына 7 күндүн нурунан алынган лампочкаларды койдук. Жалпы айылдагы ички жолдорду оңдоо үчүн солерка, ГСНдер бөлүнгөн. Жалпы суммасы 305 миң сом акча каражатын түздү.
-Дегеле иштин алдыга жылышына өз ишин мыкты билген адистер дагы өз салымын кошот эмеспи. Бул тууралуу да оюңузду уксак?
-Ар бир кызматкердин өзүнүн кызматтык милдети болот. Ал милдеттер менен ар бири таанышып алган. Кандай гана иш болбосун баардыгы өзүнүн ордунда жакшынакай иш алып барганга даяр. Албетте, ар бир кызматкердин өзүнүн бир жылдык иш-планы болот. Ошол пландын негизинде так жана туура иш алып барышкандыктан иштерибиз алдыга жылып жатат деп айтсам жаңылышпасам керек.
-Ар бир жетекчинин иш алып баруу ыкмасы болот эмеспи. Сиз кызматкерлерге кандай талаптарды коёсуз?
-Жетекчи катары кызматкерлер менен биргеликте тыгыз иш алып баргандыктан ушундай ийгиликтер жаралып жатат. Буга чейин дагы билим берүү тармагында 24 жыл эмгектенип, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалагам. Андыктан жалпы эмгек жамааты менен кантип иш алып баруунун ыкмаларын билем.
-Айыл өкмөт башчысы катары алдыга койгон кандай максатыңыз бар?
-Бул кызматка келатканда “Эркектер аткарган жумушту эмне үчүн аялдар аткара албайт?”-деген суроону өзүмө берген элем. Эң негизги максатым-эл үчүн татыктуу кызмат кылып, кийинки муундарга үлгү болгудай артыма из калтыруу.
-Бүгүнкү күндөгү аялзатынын коомдогу ээлеген орду тууралуу да оюңузду уксак?
-“Аялзаты-коомдун кыймылдаткыч күчү!”-деп бекеринен айтылбаса керек. Тарых барактарына кайрыла турган болсок, элинин эртеңки келечеги үчүн кыйын кырдаалдарда чечкиндүү кадамга барган Курманжан Датка энебиздей, кино тармагында кайталангыс образдарды жаратып, көргөн жанды өзүнүн сулуулугу менен суктандырган Таттыбүбү эжебиздей аялзаты менен ар дайым сыймыктансак болот. Бүгүнкү күндө да аялзатынын коомдо ээлеген салмактуу орду абдан чоң деп айтсак болот. Анткени кайсыл гана тармакты албайлы, иштерман айымдар ийгилик жаратып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда.
Булак: BULUT.KG