Кыздаркан Ормонова, “Жазы Кенч” кредиттик союзунун башкармалыгынын төрайымы: “Эне деген бул дүйнөдө теңдеши жок”…

Кыздаркан Ормонова, “Жазы Кенч” кредиттик союзунун башкармалыгынын төрайымы: “Эне деген бул дүйнөдө теңдеши жок”…

24.03.2022 0 Автор bulut.kg

Энелер бул дүйнөдө эң ыйык зат экенин тана албайбыз. «Жүрөгүмдө энекем» аттуу рубриканын бүгүнкү коногу Кыздаркан Зулпукаровна бирде толкундап, бирде муңайып, кээ бир учурда көзүнө жаш ала апасы бар кезин, бактылуу балалыгы жөнүндө кеп салып берди.

—      Кыздаркан эже, сизди алпештеп баккан апаңыз  жөнүндө маек курсак деген ойду айткым келип турат…

—      Эң жакшы болот, апам жөнүндө айтуу мен үчүн сыймык. Эне деген бул дүйнөдө теңдеши жок, эч нерсеге алмашкыс, күчүнө эч нерсе тең келе алгыс баатыр болот деп айткым келет. Мени бул дүйнөгө алып келип, бапестеп баккан апам жөнүндө айтчу болсом, адамгерчиликтүү, кең пейил,  мээнеткеч, ак дил адам болгон. Анан апам  боорукер,  сезимтал аял эле.  Ичиңде айталбай турган көйгөйүңдү көзүңдөн көрүп, туяр эле. Эч качан бирөөлөрдү жамандаганын укпадым. Элдин баары жабыла жамандаган адамдын тарапташы болуп, ошол адамдын жакшы жактары да бар экенин башкаларга жеткирүүгө аракет жасачу. Ошондуктанбы мени кээде кетирген кемчиликтерим үчүн жемелегени менен, бир туугандарымдын алдында мен тарап болорун терең сезип турчумун. Эми апамдын асыл сапаттарын сүрөттөп олтурсам кагаз бети сыйбас, китеп кылып жазсак том-том болор.

—      Эне балалыктын башаты дегендей, апаңыз жөнүндө кеп салып жатып балалык күнүңүз эсиңизге түштү көрүнөт… Балалыгыңызга бир кайрылсак…

—      Балалык, аты айтып тургандай жаз күнүндөй жарык керемет күндөр тура. Ата-энеңдин доорунда эркелеп эч нерсени элес албай, оюн-күлкүгө тойбой бактылуу учурларды өткөрөт экенсиң… Бирок аны учурунда элес албай калат турбайбызбы…

—      Көңүл тереңинде кандайдыр өкүнүч бардай…

—      Туура баамдадың, жогоруда айтпадымбы апам өтө мээнеткеч, күнү кечке жумуш жасагандан жаны тынчу эмес. Чарчап чаалыктым дегенин уккан эмесмин. Оорудум деп жатып калганын да көрбөгөм. Апам көп бала төрөп, аман калып бой жеткенибиз сегизбиз. Сегиз баланы эрезеге жеткирип коюп жакшылыктарыбызды көрбөй өтүп кеткени жүрөгүмдү куйкалап, жүлүнүмдү сыздатат. Баарыбыз бой жетип, улууларыбыз үй-бүлө шаарын түптөп, кичинекейлер али турмуш эмне экенин биле элек кезинде апам кете берди. Апамдын көзү өткөн соң жыл айланбай атам да артынан көз жумду. Өмүр бою бир жаздыкка баш коюп, эгиз козудай ээрчишип жүргөн жарынан ажыроо атама кыйын болду көрүнөт. Күйүтүнө чыдабай кете бердиби деген ойлорго кептелем.

—      Ата-эненин көзү өтүү бала үчүн мурас дешет…

—      Ал айтылган кептин чындыгы бар. Бирок, “Уулду тууп бөлөгөн урматын көрбөй жөнөгөн, кызды тууп бөлөгөн кызматын көрбөй жөнөгөн” дегендей, апамдын бул жарыктан эрте кетиши жүрөк ыйлаткан көрүнүш болду. Жолдон апам менен курбалдаш апаларды көрсөм, буулуга көзүмө жаш тегеренип, ыйлап жиберчүмүн. Жаңы мода болуп жаткан кездемелерди, жоолуктарды көргөндө «аттиң ай апамдын көзү тирүү болсо ушулардан алып кийгизет элем» деп ичимден сызам. Ал эми атчан кишинин караанын алыстан көрсөм атамды эстейм. Баарыбыз жаш болуп бутубузга тура элек кезде өтүштү. Элге окшоп курортко эс алдырган жокпуз деп кейийм.  Жакшылыктарыбызды көрүп, эл керегине жараган инсан болгонубузга кубанып, маңдайы тердеп чайыбызды ичишсе болмок. Ата-эне деле балдарынын урмат сыйын көрүп, көпкө жашаса экен…

—      Балдар ата-энени карап тарбияланат деген кепке кошуласызбы…

—      Албетте, тарбиянын очогу ата-эне болот. Мисалы, апамдын атама жасаган мамилесин көрүп, тарбияландым. Атам кызматкер болгон үчүн күнү кечке талаалап жүрчү. Атам кайсыл учурда келбесин апам уктабай тосуп алып, чайын берчү. Дагы мени таң калтырганы, атам көп учурда атчан жүрөр эле. Ал учурдун мезгил талабы ошондой болсо керек го… Эртең менен атама дасторкон даярдап чайын берип коюп сыртка чыгып, атын токуп даярдап, атамды аткарып узатчу. Иштен келгенде атам аттан түшүп эле камчысын сүйрөп үйгө кирип кетчү, апам атты жайдактап отко коёр эле.  Апам атамды өтө сыйлаганы, кадырлап барктаганы жагынан элдин оозунда айтылып калды. Эрди сыйлагандан аял бейишке чыкса, Майракан эже бейиштин төрүнөн орун алды дешет азыркыга чейин. Чындыгында атамдын сөзү апам үчүн да, балдары, биз үчүн да закон болчу . Биздин балалыкта тентектикти, катачылыктарыбыз үчүн апам «атаң билсе капа болот» деген сөзү менен тарбиялачу экен да көрсө. Уйдө ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди атамдан жакшы баа алыш үчүн өтө аракеттенип жасачубуз. Мисалы, дептерибизден мугалимдин  кызыл менен оңдогон жерин көрсө » иий атаң көрсө эмне дейт» деген сөзү эле ошол катаны кетирбегенге тарбия экен да. Ата-энемдин бири-бирине болгон урмат-сыйы күч болчу.

—      Апаңызга өтө жакын болсоңуз керек…

—      Ошондой, эс тартканымда менден улуулары шаардан окуп калышты. Апама караан болгон мен калдым. Калгандары менден кичине, колумдан келишинче апамдын жеңилин жерден, оорун колдон алганга аракеттенчүмүн. Апам жумушу көп түйшүкчүл аял эле. Ал гана эмес үйүбүздөн мейман үзүлчү эмес. Мен турмушка чыкканча апамдын жанында болдум, окуумду да сырттан окудум, окууну аяктаган соң мектепте иштедим. Ошондон улам го өтө жакын элем. Турмушка чыкканымда да апам кээ бирде жумуштан келериме тамагын жасап көтөрүп келип кабат үйдүн алдында мени күтүп олтурар эле. Кээде кеч келсем да тамагын кучактап алып күтчү. Эне да, мени ачка келет деп аяса керек го… Апам ошондой мээримдүү жан эле.

—      Мээримдүү инсандар берешен да болушат…

—      Туура апам берешен, март аял эле.  Чындыгын айтуу керек. Атам иштегендиктен биз эч нерседен кыйналбай, тамак-аш кийим-кечеден өксү болбой бой жеттик. Апам колунда жокторго болгон оокатыбыздан бөлүп берип турар эле. Ким келбесин дасторкону белен эле, жок дегенди билчү эмес. Ата-энем барда үйүбүз майрамдагыдай шаңга толуп турчу.

—      Майрам демекчи, айылдык клубга кино, концерт келсе биз үчүн майрам эле деп улуулардан укканым бар…

—      Оо, ал кез керемет учур эле да. Клубга кино же концерт келсе буту-бутума тийбей жумуш жасап, эпчил болуп кетчүмүн. Аны байкаган апам бара кой деп жиберер эле. Ал эми даталуу күндөр да өзүнчө майрам эле. Мектепте окуп жүргөнүмдө апам өз колу менен майрамдарга арнап көйнөк, кемсел, кооз үкү топуларды тигип берчү. Мен аларды кийип алып сахнада ырдап-бийлечүмүн. Атам үйдө болгон учур да ( атам көп учурда жумуштан биз уктаганда келчү да) өз алдыбызча кооз кийимдерибизди кийип алып ата-энебизге концерт коюп берчү элек. Ал учурдун баары жүрөк толкутуп, көз жашка муунтуп артта калды. Мен ошондой мээримдүүлүгү ченемсиз, берешен, бирөөгө кара санабаган, керемет  ата-эненин тарбиясын алып бой жеттим.

—      Небере таттуу болот дешет. Апаңыз неберелерине кандай карачу…

—      Неберелерин жанынан артык жакшы көрчү. Эжемдин эки баласы, агамдын эки баласы каникул башталганда айылга келишчү. Менин кызым экинчи класска чейин апамдын колунда чоңойду. Апам балдарга өтө мээримдүү эле. Кичинекейлердин кылык-жоруктарына боору эзилип күлчү, башкача сөздөр менен жалынып-жалбарып эркелетчи эле. Айылдагы башка келиндер деле жумушу чыкса баласын апама таштап кетишчү. Апам кабагым- кашым дебей аларга тамак жасап катар отургузуп курсактарын тойгузуп өз баласындай карай берчү. Чоң үйдүн тиричилиги, күйөөсүнүн түйшүгү,  аягы үзүлбөгөн келди-кетти мейман, анан дагы балдарды караганга кантип жетишти экен деп ойлоном.

Жылуу коштоштук.  Кыздаркан эже өзү апа, таяне болуп калганына карабай апасын күнү бүгүнкүдөй сагынып, ар дайым эстеп жүрөрүн көрүп жүрөгүм жылыды. Мээримдүү берешен эненин тарбиясын алган инсандар, табиятынан боорукер болуп чоңоюшат го деген ойго токтолуп,  жолумду уладым.