Жээнбеков Молдокматовдон кагуу жеп, уят болду

Жээнбеков Молдокматовдон кагуу жеп, уят болду

08.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн Марал радиосунун “Айлампа” программасында “Коррупцияга каршы күрөш : үмүт акталабы?» деген теманын алкагында талкуу болду.Уктурууга саясатчылар Равшан Жээнбеков жана “Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышты.
Адатынча беттен алган Равшан Жээнбеков бүгүнкү эфирде тийешелүү жообун алды окшойт. Ал канча жылдан бери оппозициядамын дегени менен дээрлик жыйынтык чыгара элек. Өзү айтмакчы, тандалма иш жүргүзүп келет. Эгер чындап өлкөнү өнүктүрөлүү деген оюу болсо, баарын эле сындай бербей, тескерисинче өлкөгө жардам берсе болмок. Президен сооронбай Жээнбеков алгач ишти баштаганда жоон топ саясатчыларды, активисттерди, укук коргоочуларды жумушка чакырбады беле. Эгер чындап жакшы ниети болгондо, оорун колдон алып, жеңилин жерден алып көмөктөшүп кетксе оң болмок. Мамлекетке деген түз оюу болгондо кылычтын мизинде чуркаса деле колдоо көрсөтсө мырзалыкка жатмак. Анткени, өлкөнү өнүктүрүү жалгыз президенттин иши эмес.

Булак: bulut.kg