«Жыл мыктысы — 2021”  шоу кечеси өттү

«Жыл мыктысы — 2021” шоу кечеси өттү

27.12.2021 Выкл. Автор bulut.kg

«Кеңеш KG» көп тармактуу журналы жана “Bulut.kg”  Маалымат агенттигинин биргелешүүсү менен өткөн «Жыл мыктысы — 2021» шоу-кечеси Бишкек шаарыбыздагы “Айкөл” Ресторанында  11-декабрь күнү болуп өттү.

Салтанатка “Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов башка бир катар эл өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлери, медицина тармагына өз салымын кошкон инсандар, жеке ишкерлер жана маданият тармагында ийгилик жараткан замандаштарыбыз келип катышышты.

Эске салсак, “Кеңеш KG” көп тармактуу журналы жана Bulut.kg Маалымат агентиги жыл сайын, салтка айлангандай  жыл мыктыларын аныктап, өз күчү менен жайылган ак дасторкон үстүндө шоу-кеченин коштоосунда татыктуу инсандарга, тактап айтканда өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон жарандарга сыйлык тапшырып келет.