«Жыл мыктысы — 2020» шоу-кечеси өттү (Сүрөт)

«Жыл мыктысы — 2020» шоу-кечеси өттү (Сүрөт)

14.12.2020 Выкл. Автор bulut.kg

«Кеңеш kg» көп тармактуу журналы жана Bulut.kg маалымат агенттигинин биргелешүүсү менен өткөн «Жыл мыктысы — 2020» шоу-кечеси баш калаада жайгашкан тойканалардын биринде 12-декабрь күнү болуп өттү.

Салтанатка КРнын президенттигине талапкер Улукбек Кочкоров, ошондой эле Улукбек Ормонов баш болгон бир катар эл өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана маданият адамдары келип катышышты.

Эске салсак, жогоруда аты аталган маалымат каражаттары ар жыл сайын жыл мыктыларын аныктап, өз күчү менен жайылган ак дасторкон үстүндө шоу-кеченин коштоосунда татыктуу инсандарга, тактап айтканда өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон жарандарга сыйлык тапшырып келет.