Жылдыз: Жигитим көңүл ачканды жакшы көрөт, бирок акчасын мен төлөйм…

Жылдыз: Жигитим көңүл ачканды жакшы көрөт, бирок акчасын мен төлөйм…

12.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

AibekNur.kg — Атым Жылдыз, 24 жаштамын. Атам соода тармагында эмгектенгендиги үчүн биздин үйдө муктаждык болбойт. Баарыбызга өз-өзүнчө чакан бизнес ачып берген. Мен айымдар үчүн кийим дүкөнүн ачып, ал жакка соодагерлерди коюп иштетем. Өзүм спорттун жеңил түрү менен машыкканды, ар кандай долбоорлорго, иш-чараларга катышканды жакшы көрөм. 2020-жылдын декабрь айында «Жыл мыктыларын тандоо» аземинде бир жигит менен таанышып калдым. Ал жигит модель экен. Анын сүйлөгөн сөзү, өзүн алып жүргөнү, кийинген кийимдери, дене турпатынын баардыгы өз ордунда экен. Бир гана кемчилиги модель болуп иштегенинде. Мурун эмнегедир мода десе эле анда эмгектенген мырзаларды көрүп, кыжырым кайнай берчү. Даниярды көргөндөн кийин бул оюмдан кайттым.

Данияр менен күндө көрүшүү адатка айланды. Жолугууга ал чакырбаса да, мен чакыра берчүмүн. Мен адатка айлантып алдымбы, же ал көнүп алдыбы билбейм, ар дайым ичкен-жегенибизди, кыскасы, кайда барбайлы анын баарын мен төлөйм. Ошентип биздин мамилебиз сүйүүгө айланып, кыз-жигит катарында жүрүп калдык. Бирок бул адат анда деле өзгөрбөдү. Эми мен акча коротсом, бул мен үчүн деле кыйын эмес. Болгону ал да жигиттик кылып, мага гүл белек берип, тамакка же киного чакыруусун каалар элем. Бул тууралуу өзүнөн сурай албайм. Жаман көрүп калсачы? Же чындап эле акчасы жок болсочу? Андай болсо басынткандай болбоймбу?.. Айтор, эмне кылаарымды билбей жүрөм… бирок Даниярды катуу сүйөм…

Булак: AibekNur.kg