Журналист Чынара Токонова дүйнө салды
04.11.2019Журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
«Чынара экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 4-ноябрь күнү, каза болду», — дешти жакындары.
Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын «Жаш толкун» радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, «Санжыра» радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы учурда 5-каналда «5-элемент» автордук программасын даярдап жүргөн.
Маркум 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.