Журналисттер «сулуу» губернатор Т.Абдраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышууда

Журналисттер «сулуу» губернатор Т.Абдраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышууда

06.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кечээ, 5-июнда чатак чыккан Орок айылында мамлекеттик кызматкерлер, айрым министирлер жана укук коргоо кызматкерлери барып тиешелүү иш-аракеттерди өткөрүштү. Алардын катарында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов да барган. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик каналдын гана журналистине интервью берип башка журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Бул жооругун ал:

“Сиздин кебетеңиз мага жаккан жок”, -деп түшүндүрүп шылдыңдаган таризде күлүп баса берген.

Адраимовдун бул аракетин жалпы журналисттер катуу сынга алып, соцтармактарда анын жумушунан отставкага кетүүсүн талап кылган #абдраимовкетсин деген хештег жарыялашты.

Булак:barometr.kg