Жоогазын

Жоогазын

22.04.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн 8-март. Жаркыраган жаздын алгачкы күндөрүндө
аял затынын майрамынын келиши абдан жакшы жөрөлгө
эмеспи. Быйылкы аялзатынын майрамы борбор калаабызда
өзгөчө майрамдалдыбы же мага ошондой сезилдиби айтор
гүл көтөргөн эр-азаматтарыбыз көп болду.
Борбордун так ортосунан орун алган “Ош” базарынын
ичинде кыжылдаган эл көп, бут коёрго жер жок. Жаныма
жоогазын гүлүн көтөрүп келип калган татынакай жигитти
көргөндө, бир убакта сезимиме өрт түшүргөн ууз сүйүүм
эсиме түштү. Базардагы соодам аяктаганча улам эбак эстен
кеткен элестер көз алдыма тартылып, оюм алагды болду.
Күүгүм талаш үйдү көздөй жөнөп, маршруттук таксиге
олтурганда качанкы кайрылбай кеткен алгачкы сүйүүмө
сүңгүдүм.
Анда мен он сегиз жаштагы буралган селки кезим
эле. Экинчи курста окуп жатканымда бир бөлмөдө, чогуу
жашаган кыздын жигити бизди, конокко чакырды. Барбайм
деп кыйылсам, бөлмөдө жалгыз калмак белең? Бүгүн
студенттердин майрамы болсо дегенинен курбумдун
көңүлүн кыйбай, “вечеринкага” бардым. Биз барганда
жаштар шатыра-шатман, тасмалдын четинен эбак орун
алып калышыптыр. Биринчи көргөн адамдардын арасында
тартынып калуу менин жан дүйнөмө жат көрүнүш эле.
Ошондуктан “вечеринкада” олтурган жаштарга бат эле
аралашып, тил табышып кеттим. Тасмалдын четинде, не
деген керемет кептер айтылбады. Ырдап-чоордоп көңүлдүү
олтурдук. Биз менен олтурган жигиттердин баары баткендик
экени сөздөрүнөн байкалып турду. Анча-мынча сөздөрүнө
түшүнбөй калганым эле болбосо, кече негизинен көңүлдүү
уланды. Жанымда мени улам-улам, көзүнүн кыйыгы менен
карап олтурган жигит мага жагып калды. Жагып калганын
билдирбей, калп эле кыз кылыгын кылып, сыр бербей аны-
муну сүйлөгөн болом.
Бир убакта сыртка чыксам, ал жигит кошо чыкты. Аты
Алым экен. Сыртта күздүн сыдырым жели согуп, айланага
дарактардын акыркы жалбырактары шуудурап, күбүлүп
түшүп жаткан кези эле. Кыштын жакындаган илеби келип
тургандай, асманда толуп турган айга карап, кайдыгер эле “
ээ, жүрөгүм ооруп кетти” деп койдум. Тигил жигит колумдан
кармай калды, “Эмнеге ооруйт?” унчукпай жер тиктедим.
Сыртта кобурашып көпкө турдук. Ичиркене баштаганымды
сезип, колумдан коомай жетелеп, ичкериге баш бакты.
Жаштар көңүлдүү, “вальс” бийлеп жатышыптыр. Сырттагы
сүйлөшүүбүз бизди жакындатты көрүнөт жетелеше келип
бийлеп калган бизге кол чаап жиберишти. Көпкө бийледик.
Белимден имере кучактап, бетимден өптү. Мурун бир да
жигиттин эрини бетиме тийбеген үчүнбү, мен кызыктай
болуп кеттим.

  • Кечирип кой Гүлайша деди.
  • Мындан кийин кайталачу болбо дедим, кабак
    чытый.
  • Хоп болот, ханышам.
  • Ханыша бийлик жүргүзүүгө даяр деп күлүп,
    тамашасын коштодум.
  • Сиздин кулуңуз айтканыңызды орундатуу үчүн
    күтүп турат деп, тизелей калды.
    Мен айланага шашкалактай көз жүгүртүп, тур деп,
    желкесинен тарттым. Ал тура калып, белимден имере

тартып, жүрү тигил үйгө барып, суу ичип келеличи деп,
жообумду күтпөй жетелеп жөнөдү. Ашканада суу ичип
жатканда тигилсем, көздөрү тим эле, чыныга терип койгон
карагаттай капкара экен. Көздөрү көзүмө чагылганда
денемди, кандайдыр бир жылуу сезим аралап өткөндөй
болду. Колумдан кармап, белимден имере кучактап,
кичинекей балапаным мынча “чёткий” кызсың деп, бооруна
кысып, бүлдүркөн эриниме эрдин тийгизгенде жагымдуу
маанайга туш келе түштүм. Өбүшүп көпкө турдук. Биринчи
жолу жигит менен өбүшүп жатсам да аябай жакты. Түнү
бою, бурчта кучакташып олтурдук. Алымдын кучагына
башымды катып, уктап кетипмин. Таң агарганда Алым мени
диванга жаткырып, чекемден сүйүп коюп сыртка чыкты.
Көпкө жок болду, чыдабай чыгып эле таппай калдым. Эки
жакты элтейип карап турган мени байкаган Алымдын досу,
Гүлайша! Алым сабакка кетти деп үн салды. Ичимдеги
ойду окутуп койгонума уяла түштүм да. Ичкери кирип,
сумкамды алып, эч бирөөнө карабастан сабакка жөнөп
кеттим. Ичимден Алымга таарынып бара жаттым. Сабакка
бара жатканын айтып, коштошуп кетсе болмок да деп,
коём. Кайрадан өзүмдү жемелейм, биринчи көргөн эркекке
жабышып калсаң, сени жакшы деп ойломок беле. Өзүмдү
жемелеп алып, сабакка кантип жетип, сабактан кантип
чыкканымды билбейм. Кыскасы көз алдымда Алым, эми
көрсөм. Эч качан бетин карабайм деп коём өзүмчө.
Мына ошол күндөн тарта таш боор тагдырдын
табышмагыбы же болбосо мен махабатка багынганымбы.
Мен ойчул болуп, түнт тартып кеттим. Сабактан колум
бошосо эле терезеге тигилип, кимдир бирөөнү күтүп калам.
Бирок, мен күткөн адамдын карааны көрүшү тозок болду.
Бир күнү “Ош” базарына курбум ээрчитип барды.
Автобустан түшсөк эле Алым бир кыз менен, каткырышып
турат. Көрүп алып, “ ээ акмак, көрсө көрүнгөндүн башын
айланткан эркек сөрөй турбайбы” деген ойдун оромунан
чыга албай калдым. Ичимдин күйгөнүн айтпа, кызганычым
ашып-ташып, Алымдын жанында турган кызды тытмалап
жибергим келгеничи. Бизди көрүп калган Алым келип
мени кучактап бетимден өөп, жанындагы кызга кайрылып,
“жеңең” болот дегенде өзүмчө уяла түштүм.
Көрсө Алымдын таэнеси каза болуп, айылга кеткен
экен да. Ал учурда азыркыдай телефон да жок эмес беле.
Бирге олтуруп тамактанып, таарынычыбыз сагынычыбыз
жазылды.
Ошол күндөн тарта Алым сабактан чыккандан кийин
менин жатаканама келет, экөөбүз кар кечип, бир топко
жүрөбүз. Күн өткөн сайын биздин сүйүү өркүндөй берди.
Алым Гүлайша, сенин ата-энең “сарт” деп мени чанса
эмне кылабыз? деп кеп козгосо, оозун алаканым менен
жабып, “антишпейт” деп, моюнуна колумду ороп, эркелеп
кетчүмүн. Алым, ким билсин каршы чыкпаса сонун болот
эле деп, акырын улутунуп койчу. Көрсө, Алымдын жүрөгү
экөөбүздүн бир болбой турганыбызды сезген тура.
Кычыраган кыш кетип, жаз баш бакты, жазды утурлай
аялдардын эл аралык майрамы келди. Таң эртеден баштап,
бөлмөдөгү кыздар ким кандай белек алганын бежиреп
жатышты. Мен Алым келер деп, эшиктен көзүмдү албайм.
Күн кечтеп баратат, Алымдан болсо кабар жок. Терезеге
тигилип туруп, кечтин киришин карап, капа болуп кеттим.
“Алым мени жакшы көрбөсө керек” деп оюмду жыйнаганча
болбой эшик тыкылдап калды.
Акырын барып, эшикти ача берсем, чоң гүлдестени
көтөрүп, Алым турат. Колунда көтөргөн гүл десте тим эле
чоктой кызарып, көз жоосун алат. Колунан гүлдү алып,
шашкалактадым, эмне кылар айламды таппай эбелектейм.
Алым менден кечирим сурап, жумуштан чыкканча
кеч болуп кетти десе таң калып калдым. Мен Алымдын
сабактан сырткары иштегенин билчү эмесмин. Уялып
калдым.
Жадыраган жаз аяктап, аптаптуу жай келип, жайкы
эс алууга тарадык. Батыш авто бекетинен мени автобуска
салып, кол булгалап, узаткан Алымдын карааны алыстап,
көрүнбөй калды. Мен кайдасың кереметтүү Ысык-Көлүм
деп, шашып баратам. Айылга барып, ата-энеме айтып,
тойго даярданалы деген ойду ойлогондо Алымды сагынып
кеттим. Алымдын бир, мүнөздүү, токтоо келбети көз
алдыма тартыла түштү.
Түн кирип, асманда сансыз жылдыздар жыбыраган
кезде, авто бекетке жетип бардым. Атам-энем күтүп,
алышты. Кобурашып, айылга кирип, бардык.
Керемет көлүмө түшүп, жээгинде кумга оонап оңуп
калдым. Күнү бою суудан чыкпай балыктай сүзөм. Апам
тамак ичип алчы каралдым деп күйпөлөктөп тамакка
чакырып калат.
Арадан бир жумадай өткөндө апама Алым экөөбүздүн
мамиле жөнүндө айтып бердим. Апам эки жагын элтейе
карап, корккон коёндой мага тигиле “атаң укпасын, урушат”
деди. Атам дээринен айтканын бербеген кежир киши эле.
“Неге урушат” деп таң калып калдым.

  • Сени кудалап койгонбуз, жакында алып кетет.
    Апам, мага боор толгой сүйлөдү.
    Мен чучуктай чаңырып жибердим. Мага айтпай
    ким менен тагдырымды чечип жүрөт. Атам келип, апамды
    акшыя карап, кызыңды тый. Эртең кудалар келип алып
    кетишет деди.
  • Мен качып кетем, бул жерде калбайм деп, жүгүрүп
    жөнөдүм. Атам мени кармай калып, эгер ошол “сартты”
    менден артык көрсөң кет! Жогол, көзүмө көрүнбө! Сени
    өлүп калды деп эсептеп коёмун деп кыйкырды. Мен жерге
    жатып алып, боз топуракка аралашып, боздоп жаттым.
    Канча ыйлап жаттым ким билсин, айтор мени кой
    ыйлаба деген киши болбоду.
    Ыйлап жатып, уктап калыпмын. Түшүмдө бутума
    кийген бут кийимим, жыртылып калыптыр.
  • (уландысы бар)

Альбина Шадыбекова