ЖООГАЗЫН
18.06.2020
Бүгүн 8-март. Жаркыраган жаздын алгачкы күндөрүндө аял затынын майрамынын келиши абдан жакшы жөрөлгө эмеспи. Быйылкы аялзатынын майрамы борбор калаабызда өзгөчө майрамдалдыбы же мага ошондой сезилдиби, айтор гүл көтөргөн эр азаматтарыбыз көп болду. Борбордун так ортосунан орун алган “Ош базарынын” ичинде кыжылдаган эл көп, бут коёрго жер жок. Жаныма жоогазын гүлүн көтөрүп келип калган татынакай жигитти көргөндө, бир убакта сезимиме өрт түшүргөн ууз сүйүүм эсиме түштү. Базардагы соодам аяктаганча улам эбак эстен кеткен элестер көз алдыма тартылып, оюм алагды болду. Күүгүм талаш үйдү көздөй жөнөп, маршруттук таксиге олтурганда качанкы кайрылбай кеткен алгачкы сүйүүмө сүңгүдүм. Анда менин 18 жаштагы буралган селки кезим эле. Экинчи курста окуп жатканымда комнатада, чогуу жашаган кыздын жигити бизди, конокко чакырды. Барбайм деп кыйылсам, комнатада жалгыз калмак белең? бүгүн студенттердин майрамы болсо дегенинен курбумдун көңүлүн кыйбай, “вечеринкага” бардым. Биз барганда жаштар шатыра-шатман, тасмалдын четинен эбак орун алып калышыптыр. Биринчи көргөн адамдардын арасында тартынып калуу менин жан дүйнөмө жат көрүнүш эле. Ошондуктан “вечеринкада” олтурган жаштарга бат эле аралашып, тил табышып кеттим. Тасмалдын четинде, не деген керемет кептер айтылбады. Ырдап-чордоп көңүлдүү олтурдук. Биз менен олтурган жигиттердин баары Баткендик экенин сөздөрүнөн байкалып турду. Анча-мынча сөздөрүнө түшүнбөй калганым эле болбосо кече негизинен көңүлдүү уланды. Жанымда мени улум-улам, көзүнүн кыйыгын салып олтурган жигит мага жагып калды. Жагып калганын билдирбей, калп эле кыз кылыгын кылып, сыр бербей аны-муну сүйлөгөн болом. Бир убакта сыртка чыксам, ал жигит кошо чыкты. Аты Алым экен. Сыртта күздүн сыдырым жели согуп, айланага дарактардын акыркы жалбырактары шуудурап, күбүлүп түшүп, жаткан кези эле. Кыштын жакындаган илеби келип тургандай, асманда толуп турган айга карап, кайдыгер эле, “ ээ жүрөгүм ооруп кетти” деп койдум. Тигил жигит колумдан кармай калды, “Эмнеге ооруйт?” унчукпай жер тиктедим. Сыртта кобурашып көпкө турдук. Ичиркене баштаганымды сезип, колумдан коомай жетелеп, ичкериге баш бакты. Жаштар көңүлдүү, “вальс” бийлеп жатышыптыр. Сырттагы сүйлөшүүбүз бизди жакындатты көрүнөт жетелеше келип бийлеп калган бизге кол чаап жиберишти. Көпкө бийледик. Белимден имере кучактап, бетимден өптү. Мурун бир да жигитин эрини бетиме тийбеген үчүнбү, мен кызыктай болуп кеттим.
- Кечирип кой Гүлайша деди.
- Мындан кийин кайталачу болбо дедим, кабак чытый.
- Хоп болот, ханышам.
- Ханыша бийлик жүргүзүүгө даяр деп күлүп, тамашасын коштодум.
- Сиздин кулуңуз айтканыңызды орундатуу үчүн күтүп турат, тизелей калды. Мен айланага шашкалактай көз жүгүртүп, тур деп, желкесинен тарттым. Ал тура калып, белимден имере тартып, жүрү тигил үйгө барып, суу ичип келеличи деп, жообумду күтпөй жетелеп жөнөдү. Ашканада суу ичип жатканда тигилсем, көздөрү тим эле, чыныга терип койгон карагаттай капкара экен. Көздөрү-көзүмө чагылганда денемди, кандайдыр бир жылуу сезим аралап өткөндөй болду. Колумдан кармап, белимден имере кучактап, кичинекей балапаным мынча “чоткий” кызсың деп, бооруна кысып, бүлдүркөн эриниме эрдин тийгизгенде жагымдуу маанайга туш келе түштүм. Өбүшүп көпкө турдук. Биринчи жолу жигит менен өбүшүп жатсам да аябай жакты. Түнү бою, бурчта кучакташып олтурдук. Алымдын кучагына башымды катып, уктап кетипмин. Таң агарганда Алым мени диванга жаткырып, чекемден сүйүп коюп сыртка чыкты. Көпкө жок болду, чыдабай чыгып эле таппай калдым. Эки жакты элтейип карап турган мени байкаган Алымдын досу, Гүлайша! Алым сабакка кетти деп үн салды. Ичимдеги ойду окутуп койгонума уяла түштүм да. Ичкери кирип, сумкамды алып, эч бирөөнө карабастан сабакка жөнөп кеттим. Ичимден Алымга тарынып бара жаттым. Сабакка бара жатканын айтып, коштошуп кетсе болмок да деп, коём. Кайрадан өзүмдү жемелейм, биринчи көргөн эркекке жабышып калсаң, сени жакшы деп ойломок беле. Өзүмдү жемелеп алып, сабакка кантип жетип, сабактан кантип чыкканымды билбейм. Кыскасы көз алдымда Алым, эми көрсөм. Эч качан бетин карабайм деп коём өзүмчө. Мына ошол күндөн тарта таш боор тагдырдын табышмагыбы же болбосо менен махабатка багынганымбы. Мен ойчул болуп, түнт тартып кеттим. Сабактан колум бошосо эле терезеге тигилип, кимдир бирөөнү күтүп калам. Бирок мен күткөн адамдын карааны көрүшү тозок болду. Бир күнү, “Ош базарына” курбум эрчитип барды. Автобустан түшсөк эле Алым бир кыз менен, каткырышып турат. Көрүп алып, “ ээ акмак көрсө көрүнгөндүн башын айланткан эркек сөрөй турбайбы” деген ойдун оромунан чыга албай калдым. Ичимдин күйгөнүн айтпа, кызганычым ашып-ташып, Алымдын жанында турган кызды тытмалап, жибергим келгеничи. Бизди көрүп калган Алым келип мени кучактап бетимден өөп, жанындагы кызга кайрылып, “жеңең” болот дегенде өзүмчө уяла түштүм. Көрсө Алымдын таэнеси өтүп кетип айылга кеткен экен да. Ал учурда азыркыдай телефон да жок эмес беле. Бирге олтуруп тамактанып, тарынычыбыз сагынычыбыз жазылды. Ошол күндөн тарта Алым сабактан чыккандан кийин менин жатаканама келет, экөөбүз кар кечип, бир топко жүрөбүз. Күн өткөн сайын биздин сүйүү өркүндөй берди. Алым Гүлайша, сенин ата-энең “сарт” деп мени чанса эмне кылабыз? деп кеп козгосо, оозун алаканым менен жабып, “антишпейт”.деп, мойнуна колумду ороп, эркелеп кетчүмүн. Алым, ким билсин каршы чыкпаса сонун болот эле деп, акырын улутунуп койчу. Көрсө Алымдын жүрөгү экөөбүздүн бир болбой турганыбызды сезген тура. Кычыраган кыш кетип, жаз баш бакты, жазды утурлай аялдардын эл аралык майрамы келди. Таң эртеден баштап, комнатадагы кыздар ким кандай белек алганын бежиреп жатышты. Мен Алым келер деп, эшиктен көзүмдү албайм. Күн кечтеп баратат Алымдан болсо кабар жок. Терезеге тигилип туруп, кечтин киришин карап, капа болуп кеттим. “Алым мени жакшы көрбөсө керек” оюмду жыйнаганча болбой эшик тыкылдап калды. Акырын барып, эшикти ача берсем, чоң гүлдестени көтөрүп, Алым турат. Колунда көтөргөн гүл десте тим эле чоктой кызарып, көз жоосун алат. Колунан гүлдү алып, шашкалактадым, эмне кылар айламды таппай эбелектейм. Алым менден кечирим сурап, жумуштан чыкканча кеч болуп кетти десе таң калып калдым. Мен Алымдын сабактан сырткары иштегенин билчү эмесмин. Уялып калдым. Жадыраган жаз аяктап, аптаптуу жай келип, жайкы эс алууга тарадык. Батыш авто бекетинен мени автобуска салып, кол булгалап, узаткан Алымдын карааны алыстап, көрүнбөй калды. Мен кайдасың кереметтүү Ысык-Көлүм деп, шашып баратам. Айылга барып, ата-энеме айтып, тойго даярданалы деген ойду ойлогондо Алымды сагынып кеттим. Алымдын бир, мүнөздүү, токтоо келбети көз алдыма тартыла түштү. Түн кирип, асманда сансыз жылдыздар жыбыраган кезде, авто бекетке жетип бардым. Атам, апам экөө тосуп алышты. Кобурашып, айылга жетип бардык. Керемет көлүмө түшүп, жээгинде кумга оонап оңуп калдым. Күнү бою суудан чыкпай балыктай сүзөм. Апам тамак ичип алчы каралдым, күйпөлөктөп тамакка чакырып калат. Арадан бир жумадай өткөндө апама Алым экөөбүздүн мамиле жөнүндө айтып бердим. Апам эки жагын элтейе карап, корккон коёндой мага тигиле “атаң укпасын, урушат” деди. Атам дээринен айтканын бербеген кээжир киши эле. “Неге урушат” деп таң калып калдым.
- Сени кудалап койгонбуз, жакында алып кетет. Апам, мага боор толгой сүйлөдү. Мен чучуктай чаңырып жибердим. Мага айтпай ким менен тагдырымды чечип жүрөт. Атам келип, апамды акшыя карап, кызыңды тый. Эртең кудалар келип алып кетишет деди.
- Мен качып кетем, бул жерде калбайм деп, жүгүрүп жөнөдүм. Атам мени кармай калып, эгер ошол “сартты” менден артык көрсөң кет! Жогол, көзүмө көрүнбө! Сени өлүп калды деп эсептеп коёмун деп кыйкырды. Мен жерге жатып алып, боз топуракка аралышып, боздоп жаттым. Канча ыйлап жаттым ким билсин, айтор мени кой ыйлаба деген киши болбоду. Ыйлап жатып, уктап калыпмын. Түшүмдө бутума кийген бут кийимим, жыртылып калыптыр. Чочуп ойгондум, керебетиме жаткырып коюптур. Апамды аядым, шишимик тарткан көздөрүнөн эле ыйлаганын билдим. Атам жемелеп, урушкан окшойт деп апамды аяп кеттим. Ата-энем тапкан жигитке турмушка турмушка чыгууну туура көрдүм. Бат эле той болду, мен башка үйдүн босогосун аттадым. Жолдошум жылдыздуу жигит экен. Жылдыздуу болгону курусун кабагы ачылбайт. Башында өзү көп сүйлөбөгөн жигит окшойт деп ойлодум. Үйлөнгөнүбүзгө көп өтпөй, Жолдошум Руслан мас болуп келди да мени муздак көз караш менен тиктеп коюп, чүмкөнүп жата кетти. Жумушум бүткөн соң жанына акырын жылып барып, жуурканды тарта берип Русландын ыйлап жатканын туйдум. Тигилип турганымды байкай койгон, ал Гүлайша, “Сүйүп көрдүң беле?”деди. Мен эмне дээримди билбей элейдим. Бир топто өзүмдү колго ала коюп, Руслан, “Сен эмне, бирөөнү жактырып калдыңбы?”деп суроо салдым. Руслан жактырбай эле мен сенден башканы сүйөм. Ата-энем, “Капардын кызы жакшы, тириликке тың, токто мүнөздү деп туруп алышты”. Капарынын кызынын мага турмушка чыккандан бери кабагы ачылбайт. Мени тоготпой, жашап жатканын билишет бекен? Жашайм десең мындан кийин, кабагыңды ачып жүр. Болбосо, үйүңө кет! Уктуңбу?- Гүлайша.
- Ооба, жашагың келбесе мага үйлөнүп, бактымды байлабай койсом болмок экен? Ата-энем ортого түшпөсө сенин жаныңда жарым саат турмак эмесмин, дедим.
- Мен да эне-атамдын сөзүнө каршы чыга албадым. Болбосо, Айпериге үйлөнөт элем. Русландын көзүнө жаш тегерене түштү.
- Менин деле жигитим, бар болчу деген сөз көмөкөйүмө келип такалып туруп калды. Айтууга кандайдыр күч жол бербеди. Экөөбүз сүйлөшпөй, эки жакты карап, жатып калдык. Уктабай ойлорубуз менен алпурушуп, жатканыбызды туйсак да сүйлөшкөн жокпуз. Таң ата туруп, турмуштун, бүтпөгөн түмөн түйшүгүнө аралашып кеттим. Сырттан самоор көтөрүп келе жатып, кайын энемдин Русланды тилдеп жатканын кулагым чалды. Айпериге жолукканыңды токтот! Эми сени үй-бүлөлүү эркек дейт. Руслан башын төмөн салып, тунжурады. Бара-бара бактысыз турмушка көнүп калдым, Жолдошум болсо күн өткөн сайын, ичимдикке берилип баратты. Менин окуумду улантканга каршы болду. Ай күнүм жетип уул төрөдүм. Уулду болгон соң биротоло Русланга байландым, балам үчүн жашайын деп, болгон аракетимди жумшадым. Руслан ичкенин токтоткон жок. Билинбей, мезгил өз огунда айланып, үч уулду болдук. Жолдошум ичкичке айланып кетти. Кайын журтумдун жакшылыгынан эле карманып, жашап калдым. Ичип келгенде тили тургай, колу кийчү болду. Менин көк-ала болгон денемди көргөндө ата-энем зыркырайт. Акыры ажырашып тындык. Апам, сенин бактыңды биз байладык окшой деп ыйлайт. Атам жер тиктеп, күнөөсүн сезип, тунжурайт. Ажырашкандан кийин Руслан үйгө бара бергенинен мени шаарга жөнөтүштү. Көрүнгөн жерде иштеп көрдүм. Аягында нан бышырган жерге ишке орноштум. Дандырга нан жасап берем, башында кыйналып жүрүп көнүп кеттим. Нанды жакшы жасап, так иштеп кожоюнума жагып, маянамды жакшы төлөп берди. Ишим алга жылып өзүм дандыр иштетип калдым. Шаар четинен үй сатып алдым, балдарымды жаныма алып келип алганмын. Ата-энем, келип кошо карашып, жүрүшөт. Жолдошум болсо, баягы Айперисине үйлөнүп көп жашабай ажырашып тынган. Жарашам деп, кечирим сурап келип жүрөт. Биз жакшына жашап жатканда үй-бүлөбүздү бузган Айпери неге жашабай кетип калды деп таңкалып жүрөм. Мен шаардан алыс жашайм. Маршруттук такси бир жерге токтоп, жүргүнчүлөр чыга баштады. Терезеге тигилем, көөдөнүмдү кандайдыр бир сагынычпы же болбосо ызабы кандайдыр бир нерсе куушуруп баратты. Көзүмө жаш келип өзүнөн өзү эле, жаак ылдый куюлуп турду. Маршруттук такси ордунан козголгондо кайрадан качанкы элестерге сүңгүп, ээ жаа бербеген сезимдер арасына серпилдим. Шаарда иштеп жүрүп, Алымга кезиктим. Жанымдан өтө бергенде таанып калдым. Ал мени байкабай өтүп кетти. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй түрсүл согуп, бир башкача болуп кеттим. Шалдырап, оюнчугун колунан жулдурган жаш баладай томсордум, эсиме келе калып артынан жүгүрдүм бирок чоң шаардын кай жеринен тапмак элем деп аргасыз бут шилтеп жол уладым. Ошол күндөн баштап, кайрадан элесимен Алым кетпей анын жашоосуна кызыгып, сураштыра баштадым. Эки кызы бар экен аялы менен таарынышып жүрүптүр. Алымга жолугууну дегдеп туруп алдым. Бирок издеп барганга намысым жол берген жок. Арадан күндөр айланып, нан саткан кызым суранып кетип, ордуна нан сатып турсам Алым келип нан алып калды. Курган жүрөк болк этти. Каректер чагылыша түшкөндө, качанкы жүрөктөгү махабатым сыртка чыгып калгандай аптыктым. Мени тааный коюп, Алым жадырай сен кайдан?
- Асмандан, деп койдум. Экөөбүз тең күлүп калдык. Мына ушул шыңгыр күлкүнү канча жылдан бери угууга зар болуп жүргөнүмчү. Аркы-беркини сүйлөшүп, телефон номеримди сурап алды. Көп убакыт өтпөй эле, Алым телефон чалды.
- Алоо, Гүлайша кандайсың?
- Жакшы.
- Бирге тамактансак дедим эле?..
- Жок…болбой калат го дедим алсыз.
- Неге болбойт, келе бер сени токойго сүйрөмөк белем. Алым күлүп калды.
- Макул мен азыр, тим эле жаңы жигит сүйүп жаткансып, аптыкканымчы. Тамактанып олтурабыз, баягы оттуу көздөр жалын чачып мага тигилип турду. Жүрөгүм туйлап кетти. Сыр алдырбай, баары жакшы деп олтурдум. Барсам ала качып кетти деп койдум. Алым ар нерселерди айтым мени күлдүрүп, жатты. Жашоосу эл катары өтүп жатканын, менден үмүтүн үзө албай көп жылдан кийин үйлөнгөнүн саймедиреди. Тамактанып сыртка чыккан соң, мага кыпкызыл жоогазын гүлүн сатып берди. Гүлдү колума карматып жатып, Гүлайша мен кызыл жоогазын гүлүн көргөндө сөзсүз сени эстеймин. Ар качан жоогазындай жаркып жүр. Башымды араң ийкедим. Жылуу коштоштук. Үйгө кызыл гүл көтөрүп, кирип келсем. Апам башкача көз караш менен карап койду. Бирөөнү таптыңбы деген оюн көзүнөн окуп калдым. Чечинип, чайга олтурганда апама мен эч кимди тапкан жокмун, Алымга жолугуп калдым. Апам мага таң кала карады.
- Анын үй-бүлөсү бар экен. Менден үмүтүн үзө албай жүрүп, кеч үйлөнүптүр. Апам күнөөлүү кишидей унчукпады. Апамдын жүрөгүн ооруткум келбей сөзүмдү андан ары улаган жокмун. Алым экөөбүз андан кийин жолуккан жокпуз. Бирок менин сезимимде дагы деле жашап келе жатат. Жолдошуман кийин эркек аттууну жек көрүп калам го деген ойдо элем. Бирок, Алымга болгон алоо сезимим башкача. Ичимден ойлоп коём, Алым мени ойлонот болду бекен. Кайра бир оюм каршы чыгат, ойлонбой коймок беле. Ал мени сүйөт. Сүйөт деген ойду ойлогонум да ичимден чыккан ысык илеп, бүт денемди каптап кетти. Быйыл жаз келип, 8-март жакындаганда кандайдыр бир жакшылыктын илеби мага сезилгендей, жүрөгүм алда кайда алып учуп жатты. Кимдир бирөөдөн жакшы сөз айтчудай туюлат. Быйылкы жаз сөзсүз жакшылыктын жарчысы болот деген ойго жетеленип, маршруттук таксиден түштүм. Үйүмдү көздөй баратып, жол караган мотурайган уулдарымды эстеп жылмайып алдым. Буйруса жакшылыктар али астыда деп алга карай кадам шилтедим.
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG