Жоогазын
06.05.2019(уландысы)
Чочуп ойгондум, керебетиме жаткырып коюптур. Апамды аядым, шишик тарткан көздөрүнөн эле ыйлаганын билдим. Атам жемелеп, урушкан окшойт. Ата-энем тапкан жигитке турмушка чыгууну туура көрдүм.
Бат эле той болду, мен башка үйдүн босогосун аттадым. Жолдошум жылдыздуу жигит экен. Жылдыздуу болгону курусун, кабагы ачылбайт. Башында өзү көп сүйлөбөгөн жигит окшойт деп ойлодум. Үйлөнгөнүбүзгө көп өтпөй, жолдошум Тилек мас болуп келди да, мени муздак көз караш менен тиктеп коюп, чүмкөнүп жата кетти.
Жумушум бүткөн соң жанына акырын жылып барып, жуурканды тарта берип, Тилектин ыйлап жатканын туйдум. Тигилип турганымды байкай койгон, ал: “ Гүлайша, сүйүп көрдүң беле?”-деди. Мен эмне дээримди билбей, элейдим.
Бир топто өзүмдү колго ала коюп: “ Тилек, сен эмне, бирөөнү жактырып калдыңбы?” -деп суроо салдым.
Тилек: “ Жактырбай эле, мен сенден башканы сүйөм”- деди да, кеп учугун улады.
-“Ата-энем Капардын кызы жакшы, тириликке тың, токтоо мүнөздүү деп туруп алышты. Капарынын кызынын мага турмушка чыккандан бери кабагы ачылбайт. Мени тоготпой, жашап жатканын билишет бекен? Жашайм десең мындан кийин, кабагыңды ачып жүр. Болбосо, үйүңө кет! Уктуңбу?- деп кыйкырды.
— “Ооба, жашагың келбесе мага үйлөнүп, бактымды байлабай койсом болмок экен? Менин да ата-энем ортого түшпөсө, сенин жаныңда жарым саат турмак эмесмин!”- дедим.
— “Мен деле эне-атамдын сөзүнө каршы чыга албадым. Болбосо, Айпериге үйлөнөт элем.” Тилектин көзүнө жаш тегерене түштү.
Менин деле жигитим бар болчу деген сөз көмөкөйүмө келип такалып туруп калды. Айтууга кандайдыр күч жол бербеди.
Экөөбүз сүйлөшпөй, эки жакты карап, жатып калдык. Уктабай ойлорубуз менен алпурушуп, жатканыбызды туйсак да, сүйлөшкөн жокпуз. Таң ата туруп, турмуштун, бүтпөгөн түмөн түйшүгүнө аралашып кеттим. Сырттан самоор көтөрүп келе жатып, кайын энемдин Тилекти тилдеп жатканына кулагым чалды. Айпериге жолукканыңды токтот! Эми сени үй-бүлөлүү эркек дейт.
Тилек башын төмөн салып, тунжурады.
Бара-бара бактысыз турмушка көнүп калдым, Жолдошум болсо күн өткөн сайын, ичимдикке берилип баратты. Менин окуумду улантканга каршы болду.
Ай күнүм жетип уул төрөдүм. Уулду болгон соң, биротоло Тилекке байландым, балам үчүн жашайын деп болгон аракетимди жумшадым. Тилек ичкенин токтоткон жок. Билинбей, мезгил өз огунда айланып, үч уулду болдук. Жолдошум ичкичке айланып кетти. Кайын журтумдун жакшылыгынан эле карманып жашап калдым. Ичип келгенде тили тургай, колу тийчү болду. Менин көк-ала болгон денемди көргөндө ата-энем зыркырайт.
Акыры ажырашып тындык. Апам, “сенин бактыңды биз байладык окшойт” деп ыйлайт. Атам жер тиктеп, күнөөсүн сезип, тунжурайт. Ажырашкандан кийин Тилек үйгө бара бергенинен, мени шаарга жөнөтүштү. Көрүнгөн жерде иштеп көрдүм. Аягында нан бышырган жерге ишке орноштум. Тандырга нан жасап берем, башында кыйналып жүрүп, көнүп кеттим. Нанды жакшы жасап, так иштеп кожоюнума жагып, маянамды жакшы төлөп берди. Ишим алга жылып, өзүм тандыр иштетип калдым. Шаар четинен үй сатып алдым, балдарымды жаныма алып келдим. Ата-энем келип кошо карашып жүрүшөт. Жолдошум болсо, баягы Айперисине үйлөнүп, көп жашабай ажырашып тынган. Жарашам деп, кечирим сурап келип жүрөт. Биз жакшынакай жашап жатканда үй-бүлөбүздү бузган Айпери, неге жашабай кетип калды деп таңкалып жүрөм.
Мен шаардан алыс жашайм. Маршруттук такси бир жерге токтоп, жүргүнчүлөр чыга баштады. Терезеге тигилем, көөдөнүмдү кандайдыр бир сагынычпы же болбосо ызабы, кандайдыр бир нерсе куушуруп баратты. Көзүмө жаш келип, өзүнөн өзү эле жаак ылдый куюлуп турду. Маршруттук такси ордунан козголгондо, кайрадан качанкы элестерге сүңгүп, ээ жаа бербеген сезимдер арасына серпилдим.
Шаарда иштеп жүрүп, Алымга кезиктим. Жанымдан өтө бергенде таанып калдым. Ал мени байкабай өтүп кетти. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй түрсүл согуп, бир башкача болдум. Шалдырап, оюнчугун колунан жулдурган жаш баладай томсордум, эсиме келе калып артынан жүгүрдүм бирок, чоң шаардын кай жеринен тапмак элем деп аргасыз бут шилтеп жол уладым. Ошол күндөн баштап, кайрадан элесимен Алым кетпей, анын жашоосуна кызыгып, сураштыра баштадым. Эки кызы бар экен, аялы менен таарынышып жүрүптүр. Алымга жолугууну дегдеп туруп алдым. Бирок, издеп барганга намысым жол берген жок.
Арадан күндөр айланып, нан саткан кызым суранып кетип, ордуна нан сатып турсам, Алым келип нан алып калды. Курган жүрөк болк этти. Каректер чагылыша түшкөндө, качанкы жүрөктөгү махабатым сыртка чыгып калгандай аптыктым. Мени тааный коюп, Алым жадырай: “ Сен кайдан?”
— “Асмандан,”- деп койдум. Экөөбүз тең күлүп калдык. Мына ушул шыңгыр күлкүнү канча жылдан бери угууга зар болуп жүргөнүмчү. Аркы-беркини сүйлөшүп, телефон номеримди сурап алды.
Көп убакыт өтпөй эле, Алым телефон чалды.
— “Алоо, Гүлайша кандайсың?”
— “Жакшы.”
— “Бирге тамактансак дедим эле?..”
— “Жок…болбой калат го,”- дедим алсыз.
— “Неге болбойт, келе бер сени токойго сүйрөмөк белем,”- Алым күлүп калды.
— “Макул, мен азыр.” Тим эле жаңы жигит сүйүп жаткансып, аптыкканымчы.
Тамактанып олтурабыз, баягы оттуу көздөр жалын чачып мага тигилип турду. Жүрөгүм туйлап кетти. Сыр алдырбай, баары жакшы деп олтурдум. Барсам ала качып кетти деп койдум.
Алым ар нерселерди айтып мени күлдүрүп жатты. Жашоосу эл катары өтүп жатканын, менден үмүтүн үзө албай, көп жылдан кийин үйлөнгөнүн айтып берди. Тамактанып сыртка чыккан соң, мага кыпкызыл жоогазын гүлүн сатып берди. Гүлдү колума карматып жатып:- “ Гүлайша, мен кызыл жоогазын гүлүн көргөндө, сөзсүз сени эстейм. Ар качан жоогазындай жаркып жүр.” Башымды араң ийкедим. Жылуу коштоштук.
Үйгө кызыл гүл көтөрүп, кирип келсем. Апам башкача көз караш менен карап койду. Бирөөнү таптыңбы деген оюн көзүнөн окуп калдым. Чечинип, чайга олтурганда, апама мен эч кимди тапкан жокмун, Алымга жолугуп калганымды айттым.
Апам мага таң кала карады.
— “Анын үй-бүлөсү бар экен. Менден үмүтүн үзө албай жүрүп, кеч үйлөнүптүр.” Апам күнөөлүү кишидей унчукпады. Апамдын жүрөгүн ооруткум келбей, сөзүмдү андан ары улаган жокмун.
Алым экөөбүз андан кийин жолуккан жокпуз. Бирок менин сезимимде дагы деле жашап келе жатат. Жолдошуман кийин эркек аттууну жек көрүп калам го деген ойдо элем. Бирок, Алымга болгон алоо сезимим башкача. Ичимден ойлоп коём, Алым мени ойлонот болду бекен. Кайра бир оюм каршы чыгат, ойлонбой коймок беле. Ал мени сүйөт. Сүйөт деген ойду ойлогонум да ичимден чыккан ысык илеп, бүт денемди каптап кетти.
Быйыл жаз келип, 8-март жакындаганда, кандайдыр бир жакшылыктын илеби мага сезилгендей, жүрөгүм алда кайда алып учуп жатты. Кимдир бирөө жакшы сөз айтчудай туюлат. Быйылкы жаз сөзсүз жакшылыктын жарчысы болот деген ойго жетеленип, маршруттук таксиден түштүм. Үйүмдү көздөй баратып, жол караган мотурайган уулдарымды эстеп, жылмайып алдым. Буйруса жакшылыктар астыда деп алга карай кадам шилтедим.
АЯГЫ