Мирлан Бакиров ЖК депутаты: Апам, ар дайым мен үчүн кам көрөт

Мирлан Бакиров ЖК депутаты: Апам, ар дайым мен үчүн кам көрөт

15.06.2020 Выкл. Автор bulut.kg

“Эне сыйлаган элге жагат ата сыйлаган абийир табат” демекчи, энени урматтаган азаматтардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров тураарына ынандым. Апасы жөнүндө атайын убакыт бөлүп маек куруп берди. Кээ бир кесиптештерине окшоп, мен саясат жөнүндө гана айта алам дебей, апасынын ар бир асыл сапаттарына токтолгону көңүл кубантарлык.                   

           Мирлан мырза, балалыгыңызга саякаттасак?

          — Жакшы болот! Балалыгым, Базар-Коргон районуна караштуу, айтылуу  Арстанбап  жергесине чектеш айылда өттү. Алты айлыгымдан баштап, алтынчы класска окуганыма чейин чоң ата, чоң энемдин колунда тарбияландым. Менин балалыгымдын издери калган айыл ,  Улуу кинорежиссер Дооронбек Садырбаев агабыздын «Махабат дастаны» көркөм тасмасы тартылган,  Кызыл-Үңкүр  айылы деп аталат. Айылымдын кооздугун сөз менен сүрөттөп жеткизе албайм, өлкөбүздөгү эң кооз айылдардын бири экени талашсыз. Жапайы алма, алча токой жана жаңгак токойлорубуз өзүнчө эле керемет. Мен ошондой түркүн килем түспөлдөнгөн тоо боорунда эс тарттым. Чокусунан муз кетпеген тоолорго боордош өскөнүмө кубанам.

         -Ар бир инсан үчүн балалык айтып бүткүс доор болсо керек…

         -Балалык аты айтып тургандай, керемет. Бирок, учурда ошол керемет дүйнөнүн даамын тата албай калган, кээ бир жаш муундарды көрүп, балалыктын табийгый даамын татпай, айылдын ак ниет, ак жүрөк балдары менен баарлашып, кубалашып ойношпой чоңоюп жаткандыгы, албетте ойлонтот.  

         -Айылды сагынсаңыз керек?

         — Айылда өскөн ар биз жаран айыл менен киндиктеш болоору шексиз. Мен айылда, болгондо да тоо боорунда чоңойдум. Айылды сагынган кезде барып турам. Айылым, айылдагы ар бир улуу кичүү замандаштарым мени чын жүрөктөн кабыл алып сыйлашып, тосуп алышат. Чоң атам Бакир айылга алымдуу, сөзү өтүмдүү аксакал эле. Чоң энемдин аты Маржан мени алты айлык бөбөк кезимден баштап, бооруна кысып тарбиялады. Балалыктын керемет дүйнөсүндө акыл айтып, улууну урматтаганды, кичүүнү ызаат кылганды үйрөтө алышты. Айылдаштардын өткөргөн ар бир жакшылыгына мени ала барып көрсөтүшөөр эле. Айылдагы көпчүлүк чогулган жакшылыктардан мен эмнени көрдүм, “Карынын сөзүн капка сал, жаштын сөзүн угуп ал” дегендей карыялардын жаштарга көрсөткөн үлгүлөрүн, айткан кереез кептерин угуп, жүрөгүмө түйүп койчумун.   Менин жеткинчек куракка чейинки «пайдубалымды» чоң атам менен чоң энем куруп берген. Нускалуу карыялардын тарбиясын алып калганыма кубанам жана сыймыктанам. Азыр ал кишилердин көзү өтүп кетти. Бирок эл арасында дагы деле кадырлап, аттары аталып келет. Эми ойлонуп көрсөм, алар мени көпчүлүк менен бирге болуп, калайык менен канатташ өссүн деген тура.

         -Апаңыз жөнүндө эмне айта аласыз?

         -Апам жөнүндөбү, апам жөнүндө айтсам сөз көп. Апам жөнүндө кеп салсам, “Бейиштин төрү эненин таманынын астында” деп айтылат эмеспи. Мен жогоруда айтып кетпедимби, чоң энем мени алты айлыгымдан баштап бакты деп. Мен эки апамды бири-биринен бөлүп карай албайм демекчимин. Маржан чоң энем, эне сүтүн бербесе да элик сүтүн берип, бешик терметип, түйшүгүмдү тартканы үчүн, төрөгөн апамдан кем көрө албайм. Чоң энем, жүз жаштан ашып каза болду. Жүз жыл жашаса да акылынан тайбай, ар бирибизден кеп-кеңешин аябады. Нускалуу жүзүнөн жазбай дүйнө салды. Мени төрөгөн апамдын аты Айсалкын, пейли кенен инсан. Кесиби мугалим. Көптөгөн улан-кыздарга татыктуу тарбия берип, учурда ардактуу эс алууда. Колу берекелүү, жасаган ар бир тамагын мен гана эмес жакындарымдын баары сүйүп жешет. Жогоруда айтпадымбы, мен алтынчы класска чейин Кызыл-Үңкүрдө тарбияланганмын деп. Жетинчи класстан баштап Ноокен районуна өз ата-энемдин колуна келдим. Атам Исакбектин жумушуна байланыштуу ата-энем Ноокенде турушчу. Чынында тоо борунда эркин куш сымал жүргөн мага Ноокенге келүү капаска түшүүдөй сезилди. Ар жума күнү кечинде мага майрам эле, чоң атам Бакир аксакалдын карамагына барарымды эстесем жүрөгүм желедеги кулундай туйлап турчу. Жума күндүн келишин зарыга күтчүмүн.

         -Энелүүлөр картайбайт дегенге кошуласызбы?

         -Айтылган кептин төгүнү жок. Менин жашым кырктын кырынан ашса да мен дале баламын. Апам ар дайым мен үчүн кам көрүп турат. Ыраматылык Маржан апам тирүү кезинде алда мен үчүн көп убайым тартчу. «Баккан бала боор эт менен тең болот» дегендей, сарсанаа болуп эле басып жүрчү. «Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт» деген кептин чындыгы бар тура.

         -Апаңызга сунган алгачкы белегиңиз эсиңиздеби?

         -Ал учурдун мезгил талабы беле, мектептин башталгыч класстарында окуп жаткан кезде, мугалим апабызга арнап атайын түстүү барактардан гүл жасатчу же болбосо сүрөт тарттырчу. Менин апама берген алгачкы белегим өз колум менен жасалган гүл болгон.

         -Окуучулук кезди эстей аласызбы?

         -Эстебегендечи… Эң алгач мектеп босогосун аттап, 1-сентябрга барган күнүм күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Маржан чоң энем апакай көйнөк кийгизип, кыры чыккан кара шым, келишкен портфель көтөртүп, мал сарайдын артында өсүп турган сыя гүлдөн терип берип, мектепке барчу окуучулардын катарына кошкон. Мен болсо окуучу болуп мектепке бара жатканыма эрдемсий катардан калбай баргам. Колумдагы гүлдү болсо өзүмдүн башталгыч класста окуткан эжейиме бергеним эсимде. 

         -Апаңыздын кайсыл тамагын жактырасыз?

         -Бая айтып өттүм, апам чынында тамакты даамдуу жасайт. Кайсыл тамагы болсо деле жактырып жейм.  Өз ата-энемдин колуна барган жылдары башка балдар сыяктуу таттууну өтө тамшана жечүмүн. Апам мага арнап атайын таттуу токочторду, тортторду күнүгө жасачу. Башында мен өтө берилүү менен жеп жүрдүм кийин көңүлүм калдыбы, жебей калдым. Ошондон бери таттууга болгон калоом азайды десем болот.

         -Жигит киши үйлөнгөндө апасы экинчи планда калат дегенге көз карашыңыз кандай?

         -Эми турмуштун агымы ар кандай нерселерге, кайчы ой пикирлерге алып барышы мүмкүн. Бирок менин жеке оюм боюнча биринчи-экинчи же болбосо бешинчи план дебей эле эненин орду бала үчүн эң жогорку даражада турарын баса белгилеп айткым келет. Энесин акыркы планга калтырган кыз-жигиттерге айтар жакшы кебим деле жок.

         -Үй-бүлөңүз жөнүндө учкай кеп?

         -Үй-бүлөлүүмүн. Жубайымдын аты Асел, төрт кыздын бактылуу атасымын.

         -Учурда апаңыз менен карым катнаш кандай?

         -Азыр борбордо турганыма байланыштуу ар айда бир барып, сагыныч таратып турам. Азыр эми замандын агымына ылайык, алысты жакындатчу каражат бар эмеспи. Күн алыс абалын сурап турам.

 Альбина Шадыбекова

Булак: BULUT.KG