Жеңиш Молдокматов Замандаш партиясынын төрагасы “Апам бизди өтө кыйынчылык менен чоңойтту”
11.05.2019Жаш болсо да жигердүү иштерди бүтүрө билген, жашоого болгон өз көз карашы бар, дайыма адамгерчилик бийик сапатынан тайбаган Жеңиш мырза, апасы жана кайрылгыс балалыгы жөнүндө баяндап берди.
Аска тоом кулаганда
Киндик каным тамып, төрөлгөн жерим Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка деген айылы. Бирок атамдын жумушуна байланыштуу Каракол шаа-
рында чоңоюп калдым. Ал кезде атам, Ысык-Көл облусу-
нун Каракол шаарындагы университетте мугалим болуп
эмгектенчү. Атакем капасынан оор ооруга чалдыгып, асыл-
ган оору алмайынча тынбайт дегендей, оору менен үч жыл
алышып жүрүп акыры каза тапты. Атамды жоготкон кезде
мен мектепте үчүнчү гана класста окучумун. Ал эми кенже
иним төрт гана жашта эле. Биз атабызды жоготкон кез өтө
оор мезгилге туш келди. Аска зоо болор атабыз каза болгону
аз келгенсип, бактыбызга Советтик доор ыдырап, чакчеле-
кей түшкөн кезге туш келдик. Эгемен мамлекет болуп, өз
акчабыз сомго ээ болуп, кризис башталып, экономикалык
системага кирүү менен жумушсуздук күч алган мезгил эле.
Алма саткан балалык
Атамды жоготтук. Алты бала менен апам жесир калды.
Чындыгын айтканда башыбыздан кыйынчылык абдан өттү.
Белим ката элек бала экениме карабай апамдын жеңилин
жерден, оорун колдон алганга тырышчумун. Жолдо тамеки,
кыздардын тарактарын саткан күндөр өткөн. Ал мезгилдер-
де гум помоштор көп келчү. Европадан жардамдар келчү.
Беш литрлик челектерде майлар болор эле. Майы бошогон-
до аларды чогултуп алчубуз. Ун салынган каптарды да сат-
чубуз. Эми баарына белгилүү болгондой Ысык-Көл жерге-
синде алма көп эмеспи, алма терип, базардын алыстыгына
карабай сүйрөп барып бир кабын үч сомдон саткан күндөр
болду. Кыскасын айтканда, жашоо шарттын оордугуна кара-
та жашоо менен аябай күрөштүк.
Эненин эмгегин актоо кыйын
Апам, Абасканова Айтбүбү учурда алтымыш беш жашта.
Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куйбышев
айылынын кызы. Апам учурда кичүү иним менен Нарын
жеринде тургандыгына байланыштуу күнүгө бир жолу те-
лефон чалып ден соолугун сурап турам. Эгер чалбай кал-
сам кадимкидей таарынат. Менин оюмча, кандай аракет
жасабайлы баары бир эмгегин актай албасак керек. Себеби
апам, ушунчалык өзүнүн өмүрүн, ден соолугун балдарына
арнап койгон. Кудайга шүгүр учурда менин төрт эжем бир
иним бар. Эжелеримин баары турмуштан өз ордуларын тап-
кан, бала чакалуу. Ушул турмушту көргөзгөн энекеме
абдан ыраазымын. Бейиш эненин таманын-
да деп коёт эмеспи, энем кыйналып турган
учурда эмне үчүн биз чоң эмес болчубуз деп
азыр көп ойлоном. Аттиң ай, биз чоң болсок
абдан жардам бербейт белек деген ойлор
пайда болот. Менин эсимде атам жаңы каза
болгондо энекем олтуруп алып балдарына
көргөзгүсү келбей бекинип алып ыйлачу.
Анткени жалгыз бой эне, оор шартта алты
баланы багуу өтө кыйын эмеспи. Кийин Ка-
раколдон Бишкекке көчүп келдик, апам бир
эле учурда көп жерде иштеди. Бардык эже-
леримди турмушка атабыздын жок экенин
билдирбей татыктуу узатты. Кудай буйруса
азыр баары өз деңгээлинде жакшы жашап
жатышат.
Турмуш бизди чыйралтты
Жашообуз бир калыпка салгандай тиз-
мектелип өтпөдү. Атам эрте кайтыш бол-
гонуна карабай апамдын турмушка болгон
тайманбас көз карашы кайраттуулугу бал-
дары үчүн өзүн отко, сууга салгандыгы, биз
үчүн тынымсыз эмгектенгендиги үчүн биз
жашоодон татыктуу ордубузду таба алдык
деп эсептейм. Энемдин тайманбас эркек
мүнөзү дале да болсо менин эсимде. Учурда
ар дайым апамды эстегенде дал ошол тай-
манбас сапаттары мени кайраттандырып турат. Жумушта
өйдө-төмөн оорчулуктар болуп калса, энемдин турмушка
болгон бекемдигин эстейм. Энемдин кайраттуу сапаты мен-
де камтылса керек.
Эсте калган белек
Алгачкы деп айтпайм бирок менин эсимде калган бе-
легим 9-класс кезимде берген белек болду. Анда Бишкек
шаарында турчубуз. Нан чыгарчу цехте иштечүмүн. Түнү
менен бөлкө нан чыгарабыз. Ал эми таң атпай туруп алып
лепешка жапчубуз. Мен мойнума нан салынган латокту
илип алып нан таратчумун. Үч ай набайкананын ичинде
жашап иштеп, 3000 сом алмакмын, бирок мени эмнегедир
алдап, ошол кезде 900 сом берип коюшкан. 900 сом акча-
ны алып, өзүмө окууга кийим алдым. Ал эми апама жоолук
сатып бердим. Менин биринчи маянамдан берген белегим
болду. Жылуу сезим калтырган апама берген дагы
бир белегим болгон. Мен 11-классты Бишкек шаарынан аяк-
таган соң, Нарынга барып, мектепте иштегем. Ал кезде он
тогуз жашта элем. Англис тилден сабак берчүмүн. Бир жыл
өткөн соң жыйырма жашымда башка мамлекеттерди кыды-
рып кеттим. Эсимде калганы Турция мамлекетине барганда
жоолук алып келип бергем. Жоолукту туура эмес тандап-
тырмын. Тыбыт жоолук алам деп синтетика жоолук сатып алыптырмын.
Үй-бүлөм тирегим
Үй-бүлөлүүмүн. Бир кызым бар. Жубайым экөөбүз кы-
зыбызды тарбиялап жатабыз. Кызым апам менен өтө жакын.
Мектепти аяктаган соң апамды көздөй Нарынга жөнөйт.
Жайкы каникулду өтө жакшы маанайда өткөзүп кайтат. Үй-
бүлөм менин тирегим.
Энемдин байлыгы
Энекемдин эң чоң жетишкендиги баарыбызды жогорку
билимдүү кылды. Ошол энемдин тарбиясынын арты менен
дүйнөнүн баарын дебейм жарымын көрүп келдим. Чын-
дыгын айтуу керек биздин алгачкы фундаментибиз жак-
шы курулган. Атам ыраматылык талапты өтө катуу койгон
киши эле. Экинчи класста Манасты, Семетейди, Сейтекти,
Жаныш-Байыш жана Каныбекти окугам. Атамдын талабы
катуу эле. Бизде үч, төрт алуу деген жок болчу. Энемдин
өзүнүн айтуусу боюнча бул дүйнөдө тапкан байлыктары
балдары бизбиз. Бизди өтө кыйынчылык менен чоңойтту.
Ошондуктан апам аман болуп бардыгыбыздын жакшылык-
тарыбызды көрсө экен деп тилек кылам. Андан кийинки
менин максатым апамды ажылыкка алып баруу. Ак сүтүн
толук актай албасам да, уулдук милдетимди аткарган болом
деген ойдомун.