Жеңеси тажаал кыздын баяны…

Жеңеси тажаал кыздын баяны…

18.08.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Кудай бардык пендесин тегиз  жаратпай, бирин кедей турмушка салса, бирин мансапка чөмүлтүп, сынайт тура. Мен дагы жупуну турмуш кечирген үй-бүлөдө туулуп- өстүм. Өмүр бою эч нерсеге жетпедик.  Айылдагы орто мектепти эптеп-септеп аяктап, ата-энемдин кой-ай дегенине карабай Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине тапшыруу үчүн жөнөдүм. Кудайдын боору оорудубу, же маңдайыма ушундай жазылганбы, айтор, окууга өтүп кеттим. Бирок, жатаканага чыгууга да шартым болбой калды. Ошентип, атамдын аталаш тууганы Калыс агамдын үйүндө жашап калдым. Калыс агам мага жайдары күлө карап, жакшы кабыл  алганы менен жеңем Айнагүл барган күнү эле кабак-башын чытып, “айылдыктардын баарын эле багып албайсыңбы анча болду” деп күйөөсүнө кагынып-силкинип алды. Ага Калыс агам үн катпай, “жеңең экөөң бири-бириңди түшүнүшүп кетерсиңер” деп гана суз жылмая, наркы бөлмөгө кирип кетти. Кызыктын баары ушул күндөн башталды…

  • Атың ким, кара кыз?

—  Жийде…

—      Жийде… – деп мени бутуман башыма чейин сыдыра карап, — чай даярда, чай ичели Жийде! –деп урушкандай катуу сүйлөп, чыгып кетти.

Жаңы эле үйгө келгенимден адатымча эле чай даярдай баштадым. Дасторкон үстүнө муздаткычтагы бар нерсесинин баарын койдум. Текчеде турган жемиштерин жууп, табакка салдым. Чайнектеги чай кайнап, аларды чакырып, чай куюп бердим.

—      Эй кара кыз, агаң чайды сүттөп ичпейт! Бул үйдө сүттү мен эле ичем!

—      Макул… – баарына карандай чай берип, жеңем экөөбүзгө сүттөп чай куйдум.

—      Мен айттым го сага, бул үйдө мен гана сүт менен чай ичем!

—      Сүт куюп бердим го сизге…

—      Эй кыз, сүттү мен гана ичем. Ичкиң келсе, өзүң сатып келип ич! – деп кашыкты мага беттей ыргытты. Чай кашык чекеме тийип, ыйлап жибердим.

Агам тура калып жеңемди сөгүп-сагып баякы бөлмөсүнө сүйрөп кетти. Жеңемдин ачуу үнү чыгып жатты. Аны агам токмоктоп жатканын туюп турдум.

—      Сага мен керекминби же бул бетпак керекпи?

—      Акмак, агамдын кызы сага эмне кылды?

—      Айылдык “мыркалар” биздин үйдө жашабасын!

Ал аялын сабап жатты, мен эки баштыгымды алып, сыртка бутумдун учу менен басып чыгып кеттим. Жол жээгинен маршруткага түшүп, кайдадыр жөнөдүм. Анан бир жерден түшүп калып, андагы аялдамада олтура бердим. Азыр ойлосом, ал жер филармония экен. Муун-жүнүм бошоп, боздоп ыйлап жаттым. Сентябрь айынын биринчи күнү эле. Биздин үй-бүлөнүн бактысын эшек тепкендей, бактысыз элек. Мына, дагы бир жолу далилденди. Таң сүрүлгөнчө ошол жерде олтура бердим. Анан сураштырып олтуруп, окуу жайыма бардым. Үшүп калган экем, кардымдын ачканын сурабагыла… Окуу жайдын алдында агам турган экен. Мен аны көрүп, ордуман жылбай, эки колума бирден баштык көтөргөн калыбымда катып туруп калдым. Ал да бир саамга мени карап, анан акырын басып келди.

—      Жийде, жакшы элесиңби каралдым?

—      Жакшы…

—      Кечир агаңды, таң атканча издедим. Акыры таппай, ушул жерде күтүп олтура бердим. Бүгүн сабакка кирбей эле кой, жүрү үйгө…

—      Мен барбайм…

—      Эмнеге?

—      Жөн эле… барбайм… каалабайм… – деп ыйлап жибердим. Ал бооруна кысып, — шаарга көнгүчөктү биздикинде туруп тур. Кийин батирге чыгарам, жумуш да таап берем. Кечир мени…

Агамдын жетегинде анын машинесине келип олтурдум. Үйүнө келсем, жеңемдин бир көзү көгөрүп, жаак эти шишип калган экен. Кыязы, күйөөсү көргүлүктү көрсөткөн окшойт. Ичимен ыраазы болуп, “эркексиз  Калыс ага” деп койдум.

—      Ии ширин кыз, келип калдыңбы… Кел чай ич, тамак да жасап койдум. Агаң экөөбүз таң атканча сарсанаа болбодукпу, кайда жүрөсүң? – деп эч нерсе болбогондой күлө карап, сүйө карап жылмайды.

Бирок, мунун баары жасалма эле. Агам жумушта жүргөнүндө чачтан ала сабап, оокатын укмуш кылдыртып, каргап-шилеп да жүрдү. Агам келгенде жүз пайызга өзгөрүп, «Ширин кыз, сен олтура бер, бар-жокту өзүм эле жасайм» деп кубулуп кала турган. Ал үйдө бир жыл жашап, экинчи жылы жатаканадан орун алып, кетип калдым.

Жеңемдин мага кылган мамилеси көңүлүмө көк таштай тийди. Андан бери бир нече жыл өтсө да мен муну унута албадым. Азыркы тапта чүйлүк жигитке турмушка чыгып, эгиз уулдуу болдук. Анын студент туугандарын үйгө батырып, “күйөөмдүн кадыры бийик болсун” деп сыйлап, керек болсо курбу-дос болуп келем. Студенттер, колдон келсе тууган-туушкандын үйүндө жашабай эле койгула. Сый эле болгон жакшы экен…

Жийде, Бишкек шаары.

Жазып алган Айбек Нур