Жеке ишкер, «Кыргыз Темир» ЖЧКнын директору Курсанбек Осмонов:  «Акча баарын чечет деген жаңылыштык»

Жеке ишкер, «Кыргыз Темир» ЖЧКнын директору Курсанбек Осмонов: «Акча баарын чечет деген жаңылыштык»

19.05.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Жеке ишкер, «Кыргыз Темир» ЖЧКнын директору Курсанбек Осмонов:  «Акча баарын чечет деген жаңылыштык»

– Жашоо — жол. Курсанбек мырза, балалыктан ишкерликке келген жолуңуз кантип башталды эле?

  • «Баланын ойногонунан казандын кайнаганынан» дегендей, бала чагымдан ишкерликке кызыгуум күч эле. «Жаштын тилегин берет»– деп бекер айтылбаса керек. Кудайга шүгүр, эмнени сурасам баарына жетишип келе жатам. Ишкерликке жолум Оштон башталып, адегенде кичинекей курулуш материал сатчу дүкөн ачкам, тажрыйба топтоп андан соң Бишкекке ачып, ишимди улантып жаткан кезим. Биздин фирма шаарыбыздагы көп кабаттуу үй куруучу курулуш компанияларына сапаттуу материал жеткирүү менен алектенет. Борбор шаарыбыздагы эң алдыңкы курулуш компаниялары менен келишимдин негизинде иштешип жатабыз. Суроо-талап жылдан-жылга көбөйүп, кулачыбыз кенен жайылууда.
  • Азыркы  кезде курулуш тармагы жанданып, ошону менен катар атаандаштык да күчөдү. Мындай учурда сапатка маани берүү зарылдыр…
  • Кандай гана жумуш болбосун, анын ичинде курулуш тармагында да сапатка басым жасалат. Сапаттуу курулуш материал сапаттуу үйдүн кепилдиги боло алат. Биздин фирма шаарыбыздагы көп кабаттуу үй куруучу  фирмаларга сапаттуу материал жеткирүү менен алектенет. Албетте, бизде жоопкерчилик чоң. Ошону менен катар тобокелчилик да абдан чоң, анткени,  90% кардарларга бөлүп төлөө жолу менен келишим түрүндө жеткиребиз.         
  • Курулуш  материалдарын кайдан алып келесиздер? Учурда кардарлардын талабы кандай?
  • Кардарларыбыздын талабын орундатып, сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоону колго алып, Россиянын ири ишканалары менен жылдык келишимдерди түзүп, алып келебиз. Сапат жагынан Россиянын курулуш материалдарында көйгөй жок.
  • Кыргызстанда ишкерлерге түзүлгөн шарттар кандай? Дегеле бүгүнкү күндө ишкерлер эмнеге муктаж?
  • Кыргызстанда ишкерликке шарт 0% десек жанылбайм. Себеби эч бир шарт жок, өз күчүңө гана таянып иштешиң керек. Текшерүүлөр абдан көп, айып пул салуу жана башка айта берсе сөз түгөнбөйт. Бизге качан ишкерлерди  түшүнгөн башчы келет билбейм. Анан да ишкерлер баягы эле каражат маселесине муктаж. 
  • Ишкерликти мындан ары өнүктүрүү багытында кандай пландарыңыз бар?
  • Максат токтогон жерде өмүр токтойт. Адам баласы ар дайым алдыга максат коюп жашайт экенбиз. Кудай буюрса алдыда чоң максаттарым бар. Өндүрүш тармагында иш алып барайын деп ойлонуп жүрөм, бирок бул жаатта чоң каражат талап кылынат. Ошондуктан, баары эле алып сатуу менен алек, Өкмөт женилдетилген каражаттарды бөлүп берсе, бизде өндүрүш дагы өсмөк.
  • Ийгиликтүү ишкер болуу эмнени көп талап кылат?
  • Ийгиликтүү ишкер болуу өзүнчө бир талант деп билем. Анткени иштин көзүн таап, алып кетүү үчүн жаратмандык, көрөгөчтүк керек. Анан, албетте, талбаган аракет, тактык, эмгекчилдик зарыл.
  • Бизнестеги баалуулук эмне?
  • Бизнестеги баалуулук ишин шар жүрүшүп, ошону менен жумушчуларга айлыгын убагында берип, алар дагы иши аркылуу агарып-көгөрсө ошол жетишкендик дейт элем.
  • Байлык да, бийлик да түркүк эмес, сиз үчүн жашоодо эмне маанилүү?
  • Ооба, бул жашоодо акча баарын чечет деген бул жаңылыштык. Жашоодо көрүп-билип жүрөбүз, кээ бирөөгө ушунчалык байлык берген, бирок адамдык сапат жок. Ошондуктан адам байлыктын, акчанын артынан кууп, акчага кул болуудан сактаныш керек, анын арты жакшы эмес деп ойлойм. Мен үчүн жашоодогу маанилүү нерсе – ден соолугум, байлыгым – 93 жаштагы чоң энем,  ата-энем, үй-бүлөм, бир туугандарым, жоро жолдошторум, жакын санаалаштарым.
  • Ойчул ойлонгончо, тобокелчи тоо ашат дейт. Тобокелчилсизби же ойчулсузбу?
  • Туура сөз. Шартка жараша кээде тобокелчиликке да барууга туура келет. Көбүнчө жети өлчөп, бир кесип, ойлонуп иш кылам.
  • Түн бакырдыкы деген топко кошуласызбы же таңкы ырыскыга ашыккан адамсызбы?
  • Чоң атам “таңкы ырыскыдан калба”  деп көп айтчу. Эрте туруп таңды тоссоң күнүң да берекелүү болот.
  • Эр жигиттин жоомарты, берешени жакшы дейт. Тапканыңызды кимдер менен бөлүшөсүз… Башкача айтканда кайрымдуулук иштерине кол сунасызбы?
  • Алган колдон берген кол жакшы дейт. Колдон келсе кайрымдуулуктан эч качан аянбоо керек, Аллахым сенден аянбадыбы, сен дагы колдон келишинче кайрымдуулук кылууну адатка айлантсаң андан кемибейсиң, тескерисинче эки эселеп кайтат. Бир гана нерсе кайрымдуулукту купуя кылган жакшы, элге, коомчулукка жарыя кылыштын кереги жок деп ойлойм.
  • Эр жигит элине, туулуп-өскөн жерине карыз деген жакшы сөз бар. Туулган жериңиз үчүн кандай кам көрүп жатасыз?
  • Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулуп- өстүм. Балалыгым кооз, жашылга боёлгон жашыл тоолордун кучагында, айтылуу Ак-Буура дарыясынын боюнда өттү. “Ар бир адамдын жүрөгүндө кичи мекенинин сүрөтү жашайт” демекчи, киндик кан тамган жерим дайыма көз алдымда, жүрөгүмдө. Туулган жериме эмне кылып жардам берсем деп жашап келем. Көп деле иш кыла элекмин, күчүмдүн жетишинче аракет кылып келе жатам. Буюрса жакшы ой-максаттарым бар, жардам берчү күндөр алдыда.
  • Кандай жашоо образын тандагансыз?
  • Сергек жашоо образын тандагам десем болот. “Спорт ден соолуктун булагы” дегендей спортко кызыгам. Бош убактымда волейбол, бильярд ойноп, ден соолукка кам көрөм.  

Булак: BULUT.KG