Жаңы саясий күчтөр биригишти

Жаңы саясий күчтөр биригишти

10.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

8-июнда Бишкекте коомчулуктун көңүлү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин митингине бурулуп турган кезде андан кем эмес саясий окуя болду — жаңы партия түзүлдү. Бул тууралуу Barometr.kgге жеке булактардан кабарлашты. 

Бүгүн GoldenTulip мейманканасында “ОРДО” деп аталган жаңы саясий партия түзүлдү. Ал коомдук кыймылдардын, уюмдардын жана саясий партиялардын башын бириктирди.   

Жыйындын жыйынтыгы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Биздин булактан кабарлашкандай, тегерек столдун катышуучусу делген жаңы адамдардын бирикмеси Кыргызстандын мындан аркы саясий жашоосуна да  катышмакчы.

 “ОРДО” партиясы менен төмөнкү бирикмелер келишимге кол койду.

“Кыргызстан жаш муун” саясий партиясы

 “Жаңы Доор” саясий партиясы

 “Демократ” саясий партиясы

 Республикалык жаштар бирикмеси

 “Кайыңды биримдиги” коомдук бирикмеси

 «Тоң жаштары» бирикмеси

 “Эгемендик” коомдук бирикмеси

 “Теңир тоо ынтымагы” коомдук бирикмеси

 “АК” кыймылы

 “Сиздин Укук” коомдук кыймылы

Азырынча саясий элита бири-бири менен эсептешип жатканча, саясий аренага жаңы көз караштагы жаңы күчтөр чыгууга даярданууда.

Булак:barometr.kg