Жаңы жылдык эс алууда толуп кетпеңиз…
03.01.2021
Суук аба ырайында сергек болуу жана организмди сууктан коргоо үчүн туура тамактануу сунушталат. Кышындагы пайдалуу тамак – организмди жылыткан жана жеңил сингени. Булар — ысык шорпо, чөп чай, өсүмдүк кайнатмалары. Анткен менен Жаңы жылдан кийинки эс алууда туура тамактанууну унутуп калабыз да, жыйынтыгында ашыкча салмак кошулганын көпчүлүгү айтышат. Челкейген курсак, экинчи ээк күткүңүз келбесе диетологдун эрежелерин сактаңыз.
1. Жашылча-жемиш – бул клетчатка жана витамин, буларсыз зат алмашуу жайлай түшөт, тамак сиңирүү жолунда ыйгайсыздыктар башталат, ич катат. Ошондуктан диетологдор тамак-ашка жашылчаны көп кошууну сунушташат.

2. Кышында күн нурунун таасири да азаят, бул өз кезегинде организмде д витаминдин жетишсиздигине алып келет. Жыйынтыгында адамдын көңүлү чөгөт, болор-болбос нерсеге кыжалат болуп ачуулана беришет. Бат чарчап, алсыз көрүнөт. Ошондуктан болсо керек кубанычтын үлүшүн алуу үчүн таттууга жакын боло түшөбүз. Таттуудан мурда Д витаминдин ордун толуктоо үчүн икра, малдын боорун, жумуртка, жууган май (сливочное масло) пайдалуураак. Ал эми жакшы маанай үчүн таза абада көбүрөөөк болуу кажет.
3. Ырас, кышында суу аз ичилет. Үшүбөс үчүн жылуулукту камсыздайбыз, ошол эле убакта нымдуулукту азайтып жатабыз. Бул нерсе теринин кургаганынан улам байкалат. Муздак суу ичкенден чочуласаңыз, суусундуктун түрүн алмаштырып, күндүз ромашка же имбирь, кечинде жалбыз же мелисса демделген чай ичүү сунушталат. Мындан сырткары суу балансын жашылча-жемиш менен толуктаса болот дешет. Мисалы, бадыраң 95 пайыз, сабиз 87 пайыз, фасоль 75 пайыз суудан турат.
4. Кышкы суукта жылытуучу каражаттардын бири – татымалдар. Калемпир, кардамон, имбирь.
5. Жаңы жылдык дасторконго отурардан мурда же конокко ачка барбай бир кружка жылуу сүткө жарым банан менен бир аш кашыкминдаль майын аралаштырып коктейль ичип алсаңыз ачкалыкты сездирбей ток кылып, тамактарга азыраак кол сунуп каласыз.
6. Адатта тамак ичкенден кийин ыксырап уйку келгендей сезим болору бышык. Эркиңиз жетпей диванга кулаганча сейилдеп келиңиз. Ысык же чаң болсо бир жөн, аба салкын жана таза эмеспи, карга из салып, бетиңизге аяз кызыл белги коюп кеткенче басып келсеңиз утушка ээ болосуз.
7. Таттуудан эч кандай баш тарта албай жатсаңыз, ордун кургатылган как менен алмаштырыңыз. Какта глюкоза көп санда эмес жана минералдуу заттардын, витаминдин кошумча булагы катары ден соолукка пайдалуу.
8. Топук кылган майрамдык даамдардан кийин бир нече күн катары менен капуста сабиз аралашмасынан, же кызылчадан даярдалган салат жегенди адат кылуу кажет.
9. Компоттордон айрыкча алма менен кара өрүктүкү майрамдан кийин организмге оор тамакты иштетүүгө жардам берет.
10. Майлуу тамак, майонез аралашкан аш болумдуу салат, ышталган, куурулган азыктарды, улеводду сиңире албай боор, уйку без менен ашказан кыйналып, организм стресс болуп турган чагы. Абалды жеңилдетиш үчүн кычкылданган суусундук, маселен, лимон кошулган чай же көк чай ичүү сунушталат. Тузду чектөө зарыл.
11. Жаңы жылдык эс алууда толуп кетпейин десеңиз, эртең мененки тамакта ачытылган капустага май кошуп алып жесе да артыкчылыгы бар…
Сания Уланбекова
Булак: BULUT.KG