Жаңгак миң түркүн оорууга даары экенин биле жүр…
11.09.2019Жаңгактын тандалма курамы, адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металдардын (стронций, коргошун ж.б) чыгышына жана башка, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эле жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошуп, кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт. Эркектердин бел кубатын күчөтөт. Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке да ээ экенин да айта кетели. Жаңгактын мындан башка да дарылык касиеттери өтө көп.
Жаңгакты элдик медицинада көп ооруларга колдонуп келет. Анда жаңгактын кандай ооруларга себепчи болоруна көңүл бөлсөк.
Ооруудан кийинки абалда…
Оорудан бир аз сакайгандан кийин, жаңгактын сүтүн даярдап ичсеңиз пайдалуу. Ал үчүн жаңгактын 70гр бүтүн данын алып, 10саат муздак сууга салып коёсуз. Анан суусун төгүп, жаңгакты майдалап, үстүнө жарым литр сүт куюп жай отко кайнатасыз. Жыйырма мүнөт кайнаткан соң оттон чыгарып, сүзүп аласыз да даамына жараша туз кошосуз. Кант же болбосо бал салып ичсеңиз пайдасы зор.
Инфарктан кийинки абалда…
100гр майда талкаланган жаңгактын үстүнө эки аш кашык бал кошулат. Муну үчкө бөлүп, биринчи бөлүгүн эртең менен, экинчи бөлүгүн түштө, үчүнчү бөлүгүн кечинде жеш керек.
Богок жана жатын миомасында…
Жаңгактын ичиндеги данын бөлүп турган жука кабыкчалар болот. Ошондой жука кабыкчалардан 25гр алып, үстүнө 100гр спирт куюп, он күн ачытуу зарыл. Андан кийин күнүгө үч маал тундурмадан жыйырма тамчыдан алып, аны 50гр сууга кошуп ичүү керек. Дарылануу курсу эки ай. Ортодо он күн тыныгуу кажет.
Бел кубатты көтөрүүдө…
100гр жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырабыз. Ар күнү уктаарга үч саат калганда бир аш кашыктан пайдалануу керек. Таасири бир нече күндөн кийин билине баштайт.
Эн бездеринин сезгенүүсүнө тийгизген таасири…
Урук чыктагыч безинин сезгенүүсүндө(простатит) жана эн безинин барсылдагында (киста) жаңгактын ичиндеги жука кабыкчаларынан эки аш кашык алып, үстүнө 300гр кайнаган суу куюп, жыйырма мүнөт жай отко кайнатуу кажет. Андан соң муздатып, үч маал 50гр ичеберсеңиз жардамы тиет.
Урук чыктагыч безинин аденомасы…
Үч аш кашык майдаланган жалбырактын үстүнө 200гр арак куюп, караңгы жерге он төрт күн тыныктырабыз. Тундурма дары даяр. Күнүгө эки маал кырк тамчыдан тамактан мурда ичүү кажет. Ошентип тундурманын баары ичилип бүтөт. Андан соң эки апта тыныгып, кайра тундурма даярдап ичип баштоо керек. Анткени дарылануу үчүн беш курс талап кылынат.
Иммунитетти көтөрүү…
500гр майдаланган жаңгак 300гр бал, 100гр алоэнин ширеси жана төрт лимондун ширеси. Бир стакан арак кошулат. Аралашма бир сутка тыныктырылат. Тамк ичерден жарым саат мурун бир аш кашыктан ичиш керек.
*** Жаңгактын кургатылып майдаланган эки аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө жарым литр кайнатылган суу куюу керек. Дары чайды түнү бою термосто калтырып, 50граммдан төрт маал ичүү керек.
Эс-тутумду калыпка келтирүү…
Эс-тутумду калыпка келтирүү үчүн жаңгак бальзамын жасап алуу керек. 1кр жаңгакка 300гр бал кошуп, ал эми 100гр алоэнин ширесине, 300гр суу кошулуп өзүнчө кайнатып алабыз. Буздаган кайнатмага балга арлашкан жаңгакты кошуп абдан жакшылап аралаштыруу кажет. Дары бальзам даяр. Үч маал бир аш кашыктан колдонуу керек.
Тишти тазалоо…
Быша элек көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө. Тиштин өңү аппак болуп чыга келет. Ошондой эле ооз ичиндеги жагымсыз жыттарды да кетирет.
Сөөлдөн кутулуу…
Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатуу керек. Кайнагандан кийин, тыныктырып кою зарыл. Кайнатма сууган соң сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө селофан коюп таңуу кажет. Бул ыкманы күндүзү деле бир нече жолу жасаса болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү улам кичирейип барып жоголот.
Жаңгак майы…
Жаңгак майы заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору) тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызат.
Жаңгакты кимдерге колдонууга болбойт…
Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге колдонууга болбойт. Ошондой эле гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыю салынат. Анткени жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет.
Булак:Bulut.kg