ЖАШ БОЙДОН КАЛУУНУН 10 ЖОБОСУ
08.06.2019Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, тубөлук жаш болуунун 10 жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмурубуздун узак болушуна жакшы өбөлгө тузө алабыз. Карап көрсөк, жаштыкты сактоо өз колубузда, эркибизде экен. Андыктан аракеттениңиз.
1-ЖОБО
Жеген тамагыңызды көзөмөлдөңуз! Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып аны сиңире албай же аз тамактанып, чала тоют болуп калбаңыз. Анан да ашыкча калориялуу азыктардан оолак болуңуз. Мындай ыкма менен сиз клеткаларыңызды ашыкча жуктөн арылтып, алардын активдуулугун сактайсыз. Мунун натыйжасында жаңы клеткалар жаралат да, организмдин оору менен курөшкөнунө жакшы шарт тузулуп, ар кандай илдеттерден алыс болот.
2-ЖОБО
Тамактануу рационуңуз өзуңуздун жаш курагыңызга туура келгени жакшы. Мисалы, 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке тушө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан өткөн соң сөөкту өз формасында кармоо учун кальцийди жана журөктун жакшы иштөөсунө шарт тузгөн магнийге бай азыктарды, жаңгак, бадам сыяктуу азыктарды колдонгон пайдалуу. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз, сиз журөгуңузду жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.
3-ЖОБО
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, өзунө жаккан, өзу каалаган жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт. Андыктан кесип тандоого өзгөчө көңул буруу талап. Мисалы, дирижөр, музыкант, хореограф, сурөтчу сыяктуу кесиптер тубөлук жаш болууну сактаганга өбөлгө боло алышат.
4-ЖОБО
Карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе бул – суйуу менен назиктик. Андыктан жумасына эки жолу интимдик мамиледе болуп турууну сунушташат окумуштуулар. Анткени жыныстык катнаш учурунда организмден эндорфин гормону бөлунуп чыгып, ал иммунитет системинин жакшырышына шарт тузөт.
5-ЖОБО
Жеке көз карашка ээ болуңуз. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана алардын маанайы чөккөн учурлары аз болот.
6-ЖОБО
Ар убак кыймылда болуңуз! Бир кундө жети мунөт спорт менен машыгуу өмуруңузду узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсушунун гормондору бөлунуп чыгат.
7-ЖОБО
Организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгу температурадан да көз каранды. Андыктан салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз. Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калары далилденген.
8-ЖОБО
Өзуңузду эркелеткенди, рахат тартуулоону унутпаңыз. Эгерде сизге жаңы баштык же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпай, аракет жасаңыз.
9-ЖОБО
Бугуңузду ичиңизге катпай, аны жакындарыңыз менен тең бөлушкөнуңуз туура. Ичке катылган санаа ар кандай ооруларга себеп экенин биле журуңуз. Эл аралык тестирлөөнун жыйынтыгына таянсак, рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы букту ичке катып жургөндөр болуп чыккан.
10-ЖОБО
Мээни иштетуу менен биз журөктун иштешин активдештирип, кан айлануу жана зат алмашууну жакшырта алабыз. Андыктан мээңизди машыктырып, баш катырмаларды табыңыз, кроссворд, сканворд толтуруңуз. Эсептегенде да калькуляторду эмес, мээни колдонуңуз!
МЫНДАН ТЫШКАРЫ…
• Көп нерсени билуугө умтулсаңыз эч нерседен тажабайсыз.
• Тынч жайда уктап, толук кандуу эс алыңыз.
• Өзуңуздун жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдуу болуңуз.
• Өзуңуздун алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.
• Эл менен жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбурөөк баарлашыңыз.
• Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана дайыма кулуп жургөнгө аракет жасаңыз.
• Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам деген ишеничте болуңуз.
• Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жугуртуңуз.
Булак:www.dilbarai.kg