Жаштыктагы кетирилген ката
14.08.2019Биз экөөбүз телефондо тааныштык. Мен кимдир бирөөгө телефон чалып атып, капысынан адашып ага чалдым. Коңур үндүү экен. Бир топко баарлаштык. Телефондун трубкасын койорум менен негедир, бир көрүнбөгөн жылуулук мени жаңы таанышыма карай тартып турду.
Телефондон таанышкандан кийин бат-баттан баарлашып турууну адатка айланттык, көпкө сүйлөшөбүз тим эле эзелки тааныштардай, сөзүбүз бүтпөйт. Эригип жалгыз калганда эле ага телефон чалып тынчын алам. Аты Шумкар экен,таанышканыбызга, көп болсо деле көрүшүүгө шашылган жокпуз.
Арадан айлар өтүп, жай ортолоп калган кезде Шумкар мени бирге тамактанууга чакырды. Негедир чакырууну эч каршылыксыз кабыл алдым. Улам күн кечтеген сайын, күзгүгө каранып, бир башкача болуп өзүмдүн терим тар болуп, толуп-таштым.
Күн уясына батаарына аз калганда, машина менен келип Шумкар мени ээрчитип кетти. Ал мага бир көргөндө эле жакты. Келишкен келбети, узун бою, тармал чачы, капкара кашы, көлдүн өңүндөй көк көзү мени өзүнө арбап алды.
Машинанын арткы орундугун ачып, мени олтургузду да зуулдатып, шаар аралап айдап жөнөдү. Борбордун ортосунан орун алган эң жакшы деген ресторанда экөөбүз тамактанып олтурдук. Аны-муну айтып анегдоттун сазайын берген куудул чалыш экен. Таанышканыбыз үчүн винодон бир аз татып олтуруп кызый түштүм.
Ресторандан сыртка чыкканыбызда түн жарымдан ооп калган экен.
Шумкар, кайда айдайын деди. Укпаган түр көрсөтүп, унчукпадым.
- Астра тоо тарапка барып, эс алып келсек кантет?..
- Мен акырын баш ийкедим.
Машина тоо тарапты көздөп, зуулдап баратат. Мен болсо Шумкардын жанында өзүмдү эбегейсиз бактылуу сезип турдум. Бат эле шаар сыртына чыгып, тоону көздөй бет алдык. Тоонун боорунан ылдый аккан шар суунун жээгине машинаны токтотуп, эс алууга олтурдук. Айлана тим эле сүттөй ак болуп көрүнөт. Айдын толуп турган кези экен. Машинага жөлөнүп, ала келген тамак ашты Шумкар бат эле жайната салды. Винодон ичип, мага да ичирип, кызыктуу олтурдук. Бир кезде Шумкар бүчүлөрүмдү чечип, мени көк шибердин үстүнө жаткызды. “байке кызмын” деп шыбырадым. Мени эркелетип, ээритип өз максатына жетти. Мен “Апа!” деп, кыйкырып, тынч жаткан жаратылыштын коюун бир силкинттим. Менин жапайы үнүмдөн чочуган Шумкар селт эти да “Кызмын десең тиймек эмесмин” дебеспи.
- Айттым го дедим коруна.
- Сен жакшылап айткан жоксуң да. Кыз эмес үчүн, “ээрчип келди” деп ойлодум дегенде ааламым аңтарылды. Эртеден бери кыялымда жасап алган кол тийгис жашыл шаарымды, кимдир бирөө кир колу менен бузуп салгандай денем өрт менен жалынга айланды.
Эки жерде үңкүйүп олтурабыз. Ичимден мага чала деп олтурдум.
Жайдын күнү таң бат атат эмеспи, алыстан сыдырым жел бетти аймалап, көк шибердин аңкыган жыты келет. Көшүлүп уктап бараттым.
Ошол күндөн тарта күн алыс жолугабыз, канча айлар өтсө деле Шумкар негедир үйлөнүү тууралуу ооз ачпайт. Мен айтууга батынбайм. Көрсө Шумкар жалгыз мени менен эле чектелбептир, анда келин-кыздардын тизмеги узун экен. Кызыгы тараган соң мурункудай каттабай калды. Бара-бара күтүүдөн чарчап, кызганычым ашып-ташып жүргөн күндөрүмдө бир айлык боюмда бар экени билинди. Балалуу болорубузду укса Шумкар кубанар деген үмүткө байландым. Жаңылык тууралуу укканда, Шумкардын өңү оңгон чүпүрөктөй өчө түштү.
Араны, жымжырттык ээледи. Бир топто барып,
— Астра “боюңдагыны алдырып сал. Азыр жашсың мен азырынча үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин. Сен деле жашсың бүтүрчү жумуштарың көп, келечегиң астыда” деп жер тиктей сүйлөдү.
Канчадан берки үмүтүм таш каап, Шумкарга деген сезимиме суу себилди. Биринчи төрөтүм болсо алдырып салсам кандай болот деп ойлонуп калдым. Канткенда баланы сактап калам деген ой пайда болду ойго баттым.
Жаныма коңшу болуп бир жигит көчүп келди. Казакстанга барып келип, иштеп турчу. Мени жактырып калганын байкап калдым. Бир күнү ал жигиттин туулган күнү болуп, мени чакырды, каршылыксыз бардым. Түн бир оокумга чейин достору менен көңүлдүү олтурдук. Баары тараган соң, экөөбүз бир төшөккө кулап уктоого кириштик. Мени ошол жерде кандайдыр бир күч бийлеп, жаман оюмду ишке ашыргым келди. Уктап жаткан Таалайдын жанына колумдун учун кесип, канды шейшеке агызып, андан соң эч нерсе билбегенсип, жатып алдым.
Таң атканча ыйлап чыктым. Калпым чыгып шерменде боломбу деген ой мээмди эзе баштады. Коркуп ыйладым. Уйкудан көзүн ачкан Таалай мени көрүп чочуп кетти. Иштин чоо жайын түшүнгөндө бооруна кысып, үйлөнөм деди.
Ошентип, үйлөндүк. Кыздуу болдук. Кызымды жети айлык төрөлдү деп калп айттым, кызымдын чачы тармал көзү көк болуп чыга келди. Таалай маани деле бербейт. Өзүнүн чачы тармал менин көзүм көк үчүн элес албаса керек. Кызымдан кийин эгиз уул-кызым бар. Жашоом жакшы, үй-жайым бар. Бактылуу болсом деле жүрөгүмдүн бир бурчунда өзүмдү жемелөө бар. Качан Таалай билип калат деп, жүрөксүнүү менен жашайм. Таалай кудай берген бир момун пенде.
Тагдырдын буйругубу же жөн гана дал келүүбү Шумкар менен ооруканада кезиктик. Баягы кундуздай чачын ак аралаган, кызарган жүзүнүн өңү өчкөн. Мусапыр кейпи бар.
Кызы ооруп ооруканада даарыланып жатыптыр. Башын төмөн салып үңкүйүп тескери карап турган экен артынан эле тааныдым. Жүрөгүм болк этти. Курган жүрөк тааныды…арадан он жылдан ашык убакыт өтсө да жүрөк унутпаган экен. Шумкардын жанындагы скамейкага жолдошум олтуруп калды. Шумкар мени кечирек байкады да, чочуп кетти. Сүйлөгөнгө дааган жок. Мен болсо Таалайга сүйлөгөн өңдөнүп, башка жакты карадым.
Бир убакта жолдошум телефон менен сүйлөшүп ары басып кетти.
Шумкар мага бурула калып, кандайсың деди.
- Жакшы деп баш ийкеп жолдошум тиги деп ымдап койдум.
- Балдар барбы?
- Ооба үчөө.
- Сендечи дедим.
- Менин бир кызым бар, оорулуу мен да оорулуу болуп калганмын. Эми балалуу боло албаймын деп жер тиктеди Шумкар.
Таалай келип биз ары басып кеттик. Бирок Шумкарга болгон сезимим дале өчпөгөнүн сездим. Кайра өзүмдү колго алып, сени арзып алаканына салган жолдошуңчу деген ой мени арбап турду.
Артыма бурулуп карасам Шумкар ойлуу жер тиктеп басып баратыптыр. Көптөгөн кыздардын убалы жеткен экен. Кудай сени жазалаптыр Шумкар дедим ичимден
Астра. Бишкек шаары.
Булак “Bulut.kg”