Базар-Коргон жаштарынын демилгеси көңүл кубантат
17.08.2020



“Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” деген кептин чындыгы кыйын кырдаалда көрүндү. Биз кыргыз эли башыбызга оорчулук түшкөн кезде бириге калып, биримдик менен оор кырдаалдан татыктуу чыгып, башка улуттарга үлгү боло алдык. Ар бир район, шаар, айыл кыштактардын мекенчил уул кыздары таажы вирус, пандемия учурунда мекендештерибизден колдон келген жардамдарын аяшкан жок. Башкалардан кем калышпай менин кичи мекенимдеги жердештерим да районубузга өз салымын кошуп жатышат.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу, райондук ооруканага ак халатчан дарыгерлерге жана ооруканада жаткан бейтаптарга жардам берүү максатында «Биз коронавирусту биргеликте токтотобуз!» аттуу акция ушул жылдын 15-июлунда башталган. Акциянын демилгечилери Давлет Арзикулов, Туралы Тиленбаев, Бектур Акматов. Акция башталгандан бери, районубуздун атуулдары жана берешен инсандардын жардамы менен бир топ алгылыктуу иштер жүрүүдө. 25кун ичинде Жалпы 547070сом акча каражаты чогулду. Ал каражаттын эсебинен, райондук обсервацияга 55710сомдук керектелүүчү буюмдар, кровать жууркандар сатып алынды. Жалпысынан 110 310 сом жардам көрсөтүлдү. Райондук ТБга (50штатив жасалып берилди) 20,000сомдук. 1даана кислородный концентратор берилди. ЦСМ, күндүзгү стационар жана ГСВларга жалпы 34320сомдук жардам көрсөтүлдү. Райондук СЭСке маска «респиратор N 95»-100шт, медициналык маска 100шт, дезинфекциялоочу аппарат 2шт, камбинзон 30шт жардам көрсөтүлдү. ТБнын мед.кызматкерлерине 16000сом стипендия 8 адамга. Кышкы обсервация ( N63 лицей) 9кубтук септик курууга 18600сом. Курман Айт майрамынын урматтына ЦСМ жана ТБнын 15 санитарка кызматкерлерине 1койдун эти таратылды. Аткарылган иштердин ичинен 88950сомдук жардам уста, сварщиктер тарабынан көрсөтүлдү. Акциянын алкагында тез жардам машиналары учун вулканизациялык бекер тейлөөлөр уюштурулду. 25 кун аралыгында COVID 19 илдетин алдын алуу максатында жалпы 242,580 сомдук жардамдар көрсөтүлдү. Алдыда аткарылуучу жумуштар: Координациялык кеңеш менен макулдашып, кышкы обсервацияга даярдалып жаткан N63 кесиптик лицейге санузел, септик жана башка жумуштары учун 200миң сомдук жумуштар аткарылат. Мындан башка жумуштарда пландалып жатат. Мамлекетибизде болуп жаткан кырдаалга кайдыгер карабастан бир муштумга биригип ынтымактуулугубузду көрсөтүп акцияны колдоп, салым кошуп жаткан мекендештериме рахмат айткым келип, жасалып жаткан иштерди көрүп көзүмө жаш тегеренди. Азаматсыңар жердештер! Кыйын кырдаалда дем-күч берип, “жеңилин жерден, оорун колдон алган” мекенчил уул-кыздарыбыз бар экендиги менен сыймыктанып олтурам. Акциянын уюштуруучуларын бали дейли! Ал эми акцияны колдоп, эл жер үчүн! Аянбаган мекендештерибиз аман болсун! Бул акциядан сырткары көп жардамдар берилип жатыптыр. Аларга эмкиде токтолом
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT. KG