Жашоону татаалдантпаңыз, ансыз да өмүр кыска!

Жашоону татаалдантпаңыз, ансыз да өмүр кыска!

31.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg
  1. Болор-болбос нерсеге таарынып, аны жыйнай бербеңиз – кечиримдүү болууга үйрөнүү зарыл. Бул сапат башкаларга эмес, эң алды сиз үчүн пайдалуу! Кааласаңыз, анчалык жакын болбосо таарынткан адам менен мындан ары байланышты, мамилени азайтып койсо болот, бирок кечирип, таарынычтын тагын тазалап коюңуз.
  2. Мени түшүнбөйт деп балдарга таарынуунун кажети жок. Анткени алар сизди сиз күткөндөй түшүнүш үчүн жашоодо сиз басканчалык жолду басып өтүүгө туура келет дешет даанышмандар. Ортодо абдан чоң аралык бар экенин билиңиз. Эне-бала, ата-бала курдаш эмес го…
  3. Кимдир бирөөгө жакшылык, кайрымдуулук кылып жатып, эч качан жообун күтпөңүз! Айланадагылар сизди мактап, сыйлап, сүйүп турса деп күтпөңүз! Андан көрө майда болсо да аракетиңиздин натыйжасынан же ишиңиздин ийгилигинен рахаттана билүүнү үйрөнүү маанилүү.
  4. Сын айтуу эч кимге пайда алып келбейт. Эреже боюнча сын таккан киши биринчи өзүн коргоп актанууга дайыма камдана берет. Экинчи зыяны – намысына шек келтирет, өзү айткан сындын жообу таарыныч болуп кайтып келет.
  5. Эч ким менен майда-чүйдө маселе үчүн кызыл чеке болуп талашууга барбаңыз. Баары бир ар ким өзүнүкүн туура деп ойлойт. Дүйнөдө талашта бийик болуунун бирден-бир ыкмасы – жол берүү.
  6. Өз башыңызга тиешелүү өткөн чакты айланадагыларга жалпылаштыра айта бербеңиз. Эгер сурабаса, муктаждык болбосо өткөн күндүн сандыгын ачпай эле койгон туура.
  7. Башкалар сизге окшош болуусун күтпөңүз жана талап кылбаганыңыз жөндүү. Керек болсо бир туугандар деле сырткы кебетеси окшош болгон менен аң-сезими, дүйнө таанымы, кабыл алуусу таптакыр окшош болбойт экен. Андыктан ой жүгүртүүнүн, кадамдардын, баалуулуктардын, жашоо образынын ар башкалыгына таң калбаңыз.
    Сания Уланбекова