Жашоодо жакшы адамдар көп болсун!

Жашоодо жакшы адамдар көп болсун!

01.01.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Жакшы адам жаныңызда рубрикасын бүгүн өзгөрткүм келип турат. Бүгүнкү менин кеп кылчу инсандарым мезгилдин, учурдун, быйылкы жылдын каармандары же болбосом баатырлары десем деле жарашчудай, жеке ишкер Алай районунун кулуну Улан Жусупов жана жубайы Айгүл Муратова болмокчу. 2020-жыл Кыргызстанга гана эмес дүйнө жүзү боюнча оор кырдаалды жараткан аты жаман  оору, анын кесепети, өлүм-житим менен коштолгон катаал, ары татаал жыл болду. Пандемия деген балекет алсыз мамлекетибизди ансайын алсыздантып, медицинанын өтө эле күчсүз, мажирөө экенин көрсөтүп койду. Кыйын учурда бийлик башындагылар эмес, кызматтагылар эмес ыктыярчылар, мекенчил жаштар, кайрымдуу адамдар кол сунду. Мамлекетибиз алсыз болгону менен чыгаан уул-кыздардан куру эмес экенбиз деген илгери үмүттүн натыйжасында көп ийгиликтерди багынтып, оор кырдаалдан татыктуу чыга алдык.

Мамлекетибиз алсыз, жарандарыбыз жардамга муктаж болуп турган ошол оор күндөрдө Улан мырзанын Сокулук районунун чок ортосуна атайын карапайым эл үчүнүн, күндүзгү стационар ачканын угуп, барып калдым. Күндүзгү стационар деп ачылганы менен кайрылгандардын көптүгүнөн улам күн-түн иштеп жатканынан кабардар болдум. Оорулууларды көрүп жаным кейиди,  кызыл зонада иштеп жаткан врачтарга жетимиш миң, медайымдарга кырк миңден жеке каражатынан айлык маяна төлөп жатканын угуп бир чети таң калсам, бир эсе ушундай мекенчил уул-кыздарыбыз бар экенине сыймыктанып турдум. Стационарда бардык шарттар түзүлүптүр. Бирок өтө катуу оорулуулардын көп болгондугуна байланыштуу кызыл зонага кирүүгө жол берилген жок. Стационар жөнүндө маалымат каражаттарына маек берүүсүн суранганымда Улан мырза: «Элимдин башына кыйын кырдаал түшкөндө жардам берүү менин жигиттик милдетим. Жасаган ар бир жакшылыгымды жар салгым келбейт, замандаштарымдын кыйналганын көрүү мен үчүн оор, колумдан келсе ар бир мекендешиме жардам берсем дейм. Бирок берген жардамдарымды жар салууну эп көрбөй ар бир жардам Аллахтын ыраазычылыгы үчүн деп билем. Бир колуң  бергенди бир колуң билбесин деген принцип менен жашайм»,- деди.

Улан мырзанын жубайы Айгүл айымга суроо узаттым. Маалымат каражаттарына маек берүүдөн баш тарткан Айгүл айым биз берген жардамдарыбызды соопчулук катары эсептейбиз дейт. Эч кандай пайда көрүүнү же өзүн элге тааныштыргысы, кылган жакшылыгын жар салгысы келбеген Улан мырзанын жубайы Айгүл айымды карап олтуруп, ийгиликтүү эркектин артында сөзсүз күчтүү айым турат деген сөзгө ынандым. Айгүл айым да ар кандай соопчулук иштерге катышып, жакыр үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүнөн кабарым бар.

Жеке ишкерлик менен алектенишип, тигүү цехин иштетишет. Цехте өндүрүлгөн товарлар Россиянын ар кайсыл шаарларына жана коңшу өлкөлөргө таратылат. Жөн гана элим-жерим дегенде жардам берүүгө ашыккан үй-бүлөнү карап олтуруп кантип алкаарымды билбей, толкунданып жолго түшкөм. Таажы вирус, пандемия деген балекеттен бир аз алыстап жай турмушка түштүк. Оор кырдаалда жардам колун сунган жарандарыбызга ар кандай уюмдардан, жеке ишкерлерден, министрликтерден ал гана эмес экс президентибиз Сооронбай Шариповичтин колунан ыраазычылык каттарды, ар кандай сыйлыктарды алган адамдар болду. Сыйлык алгандарды маалымат булактары жарыялап турушту. Бирок сыйлык алгандардын арасында Улан мырза менен Айгүл айымдын көрүнбөгөнү мага негедир өөн учурады. Улан мырза менен Айгүл айым тоодой жакшылыкты жар салгысы келбеген чыгаар, бирок, алардын жасап жаткан жумуштарын, элге кылган кызматын тийиштүү жерлерге жеткирүү райондук администрациянын милдети беле деген ойго токтолдум.

Мына жыл жаңырарга аз убакыт калып баратат. Босогодо турган жаңы жылды утурлай, быйылкы жылда опол тоодой эмгек жасаган адамдарга баш ийип таазим кылып,  жакшыны жакшы, мыктыны мыкты дегим келди!

Альбина Шадыбекова

Булак: Кеңеш KG журналы