Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат

Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат

15.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат.

Жыйын Беларустун төрагалыгында өтөөрү белгилүү болду. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери шериктештик алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар документтерди кабыл алышы пландалууда. Алардын негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык жактан коопсуздукту камсыздоодогу, миграция тармагындагы жана шериктештик алкагында жарандардын шайлоо укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганы айтылды.