Жамила Байсейитова , Сузак районунун Чокмор айылындагы “Элхан” бала бакчасынын жетекчиси: “Заманбап балдарды тарбиялоодо күн сайын изденүү кажет”
12.07.2023Негизи кайсыл гана тармак болбосун, иштин алдыга жылышы өз ишин мыкты билген кесипкөй адис, иш билги жетекчинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болот эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз дагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ийгилик жараткан жетекчилердин бири экендигин баса белгилеп кетмекчибиз.
-Жамила айым, күнүгө балдар менен аралашып жүрүп, алар сиздин бал татым балалыгыңызды эске салбай койбосо керек… Балалыктын издери калган айыл…
- Ооба, балдардын аруу дүйнөсү, алардын бир-биринен өзгөчөлөнгөн кылык-жоругун көрүп балалыкка кайтып баргандай эле болосуң… алар менен баланын тилинде сүйлөшөсүң дегендей… Эбедейиң эзилет! Кайра туруп алардын апасындай кам көрөсүң, дүйнө таанымын кеңейтүү, тарбиянын башаты бакчадан башталат деп бир эсе алардын калыптануусуна жоопкерчилик милдети да турат.
Менин балалыгым айтылуу Аксы жергесиндеги Мукур айылында өткөн. Табияты сүрөткө тартып койгондой кооз болуп, көргөн көздү суктандырган айылыма барганда, албетте, балалыгым эске түшөт. Мен 11 бир туугандын алтынчысымын. Ата-энемдин мээримине бөлөнүп, бир туугандарымдын эркеси болуп чоңойгом.
– “Ар бир кесип ардактуу” дегендей, өзүңүз сүйгөн кесиптин ээси болдуңузбу…
– Бала чагымда атам менин бухгалтер кесибине ээ болушумду каалачу эле. Бирок мен ага кызыкчу эмесмин. Сиңдилерим көп болгондуктан, апама жардам берип, аларды карап, ошондон улам балага мамилем жакын болуп калса керек. Мектепти бүткөндөн кийин Жалал-Абадга келип, мектепке чейинки билим берүү адистигин бүтүргөнмүн. Арийне, мен өзүмдүн сүйгөн кесибиме ээ болдум жана азыркы учурда балдар менен иштөөдө ишимди сүйүп, жоопкерчилигимди сезип ар дайым изденүү менен башкаларга да багыт берип эмгектенип келе жатам деп айтсам болот.
-Учурда бала бакчанын жетекчиси экенсиз. Андыктан бала бакча тууралуу маалымат берсеңиз?
-2021-жылдын сентябрь айында Сузак районуна караштуу Чокмор айылында “Илхам” балдар бакчасына жетекчи болуп дайындалгам. Мен ага чейин ушул бала бакчада өзүмдүн кесибим боюнча тарбиячы болуп иштегем. Жалпысынан, бала бакчада 4 тайпада 104 бала тарбияланып жатат. Тарбиячылар өз бөлмөлөрүндө тиешелүү милдеттерин аркалай натыйжалуу иш алып барууда. Алардын ишмердүүлүгү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Айлык акылары да жогорулагандыктан, ар бири өз иштерин жоопкерчилик менен аткарышат. Учурунда профсоюз тарабынан берилген жолдомолордун негизинде аларды кезеги менен эс алууга жиберип турабыз.
-Эми бала бакчанын жалпы абалы тууралуу токтолуп өтсөңүз?
-2022-жылы Барпы айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөндүктөн, бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жүргүзүлүп, ошону менен бирге эшик-терезенин баары пластикке алмаштырылды. Мамлекет тарабынан керектүү жардам берилип турат. Демөөрчүлөр тарабынан видео-көзөмөл орнотулуп, мобилдик тиркемелер орнотулган. Мындай көрүнүштү биздин бала бакчанын жетишкендиги деп эсептеймин. Балдарга заманбап технологиянын негизинде сабак өтүү боюнча саамалык киргизгем. Азыркы кезде бала бакча муздаткыч, тамак бышыруучу жабдыктар, балдар уктоочу эмеректер менен жетиштүү санда талапка ылайык камсыз болгон. Замандын талабына ылайыктап идиш-аяк, ар бир бөлмөдөгү килем-паластарды жаңырттык. Ата-энелер менен тыгыз байланышта болгонубуздан улам, алар бизге керектүү учурда көмөк көрсөтүшүүдө.
-Ар бир жетекчинин максаттары болот эмеспи, сиздин бала бакчаны өнүктүрүү боюнча кандай асыл ой-максаттарыңыз бар?
-Бала бакчага жылдан-жылга кезекке турган балдардын саны абдан өсүүдө. Ошол үчүн келечекте бала бакчанын имаратын кеңейтүү менен бирге заманбап балдар аянтчасын куруу менин негизги максатым экендигин баса белгилеп кетмекчимин.